1Бул – Ыйса Машайактын аяны. Жакында эмне болорун Өзүнүн кулдарына көрсөтүү үчүн, Кудай Ага ушул аянды берди. Кудай бул аянды Өзүнүн периштеси аркылуу Өзүнүн кулу Жаканга көрсөттү.
2Жакан болсо Кудайдын сөзүн, Ыйса Машайактын күбөлөндүрүүсүн жана өзүнүн көргөндөрүн күбөлөндүрдү.
3Ушул пайгамбарчылыктарды окугандар жана уккандар, ошондой эле аянда жазылганды кармангандар бактылуу, анткени убакыт жакындап калды.
4Асиядагы жети Жыйынга Жакан мындай деп жазат: Азыр бар болуп турган, башынан бери эле бар болгон жана келе жаткан Кудай, Анын тактысынын алдында турган жети рух,
5ошондой эле ишенимдүү күбө, өлгөндөрдүн арасынан биринчи болуп тирилген, жер үстүндөгү падышалардын падышасы болгон Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин! Бизди сүйгөндүктөн, күнөөлөрүбүздү Өзүнүн каны менен жууган,
6бизди Өзүнүн Атасы Кудайга таандык падышалар жана ыйык кызмат кылуучулар кылган Ал түбөлүккө даңкталып, бийлик кыла берсин! Оомийин!
7Мына, Ал булуттар менен келе жатат, Аны бардык көздөр көрөт, Аны найза менен сайгандар да көрүшөт. Жер үстүндөгү бардык элдер Анын алдында боздоп ыйлашат. Ооба, ошондой болот, оомийин.
8Азыр бар болуп турган, башынан бери эле бар болгон жана келе жаткан, бардыгын кармап туруучу Теңир мындай дейт:
9Ыйса Машайактын азап чегүүсүнө, падышачылык кылуусуна жана чыдамкайлык көрсөтүүсүнө ортоктош болгон силердин бир тууганыңар мен, Жакан, Кудайдын сөзү үчүн жана Ыйса Машайак жөнүндө күбөлөндүргөнүм үчүн, Патмос аралында болдум.
10Теңирдин күнүндө мен Рухка толдум. Ошондо мен арка жагымдан сурнайдын үнүндөй болгон катуу үндү уктум, ал үн мындай деп айтты:
11
12Мага сүйлөгөн үн кимдин үнү экенин көрөйүн деп, артымды карадым. Ошондо мен жети алтын чыракты көрдүм.
13Жети чырактын ортосунда Адам Уулуна окшогон бирөө туруптур. Ал узун кийим кийип, көкүрөгүн алтын кемер менен курчап алыптыр.
14Анын башы менен чачы ак жүндөй жана кардай аппак, көздөрү оттун жалынындай,
15буттары меште кызып жаркыраган жездей, үнү суулардын шаркыраган үнүндөй эле.
16Анын оң колунда жети жылдыз бар экен, Анын оозунан эки миздүү кылыч чыгып туруптур. Анын жүзү болсо жаркырап тийип турган күндөй эле.
17Мен Аны көргөндө, Анын бут алдына өлүк сыяктуу жыгылдым. Ошондо Ал менин үстүмө оң колун коюп, мындай деди:
18
19
20