1Анан мен Козунун Сион тоосунда турганын көрдүм. Анын жанында чекелерине Анын жана Атасынын ысымы жазылган жүз кырк төрт миң адам туруптур.
2Анан мен асмандан суулардын шаркыраганындай, күндүн катуу күркүрөгөнүндөй болгон үндү уктум. Мен уккан үн гусли чертип ырдагандардын гуслисинин үнүндөй эле.
3Алар тактынын алдында, төрт тирүү жандыктын жана аксакалдардын алдында жаңы ыр ырдап жатышкандай болду. Ал ырды жер үстүнөн сатылып алынган бул жүз кырк төрт миң адамдан башка эч ким үйрөнө алган жок.
4Булар – аял заты менен булганбагандар, анткени алар аял затына жакындашкан эмес. Алар – Козу кайда гана барбасын, Анын артынан ээрчигендер. Алар – Кудайга жана Козуга арналган, адамдардын арасынан сатылып алынган туңгучтар.
5Алардын оозунан эч кандай жалган сөз чыккан эмес, алар кемчиликсиз.
6Анан мен асмандын ортосунда учуп келе жаткан периштени көрдүм. Ал периштеде жер үстүндө жашаган бардык урууларга жана улуттарга, тилдерге жана элдерге таратыла турган түбөлүктүү Жакшы Кабар бар эле.
7Ал катуу үн менен мындай деди: «Кудайдан корккула, Аны даңктагыла, анткени Анын соттой турган убагы келди. Асман менен жерди, деңиз менен булактарды Жаратканга табынгыла».
8Анын артынан дагы бир периште келе жатты. Ал мындай деди: «Кулады! Улуу шаар Бабыл кулады, анткени ал өзүнүн бузуктугунун ачуу шарабы менен бардык элдерди мас кылган».
9Бул периштенин артынан дагы бир периште келе жатты. Ал катуу үн менен мындай деди: «Ким жырткычка жана анын айкелине табынса, анын белгисин чекесине же колуна койдурса,
10ал Кудайдын каарынын шарабын – Анын каары толтурулган чөйчөктөгү таза шарапты ичет. Ал ыйык периштелердин жана Козунун алдында отко жана күкүрткө күйүп кыйналат.
11Алардын кыйналуусунан чыккан түтүн түбөлүккө көтөрүлүп турат. Жырткычка жана анын айкелине табынгандар, анын ысымынын белгисин койдургандар күн да, түн да тынч ала алышпайт.
12Бул жерде Кудайдын осуяттарын аткарган жана Ыйсага болгон ишенимди сактаган ыйыктардын чыдамкайлыгы талап кылынат».
13Анан мен асмандан сүйлөгөн үндү уктум, ал үн мага мындай деди: «Жаз: “Ушул учурдан баштап, Теңирге таандык болуп өлгөндөр бактылуу. Ооба, – дейт Рух, – алар өздөрүнүн иштеринен эс алышат, иштери алардын артынан барат”».
14Анан мен ак булутту көрдүм. Анын үстүндө Адам Уулуна окшогон бирөө отуруптур. Анын башында алтын таажы, колунда курч орок бар экен.
15Ийбадатканадан бир периште чыгып, булуттун үстүндө отурганга катуу үн менен мындай деди: «Орогуңду шилтеп, оро башта, анткени түшүм жыйноо убагы келди, себеби жер үстүндө эгин бышты».
16Ошондо булуттун үстүндө отурган колундагы орогун жерге шилтеди эле, жер орулуп калды.
17Асмандагы ийбадатканадан дагы бир периште чыкты. Анын колунда да курч орок бар экен.
18Оттун үстүнөн бийлиги бар бир периште курмандык чалынуучу жайдан чыгып, курч ороктууга катуу үн менен мындай деп кыйкырды: «Курч орогуңду ал да, жер үстүндөгү жүзүм шиңгилдерин кес, анткени жүзүм бышты».
19Ошондо периште орогун жерге шилтеди да, жер үстүндөгү жүзүмдү кесип, Кудайдын каары толтурулган жүзүм сыгылуучу жайга ыргытты.
20Жүзүм шаардын сыртындагы жүзүм сыгылуучу жайда тебеленди. Ошондо жүзүм сыгылуучу жайдан аккан кан аттын жүгөнүнчөлүк бийиктикке чейин көтөрүлүп, бир миң алты жүз стадий аралыкка чейин жетти.