Аян 11:1-19 KYB2004 - Bible AI

1Анан мага ченегич камыш таяк берилип, мындай деп айтылды: «Ордуңдан туруп, Кудайдын ийбадатканасын жана курмандык чалынуучу жайды чене, ал жерде табынып жаткандардын санын эсепте.

2Ал эми ийбадаткананын сырткы короосун ченебей эле кой, анткени ал бутпарастарга берилген: алар ыйык шаарды кырк эки ай тебелеп-тепсешет.

3Мен Өзүмдүн эки күбөмө бийлик берем, алар зумбал кийип алып, бир миң эки жүз алтымыш күн пайгамбарчылык кылышат».

4Алар – бүт дүйнө жүзүнүн Кудайынын алдында турган эки зайтун дарагы жана эки шам чырак.

5Эгерде аларга кимдир бирөө зыян келтирүүнү кааласа, анда алардын ооздорунан от чыгып, душмандарын жалмап коёт. Ким аларга зыян келтирүүнү кааласа, ал өлтүрүлүшү керек.

6Пайгамбарчылык кылып жаткан күндөрүндө жер бетине жамгыр жаабашы үчүн, аларда асманды жаап коюу бийлиги бар. Аларда сууларды канга айландыруу жана каалаган убактыларында жерди ар кандай жазалар менен кыйратуу бийлиги бар.

7Күбөлөндүрүп бүтүшкөндөн кийин, түпсүз туңгуюктан чыккан жырткыч алар менен согушуп, аларды жеңет, аларды өлтүрөт.

8Алардын өлүктөрүн каймана мааниде Содом жана Мисир деп аталган улуу шаардын көчөсүнө ташташат. Алардын Теңири да ошол шаарда айкаш жыгачка кадалган.

9Ар бир элден, ар бир уруудан, ар бир тилден жана ар бир улуттан көптөгөн адамдар үч жарым күн алардын өлүктөрүн мүрзөгө коюуга жол бербей, карап тура беришет.

10Жер үстүндө жашап жаткан адамдар алардын өлтүрүлгөнүнө кубанып, шаттанып, бири-бирине белектерди жиберишет, анткени бул эки пайгамбар аларды кыйнашкан эле.

11Бирок үч жарым күндөн кийин аларга Кудайдан өмүр руху кирип, экөө тең орундарынан турушту. Ошондо аларды карап тургандарды чоң коркунуч басты.

12Анан ал экөө асмандан катуу үндү угушту, ал үн аларга: «Бул жакка чыккыла», – деди. Ошондо алар булут менен асманга көтөрүлүп кетишти, душмандары болсо аларды карап турушту.

13Ошол учурда катуу жер титирөө болуп, шаардын ондон бир бөлүгү кулап калды. Жер титирөөдөн жети миң адам өлдү. Калган адамдарды коркунуч басып, асмандагы Кудайды даңкташты.

14Экинчи кайгы өтүп кетти. Мына, үчүнчү кайгы жакындап келе жатат.

15Жетинчи периште сурнай тартканда, асмандан «Бул дүйнөнүн үстүнөн болгон падышачылык биздин Теңирдин жана Анын Машайагынын колуна өттү, Ал түбөлүккө падышачылык кылат» деген катуу үндөр чыкты.

16Кудайдын алдында, өздөрүнүн тактыларында отурган жыйырма төрт аксакал жүзтөмөндөп жыгылып, Кудайга мындай деп табынып жатышты:

17«Азыр бар болуп турган, башынан бери эле бар болгон жана келе жаткан, бардыгын кармап туруучу Кудай-Теңир, биз Сага ыраазычылыгыбызды билдиребиз, анткени Сен Өзүңдүн улуу бийлигиңди колуңа алып, падышачылык тактыңа отурдуң.

18Бутпарастар ачууланышты. Ошон үчүн Сенин Өз каарыңды төгө турган, өлгөндөрдү соттой турган, Өзүңдүн кулдарыңа – пайгамбарларыңа, ыйыктарыңа жана Өзүңдүн ысымыңдан корккондорго, чоңдорго да, кичинелерге да өздөрүнүн тиешесин бере турган, жерди кыйраткандарды жок кыла турган убагың келди».

19Ошондо Кудайдын асмандагы ийбадатканасы ачылып, андан Анын келишим сандыгы көрүндү. Чагылган чартылдап, катуу добуштар чыгып, күн күркүрөп, жер титиреп, мөндүр төктү.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>