Аян 13:1-18 KYB2004 - Bible AI

1Мен деңиздин жээгиндеги кум үстүндө туруп, деңизден чыгып келе жаткан жырткычты көрдүм. Анын жети башы, он мүйүзү, мүйүздөрүндө болсо он таажы, ал эми баштарында Кудайды жамандаган ысымдар бар эле.

2Мен көргөн ал жырткыч илбирске окшош экен. Анын буттары аюунукундай, оозу арстандыкындай экен. Ажыдаар ага өзүнүн күчүн, тактысын жана улуу бийлик берди.

3Мен ал жырткычтын бир башынын оор жарадар экенин көрдүм, бирок ал оор жаракат айыгып калды. Бүт жер жүзү таң калып, жырткычтын артынан ээрчиди. Алар жырткычка бийлик берген ажыдаарга таазим кылып жатышты.

4«Бул жырткычка ким тең келе алат? Аны менен ким салгылаша алат?» – деп, алар жырткычка табынып жатышты.

5Ага текеберденип сүйлөгөн жана Кудайды жамандаган ооз берилди, ошондой эле ага өз бийлигин колдонууга кырк эки ай берилди.

6Ошондо ал Кудайды, Анын ысымын, Анын жашаган жайын жана асманда жашагандарды жамандоо үчүн оозун ачты.

7Ага ыйыктар менен согушуп, аларды жеңүүгө жол берилди. Ага бардык уруулардын, элдердин, тилдердин, улуттардын үстүнөн бийлик берилди.

8Жер үстүндө жашагандардын бардыгы, ысымдары дүйнө жаралганда эле союлган Козунун өмүр китебине жазылбаган адамдар ага таазим кылышат.

9Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун.

10Ким бирөөнү туткундаса, ал өзү туткундалат. Ким кылыч менен бирөөнү өлтүрсө, ал өзү да кылычтан өлөт. Бул жерде ыйыктардын чыдамкайлыгы жана ишеними керек.

11Анан мен жерден чыгып келе жаткан башка жырткычты көрдүм. Анын козунукундай эки мүйүзү бар экен, бирок ал ажыдаардай сүйлөйт экен.

12Ал биринчи жырткычтын алдында анын бүт бийлиги менен иш жүргүзүп, бүт жер жүзүн жана анда жашагандардын баарын оор жаракаты айыккан биринчи жырткычка таазим кылууга мажбурлайт.

13Ал улуу кереметтерди көрсөтөт. Атүгүл, адамдардын көз алдында асмандан жер үстүнө от да түшүрөт.

14Ага жырткычтын алдында кереметтерди жасоого бийлик берилген. Ал ошол кереметтери менен жер үстүндө жашагандарды азгырып, аларга: «Кылычтан жаракат алып, бирок тирүү калган жырткычтын айкелин жасагыла», – деп айтат.

15Жырткычтын айкели сүйлөшү үчүн, өз ишин жүргүзүп, өзүнүн айкелине табынбаган ар бир адамды өлтүрүшү үчүн, ага анын айкелине рух киргизүүгө бийлик берилди.

16Ал чоңго да, кичинеге да, байга да, жакырга да, эркин адамга да, кулга да – бардыгынын оң колуна же чекесине белги салдырат.

17Ошондо ушул белги: же жырткычтын ысымы, же анын ысымын билдирген сан коюлбаган адамга сатууга же сатып алууга болбойт.

18Бул жерде акылмандык керек. Кимдин акылы бар болсо, ал жырткычтын санын эсептеп алсын, анткени бул – адамдын саны. Бул сан – алты жүз алтымыш алты.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>