Аян 12:1-17 KYB2004 - Bible AI

1Асмандан улуу жышаан: күн жамынган аял көрүндү. Анын бутунун астында ай, башында он эки жылдыздуу таажы бар экен.

2Ал кош бойлуу болгондуктан, төрөт азабынан кыйналып, кыйкырып жатты.

3Асмандан дагы бир жышаан: жети башы, он мүйүзү, жети таажысы бар чоң кызыл ажыдаар көрүндү.

4Ал өзүнүн куйругу менен асмандагы жылдыздардын үчтөн бир бөлүгүн жерге шыпырып түштү. Ажыдаар наристени төрөлөрү менен жеп салуу үчүн, төрөр маалы келип калган аялдын алдына келип турду.

5Аял бардык элдерди темир таяк менен кайтара турган эркек бала төрөдү. Бала Кудайдын жана Анын тактысынын жанына көтөрүлүп кетти.

6Аял болсо чөлгө, Кудай даярдап койгон жерге, качып кетти. Анткени ал жерде ал бир миң эки жүз алтымыш күн багылышы керек эле.

7Анан асманда согуш чыкты: Михаел жана анын периштелери ажыдаарга каршы согушушту, ажыдаар жана анын жин-перилери тигилерге каршы согушушту,

8бирок жеңилип калышты, аларга андан ары асманда орун жок эле.

9Ошентип, чоң ажыдаар – бүткүл ааламды азгырган, шайтан жана ибилис деп аталган байыркы жылан жерге кулатылды, аны менен кошо жин-перилери да кулатылды.

10Анан мен асмандан мындай деп сүйлөгөн катуу үндү уктум: «Биздин Кудайыбыздын куткаруу иши иш жүзүнө ашты, Анын күчү көрүндү, Анын падышачылыгы орноду, Анын Машайагы бийликти колуна алды, анткени биздин бир туугандарыбызды Кудайдын алдында күндүр-түндүр жамандаган ушакчы жерге кулатылды.

11Алар аны Козунун каны менен, өздөрүнүн күбөлөндүрүүсү менен жеңишти. Алар өз өмүрлөрүн аяшкан эмес, өлүмгө баш байлашкан.

12Ошондуктан, асман жана анда жашагандар, кубангыла! Бирок жер үстүндө жана деңизде жашагандарга кайгы! Анткени шайтан өз убагынын аз калганын билип, силерге катуу каары менен түштү!»

13Ажыдаар өзүнүн жерге кулатылганын көргөндө, эркек бала төрөгөн аялдын артынан сая түштү.

14Ошондо чөлдөгү ордуна качып кетиши үчүн, аялга чоң бүркүттүн эки канаты берилди. Ага жыландан алыс жерде бир мезгил, мезгилдер жана жарым мезгил кам көрүлдү.

15Аялды агызып кетиши үчүн, анын артынан жылан өзүнүн оозунан чоң суу коё берди.

16Бирок аялга жер жардам берди. Ал өзүнүн оозун ачып, ажыдаар коё берген сууну жутуп алды.

17Ошондо ажыдаар аялга аябай ачууланып, аялдын башка балдары менен – Кудайдын осуяттарын аткарган, Ыйса Машайактын күбөлөндүрүүсүнө ээ балдары менен согушууга жөнөдү.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>