Аян 16:1-21 KYB2004 - Bible AI

1Анан мен ийбадатканадан чыккан катуу үндү уктум, ал үн жети периштеге: «Баргыла, Кудайдын жети чөйчөктөгү каарын жерге төккүлө», – деди.

2Биринчи периште барып, өзүнүн чөйчөгүндөгүсүн жерге төктү. Ошондо жырткычтын белгисин койдурган, анын бейнесине табынган адамдарга жугуштуу жана жийиркеничтүү ириңдүү жаралар чыкты.

3Экинчи периште өзүнүн чөйчөгүндөгүсүн деңизге төктү. Ошондо деңиз суусу өлгөн адамдын канындай болуп калды, деңиздеги тирүү жандыктын бардыгы өлдү.

4Yчүнчү периште өзүнүн чөйчөгүндөгүсүн дарыяларга жана булактарга төктү. Ошондо алар канга айланды.

5Анан мен суулардын периштесинин мындай деп сүйлөгөнүн уктум: «Азыр бар болуп турган, башынан бери эле бар болгон Теңир, Сен адилетсиң жана ыйыксың, анткени Сен туура өкүм чыгардың.

6Алар ыйыктардын жана пайгамбарлардын канын төгүштү. Ошон үчүн Сен аларга кан ичирдиң, алар ошого татыктуу».

7Анан мен курмандык чалынуучу жайдан мындай деп сүйлөгөн үндү уктум: «Ооба, бардыгын кармап туруучу Кудай-Теңир, Сенин өкүмдөрүң туура жана адилет».

8Төртүнчү периште өзүнүн чөйчөгүндөгүсүн күнгө төктү. Ошондо күнгө адамдарды от менен күйгүзүүгө бийлик берилди.

9Адамдар катуу ысыкка күйүп, ушул алааматтардын үстүнөн бийлиги бар Кудайдын ысымына тил тийгизип жатышты. Алар тобо кылышкан жок, Аны даңкташкан жок.

10Бешинчи периште өзүнүн чөйчөгүндөгүсүн жырткычтын тактысына төктү. Ошондо анын падышачылыгын караңгылык каптады. Адамдар оор азаптан кыйналып, тилдерин тиштешти,

11өздөрүнүн тарткан азабы жана жаралары үчүн асмандагы Кудайга тил тийгизип жатышты. Алар өздөрүнүн иштери үчүн өкүнүп тобо кылышкан жок.

12Алтынчы периште өзүнүн чөйчөгүндөгүсүн улуу Эфрат дарыясына төктү. Ошондо күн чыгыштан келе турган падышаларга жол даяр болуш үчүн, дарыя соолуп калды.

13Анан мен ажыдаардын, жырткычтын жана жалган пайгамбардын оозунан курбакага окшогон үч таза эмес рух чыкканын көрдүм.

14Бул рухтар – жышаандарды көрсөткөн жиндердин рухтары. Алар бүт дүйнөнүн падышаларына барып, аларды бардыгын кармап туруучу Кудайдын улуу күнүндө боло турган согушка чогултуп келишет.

15«Мен ууру сыяктуу күтүлбөгөн жерден келем. Сергек жүргөн жана жылаңач калып уят болбош үчүн, өзүнүн кийимдерин сактап жүргөн адам бактылуу».

16Ал рухтар падышаларды эврейче Армагедон деп аталган жерге чогултушту.

17Жетинчи периште өзүнүн чөйчөгүндөгүсүн абага төктү. Ошондо асмандагы ийбадатканадагы тактыдан «Аткарылды!» деген катуу үн чыкты.

18Чагылган чартылдап, күн күркүрөп, дабыштар чыгып, катуу жер титирөө болду. Адамдар жер үстүндө жашагандан бери мындай катуу жер титирөө болуп көргөн эмес. Бул ушунчалык катуу жер титирөө эле.

19Ошондо улуу шаар үч бөлүккө бөлүндү, бутпарастардын шаарлары кулады. Өзүнүн каары толтурулган шарап чөйчөгүн берүү үчүн, Кудай улуу Бабылды эсине алды.

20Ошондо аралдардын баары жок болуп кетти, тоолор да жер менен жексен болду.

21Асмандан адамдардын үстүнө салмагы бир талант болгон мөндүр жаады. Ошондо адамдар мөндүр алааматы үчүн Кудайга тил тийгизишти, анткени мөндүр алааматы аябай оор эле.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>