1Ошондон кийин мен асмандан көп кишинин үнүндөй болгон катуу үн уктум, ал үн мындай деди: «Кудайды даңктагыла! Куткаруу иши, даңк, урмат-сый жана күч биздин Кудай-Теңирибизге таандык.
2Анткени Анын өкүмдөрү адилет жана акыйкат! Анткени Ал бузуктугу ашынган аялды соттоду. Ал аял жер жүзүн өзүнүн бузуктугу менен бузган. Кудай Өзүнүн кулдарынын каны үчүн андан өч алды».
3Экинчи жолу: «Кудайды даңктагыла! Ал шаардын түтүнү түбөлүк көтөрүлүп турат», – деп айтышты.
4Ошондо жыйырма төрт аксакал жана төрт тирүү жандык жыгылып, тактыда отурган Кудайга таазим кылып: «Оомийин! Кудайды даңктагыла!» – дешти.
5Анан тактыдан мындай үн чыкты: «Кудайдын бардык кулдары, Андан корккондор, чоңдор да, кичинелер да, биздин Кудайды мактагыла!»
6Анан мен топ элдикиндей, суулардын шаркыраганындай жана күндүн катуу күркүрөгөнүндөй болгон үндү уктум. Ал үн мындай деп жатты: «Кудайды даңктагыла! Анткени бардыгын кармап туруучу Кудай-Теңир падышачылык бийликти колуна алды.
7Сүйүнөлү, кубаналы жана Аны даңктайлы, анткени Козунун никелешүү убагы келди, Анын колуктусу өзүн даярдады».
8Ага таза жана жаркыраган зыгыр буласынан кийим кийүүгө укук берилди. Анткени зыгыр кийим – ыйыктардын адилдиги.
9Анан периште мага: «Жаз: Козунун нике тоюна чакырылгандар бактылуу», – деди. Анан ал мага дагы мындай деди: «Бул сөздөр – Кудайдын чындык сөздөрү».
10Ошондо мен ага таазим кылуу үчүн, бутуна жыгылдым. Бирок ал мага: «Мындай кылба. Мен Ыйса Машайактын күбөлөндүрүүсүнө ээ болгон сенин жана сенин бир туугандарыңдын кызматташымын. Кудайга таазим кыл. Анткени Ыйса Машайактын күбөлөндүрүүсү – пайгамбарчылыктын руху», – деди.
11Анан мен ачылган асманды жана ак аттын үстүндө Отурганды көрдүм. Анын ысымы – Ишенимдүү жана Чындык. Ал адилеттүүлүк менен сот жүргүзөт жана адилеттүүлүк менен согушат.
12Анын көздөрү оттун жалынындай, Анын башында болсо көп таажы бар. Анын Өзүнөн башка эч ким билбеген, жазылган ысымы бар.
13Анын кийген кийими канга боёлгон. Анын ысымы – Кудайдын Сөзү.
14Анын аркасынан ак ат минген, ак жана таза зыгыр буласынан кийим кийген асман кошуундары ээрчиди.
15Анын оозунан элдерди кыра турган курч кылыч чыгып туруптур. Ал элдерди темир таяк менен кайтарат. Ал бардыгын кармап туруучу Кудайдын каарынын жана ачуусунун шарабы толтурулган жүзүм сыгылуучу жайды тебелеп жатат.
16Анын кийиминде жана санында Өзүнүн ысымы жазылган: «Падышалардын Падышасы жана теңирлердин Теңири».
17Анан мен күндүн үстүндө турган бир периштени көрдүм. Ал бийик асманда учуп жүргөн бардык канаттууларга мындай деп кыйкырды: «Кудайдын улуу Кечки Тамагына чогулуп келгиле.
18Падышалардын, миң башылардын жана күчтүүлөрдүн этин, аттардын жана аларды мингендердин этин, эркин адамдардын жана кулдардын, чоңдордун жана кичинелердин этин жеш үчүн чогулгула».
19Анан мен жырткычты, жер үстүндөгү падышаларды жана алардын чогулган аскерлерин көрдүм. Алар ат үстүндө Отурган менен, Анын аскерлери менен согушууга чогулушкан эле.
20Ошондо жырткыч жана аны менен бирге жалган пайгамбар колго түшүрүлдү. Ал жалган пайгамбар жырткычтын алдында көрсөткөн кереметтери менен жырткычтын белгисин кабыл алгандарды жана анын бейнесине табынгандарды азгырчу. Ал экөө тең күйүп жаткан күкүрттүү көлгө тирүүлөй ыргытылды.
21Ал эми калгандары ат үстүндө Отургандын оозунан чыккан кылыч менен өлтүрүлүштү. Бардык канаттуулар алардын өлүгүн жеп тоюшту.