1Жети чөйчөк кармаган жети периштенин бири келип, мага мындай деди: «Бери жакын кел, мен сага көптөгөн суулардын үстүндө отурган өтө бузулган аялдын үстүнөн болгон сотту көрсөтөм.
2Ал аял менен жер үстүндөгү падышалар бузуктук кылышкан, ал аялдын бузуктугунун шарабына жер үстүндө жашагандар мас болушкан».
3Анан ал мени Рух аркылуу чөлгө алып барды. Ошондо мен кыпкызыл жырткычтын үстүндө отурган аялды көрдүм. Жети башы, он мүйүзү бар ал жырткыч Кудайды жамандаган ысымдарга толо эле.
4Аялдын кийими кочкул кызыл жана ачык кызыл кездемеден, жасалгасы алтындан, кымбат баалуу таштардан жана берметтен эле. Ал колуна жийиркеничтүү нерселерге жана өзүнүн бузуктугунун ыпылас иштерине толгон алтын чөйчөк кармап алыптыр.
5Анын чекесинде бир ысым жазылуу эле, жашыруун сыр: «Улуу Бабыл – жер үстүндөгү бузулган аялдардын жана жийиркеничтүү нерселердин энеси».
6Мен бул аялдын ыйыктардын жана Ыйсанын күбөлөрүнүн канына тойгонун көрдүм. Аялды көрүп, мен аябай таң калдым.
7Ошондо периште мага мындай деди: «Эмнеге таң калып жатасың? Мен сага бул аялдын жана аны көтөрүп жүргөн жети баштуу, он мүйүздүү жырткычтын жашыруун сырын айтып берем.
8Сен көргөн жырткыч мурун бар болчу, азыр жок. Ал түпсүз туңгуюктан чыгып, кыйроого учурайт. Жер үстүндө жашагандардын ичинен ысымдары дүйнө жаралгандан тартып эле өмүр китебине жазылбагандар мурун бар болуп, азыр жок болуп кеткен жана келе турган бул жырткычты көрүп таң калышат.
9Бул жерде акылмандык керек. Жети баш – аял отурган жети тоо, ошондой эле жети падыша.
10Алардын бешөө кулаган, бирөө турат, бирөө али келе элек. Ал келгенде, көпкө турбайт.
11Мурун бар болгон, азыр жок болгон жырткыч – сегизинчиси. Ал жетөөнүн бири болуп, кыйроого учурайт.
12Сен көргөн он мүйүз – он падыша. Алар өздөрүнүн падышачылык бийлигин алыша элек, бирок алар падыша катары падышачылык бийликти жырткыч менен бирге бир саатка алышат.
13Алардын ой-максаты бир, алар өздөрүнүн күчүн жана бийлигин жырткычка өткөрүп беришет.
14Алар Козу менен согушушат, бирок Козу аларды жеңет, анткени Ал – теңирлердин Теңири, падышалардын Падышасы. Анын жанындагылар – чакырылгандар, тандалгандар жана ишенимдүүлөр».
15Анан периште мага мындай деди: «Сен көргөн, бузулган аял отурган суулар – адамдар, элдер, уруулар жана тилдер.
16Сен көргөн он мүйүз жана жырткыч бузулган аялды жек көрүп, талап-тонойт, жылаңачтайт. Анын этин жеп, өзүн өрттөп жиберет.
17Анткени Кудай алардын жүрөгүнө Өзүнүн каалоосун аткарууну, Өзүнүн ушул каалоосун аткарууну, Кудайдын сөзү аткарылганга чейин, алардын падышачылыгын жырткычка өткөрүп берүүнү салган.
18Сен көргөн аял болсо – жер үстүндөгү падышалардын үстүнөн бийлик жүргүзгөн улуу шаар».