Аян 18:1-24 KYB2004 - Bible AI

1Ошондон кийин мен асмандан түшүп келе жаткан, улуу бийлиги бар периштени көрдүм. Жер анын даңкы менен жарык болуп турду.

2Ал катуу үн менен мындай деди: «Кулады! Улуу шаар, бузуктук кылуучу Бабыл кулады, ал жиндердин турак жайы, таза эмес рухтардын баш калкалар жайы, бардык арам жана жийиркеничтүү канаттуулардын жашай турган жайы болду. Анткени анын бузуктук кумарынын шарабынан бардык элдер ичип мас болушкан.

3Жер үстүндөгү падышалар аны менен бузуктук кылышкан, анын байлыгы менен бүт жер жүзүндөгү көпөстөр байышкан».

4Анан мен асмандан мындай деп сүйлөгөн башка үндү уктум: «Менин элим, анын күнөөлөрүнө ортоктошуп, анын башына түшө турган алааматтарга кабылып калбашың үчүн, андан чык!

5Анткени анын күнөөлөрү асманга чейин жетти, Кудай анын адилетсиздиктерин эсине алды.

6Ага силерге кылган иштерине жараша тиешесин бергиле, анын кылган иштерине жараша эки эсе тиешесин бергиле. Анын шарап даярдаган чөйчөгүнө аныкынан эки эсе көп шарап даярдап бергиле.

7Ал өзүн канчалык даңктаса, канчалык сайран курса, ага ошончолук азап, ошончолук кайгы тарттыргыла. Анткени ал өз ичинен: “Мен тактыда отурган ханышамын, мен жесир эмесмин. Мен кайгы тартпайм!” – деп айтып жатат.

8Ошон үчүн ага бир күндүн ичинде алааматтар – өлүм, кайгы жана ачарчылык келет. Ал өрттөлөт, анткени аны соттогон Кудай-Теңир күчтүү.

9Аны менен бирге бузуктук кылып жыргалчылык көргөн жер үстүндөгү падышалар анын өртүнөн чыккан түтүндү көрүшкөндө, аны жоктоп, боздоп ыйлашат.

10Анын кыйналганын көрүп үрөйлөрү учкан алар алыста туруп алып мындай дешет: “Башыңа каран түн түштү, улуу шаар, бекем шаар Бабыл! Анткени сенин үстүңөн бир сааттын ичинде өкүм чыгарылды”.

11Бүт жер жүзүндөгү көпөстөр аны жоктоп ыйлашат, анткени алардын дүнүйө-мүлктөрүн:

12алтын менен күмүштөн жасалган буюмдарын, асыл таштарын, берметин, зыгыр буласын, кочкул кызыл жана ачык кызыл кездемелерин, жибектерин, ар кандай жыпар жыттуу жыгачтарын, пилдин сөөгүнөн, эң кымбат жыгачтан, жезден, темирден жана мармардан жасалган ар кандай буюмдарын,

13дарчиндерин, жыпар жыттуу заттарын, миросун, ладанын, шарабын, зайтун майын, ак унун, буудайын, малын, койлорун, аттарын жана арабаларын, кулдарын, адамдардын жандарын эми эч ким сатып албайт.

14“Өзүң жактырган жемиштериң калбай калды, баалуу жана жаркыраган нерселериңдин баарынан ажырадың, эми сен аларды таба албайсың”.

15Ушулардын баары менен соода кылгандар, ушул шаардын аркасы менен байыгандар анын кыйналганын көрүп, корккондорунан жакын бара албай, жоктоп ыйлап, мындай дешет:

16“Башыңа каран түн түштү, зыгыр буласынан, кочкул кызыл жана ачык кызыл кездемеден кийим кийип, алтын менен, асыл таштар жана бермет менен жасалгаланган улуу шаар, башыңа каран түн түштү!

17Анткени ушундай байлык бир сааттын ичинде жок болду”. Кеме башкаруучулар менен кеме жүргүнчүлөрүнүн бардыгы, кемечилер жана деңиз аркылуу соода кылган соодагерлер алыста туруп алып,

18анын өртүнөн чыккан түтүндү карап: “Ушул улуу шаарга тең келген шаар бар беле!” – деп боздошот.

19Алар баштарына күл чачып, боздоп ыйлап: “Башыңа каран түн түштү, улуу шаар! Деңизде кемеси барлардын бардыгы сенин байлыктарың менен байышчу эле! Бир сааттын ичинде кыйрадың”, – дешет.

20Асман, ыйыктар, элчилер жана пайгамбарлар, буга кубангыла, анткени Кудай алардын үстүнөн сот жүргүзүп, силер үчүн өч алды».

21Анан бир күчтүү периште тегирмендин ташындай болгон чоң ташты алып, деңизге ыргытты да: «Улуу шаар Бабыл да ушундай күч менен кулатылат, ал таптакыр жок болот.

22Сенде мындан ары гусли черткендердин, ырчылардын, чоорчулардын жана сурнайчылардын үнү угулбайт. Мындан ары сенде эч кандай уста, эч кандай устачылык болбойт, мындан ары жаргылчактын үнү угулбайт.

23Мындан ары сенде шам чырактын жарыгы жаркырабайт, күйөө менен колуктунун үнү угулбайт, анткени сенин көпөстөрүң бул дүйнөнүн төрөлөрү эле, сенин сыйкырчылыгың менен бардык элдер адашкан.

24Бул шаардан пайгамбарлардын, ыйыктардын жана жер үстүндөгү бардык өлтүрүлгөн адамдардын каны табылган», – деди.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>