1Анан мен жаңы асманды жана жаңы жерди көрдүм. Анткени мурунку асман менен мурунку жер жок болгон эле, деңиз да жок болгон.
2Мен, Жакан, ыйык шаарды – жаңы Иерусалимди көрдүм. Ал күйөөсү үчүн жасанган колуктудай даярдалып, асмандан, Кудайдан түштү.
3Анан мен асмандан мындай деген катуу үндү уктум: «Мына, Кудайдын жыйын чатыры адамдар менен бирге. Кудай алар менен жашайт, алар Анын эли болушат. Кудай Өзү алар менен болуп, алардын Кудайы болот.
4Кудай алардын бардык көз жашын аарчыйт. Өлүм деген болбойт. Ый деген, өкүрүк деген, оору деген болбойт, анткени мурункунун баары өтүп кеткен».
5Анан тактыда Отурган мындай деди: «Мына, Мен бардыгын жаңы жаратып жатам». Анан мага мындай деди: «Жаз, анткени бул сөздөр туура жана чындык».
6Анан мага мындай деди: «Аткарылды! Мен Альфамын жана Омегамын, башымын жана аягымын. Суусаганга тирүү суунун башатынан сууну бекер берем.
7Жеңип чыккан адам бардыгын мураска алат, Мен анын Кудайы болом, ал Менин уулум болот.
8Коркоктор жана ишенбегендер, кара ниеттер жана киши өлтүргүчтөр, бузулгандар жана сыйкырчылар, бутка табынуучулар жана бардык жалганчылар күйүп жаткан күкүрттүү көлгө ыргытылышат: бул – экинчи өлүм».
9Акыркы жети алаамат толтурулган жети чөйчөк кармаган жети периштенин бири мага келип: «Жүр, мен сага колуктуну – Козунун үйлөнө турган аялын көрсөтөм», – деди.
10Анан ал мени Рух аркылуу чоң жана бийик тоого алып чыгып, асмандан, Кудайдан түшкөн улуу, ыйык Иерусалим шаарын көрсөттү.
11Ал Кудайдын даңкына толуп турган эле. Анын шам чырагы асыл ташка, кристалл сыяктуу тунук яспис ташына окшош экен.
12Анын чоң жана бийик дубалы, он эки дарбазасы бар эле. Дарбазалардын үстүндө он эки периште, дарбазалардын бетинде Ысрайыл уулдарынын он эки уруусунун аттары жазылыптыр:
13чыгыш тарапта үч дарбаза, түндүк тарапта үч дарбаза, түштүк тарапта үч дарбаза, батыш тарапта үч дарбаза бар экен.
14Шаардын дубалынын пайдубалы он эки таштан турат экен, алардын бетине Козунун он эки элчисинин ысымы жазылыптыр.
15Мени менен сүйлөшкөндүн колунда шаарды, анын дарбазаларын жана дубалын ченей турган алтын таягы бар экен.
16Шаар төрт бурчтук түрүндө эле, анын узундугу менен туурасы бирдей экен. Ал шаарды таяк менен ченегенде, он эки миң стадий болду: узундугу, туурасы жана бийиктиги бирдей.
17Ал анын дубалын да ченеди: периште адамдар колдонгон чен менен ченегенде, бир жүз кырк төрт чыканак болду.
18Анын дубалы яспис ташынан тургузулуптур, шаар болсо тунук айнекке окшош таза алтындан эле.
19Шаардын дубалынын пайдубалы ар кандай асыл таштардан экен: биринчи негизги таш – яспис, экинчиси – сапфир, үчүнчүсү – халкидон, төртүнчүсү – зымырыт,
20бешинчиси – сардоникс, алтынчысы – кызыл агат, жетинчиси – хризолит, сегизинчиси – берилл, тогузунчусу – топаз, онунчусу – сары зымырыт, он биринчиси – гиацинт, он экинчиси – аметист.
21Он эки дарбазасы – он эки бермет. Ар бир дарбазасы өзүнчө берметтен жасалган эле. Шаардын көчөсү – тунук айнек сыяктуу таза алтын.
22Мен ал шаардан ийбадаткананы көргөн жокмун, анткени бардыгын кармап туруучу Кудай-Теңир жана Козу анын ийбадатканасы экен.
23Шаар күндүн да, айдын да жарык кылып туруусуна муктаж эмес экен, анткени аны Кудайдын даңкы жарык кылып турду, анын шам чырагы – Козу Өзү.
24Куткарылган элдер анын жарыгы астында басып жүрүшөт, жер үстүндөгү падышалар өздөрүнүн атак-даңкын шаарга алып келишет.
25Анын дарбазалары күндүз бекитилбейт, анткени ал шаарда түн болбойт.
26Ал шаарга элдердин атак-даңкын жана урмат-сыйын алып келишет.
27Ал шаарга эч бир таза эмес нерсе кирбейт, жийиркеничтүү жана жалган иштерди жасаган эч бир адам кирбейт, ысымы Козунун өмүр китебине жазылгандар гана киришет.