Аян 10:1-11 KYB2004 - Bible AI

1Анан мен асмандан булут жамынып түшүп келе жаткан күчтүү, башка периштени көрдүм. Анын башынан жогору жакта көк желе бар эле. Анын жүзү күндөй жаркырап, буттары оттуу тирөөчтөрдөй болуп турду.

2Анын колунда ачылган китепче бар экен. Ал оң бутун деңизге, ал эми сол бутун кургак жерге коюп,

3арстандын айкырыгындай болгон катуу үн менен кыйкырды. Ал кыйкырганда, жети күн күркүрөө өздөрүнүн үнү менен сүйлөй баштады.

4Жети күн күркүрөө өздөрүнүн үндөрү менен сүйлөп жатканда, мен жазып алмакчы болдум. Бирок асмандан мага: «Жети күн күркүрөөнүн эмне деп сүйлөгөнүн жазба, аны жашырып кой», – деп айткан үндү уктум.

5Бир буту менен деңизде, экинчи буту менен кургак жерде турган, мен көргөн периште оң колун асманга көтөрүп,

6асманды жана андагы бардык нерсени, жерди жана анын үстүндөгү бардык нерсени, деңизди жана анын ичиндеги бардык нерсени жараткан түбөлүк Жашоочунун ысымы менен мындай деп ант берди: «Мындан ары создуктурулбайт.

7Жетинчи периште сүйлөп, сурнай тарткан күндөрдө Кудайдын Өз кулдарына – пайгамбарларына айткан жашыруун сыры ишке ашат».

8Мен асмандан уккан үн мага кайрадан мындай деп сүйлөй баштады: «Бар, бир буту деңизде, экинчи буту кургак жерде турган периштенин колундагы ачылган китепчени ал».

9Ошондо мен периштеге барып: «Мага китепчени бер», – дедим. Ал мага: «Алгын да жегин. Ал сенин карыныңа барганда, ачуу, бирок оозуңда балдай таттуу болот», – деди.

10Мен периштенин колунан китепчени алдым да жедим. Ал менин оозумда балдай таттуу болду, бирок жегенден кийин, карынымда ачуу болуп калды.

11Анан ал мага: «Сен элдер, уруулар, тилдер жана падышалар жөнүндө кайрадан пайгамбарчылык кылууң керек», – деди.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>