1Анан мен асмандан түшүп келе жаткан периштени көрдүм. Анын колунда түпсүз туңгуюктун ачкычы жана чоң чынжыр бар эле.
2Ал шайтан жана ибилис болуп эсептелген байыркы жыланды – ажыдаарды кармап алып, миң жылга чынжырлап койду.
3Миң жыл өткөнгө чейин элдерди азгырбасын деп, ал аны түпсүз туңгуюкка кулатып түшүрүп, камап салды, анан үстүнөн мөөр басып койду. Ал ошондон кийин гана бир аз убакытка бошотулууга тийиш эле.
4Анан мен тактыларды жана аларда отургандарды көрдүм. Аларга сот жүргүзүүгө укук берилди. Ошондой эле мен Ыйсаны күбөлөндүрүшкөнү үчүн жана Кудайдын сөзү үчүн башы алынгандардын жандарын – жырткычка жана анын бейнесине табынбаган, өздөрүнүн чекесине да, колуна да белги койдурбагандарды көрдүм. Алар тирилип, Машайак менен бирге миң жыл падышачылык кылышты.
5Калган өлгөндөр миң жыл өткөнгө чейин тирилишкен жок. Бул – биринчи тирилүү.
6Биринчи тирилүүгө катышкан адамдар – бактылуу жана ыйык адамдар: экинчи өлүм алардын үстүнөн бийлик кыла албайт, алар Кудайдын жана Машайактын ыйык кызмат кылуучулары болушат жана Аны менен бирге миң жыл падышачылык кылышат.
7Миң жыл өткөндөн кийин шайтан камалган жеринен бошотулуп, жердин төрт тарабында жашаган элдерди, Гок менен Магокту азгыруу үчүн чыгат, аларды согушка чогултат. Алардын саны деңиз кумундай көп.
8Алар дүйнөнүн төрт тарабына чыгып, ыйыктардын кошуунун жана Кудайдын сүйүктүү шаарын курчап алышты.
9Ошондо асмандан, Кудайдан от түшүп, аларды өрттөп жиберди.
10Ал эми аларды азгырган шайтан күйүп жаткан күкүрттүү көлгө ыргытылды. Ал жерде жырткыч жана жалган пайгамбар бар. Алар күнү-түнү, түбөлүк кыйналышат.
11Анан мен чоң ак тактыны жана анда Отурганды көрдүм. Анын жүзүнөн асман менен жер качты: аларга орун табылбай калды.
12Ошондо мен тактынын алдында турган өлгөндөрдү – чоңдорду да, кичинелерди да көрдүм. Китептер ачылды. Дагы бир китеп ачылды, ал өмүр китеби эле. Өлгөн адамдар китептерде жазылган өздөрүнүн иштерине жараша соттолушту.
13Ошондо деңиз өзүндөгү өлгөн адамдарды кайрып берди, өлүм жана өлгөндөр жаткан жай да өздөрүндөгү өлгөн адамдарды кайрып беришти. Ар бир адам өз иштерине жараша соттолду.
14Анан өлүм жана өлгөндөр жаткан жай күйүп турган көлгө ыргытылды. Күйүп турган көл – экинчи өлүм.
15Ал эми ким өмүр китебине жазылбаган болсо, ал күйүп турган көлгө ыргытылды.