1Анан ал мага Кудайдын жана Козунун тактысынан агып чыгып жаткан өмүр суусунун кристаллдай тунук дарыясын көрсөттү.
2Анын көчөсүнүн ортосунда, дарыянын аркы тарабында да, берки тарабында да өмүр дарагы өсүп туруптур. Ал ай сайын, бир жылда он эки жолу жемиш берет экен. Анын жалбырактары элдерди айыктырууга арналыптыр.
3Ал шаарда каргышка калган эч нерсе болбойт. Ал жерде Кудайдын жана Козунун тактысы болот, Ага Өзүнүн кулдары кызмат кылышат.
4Алар Анын жүзүн көрүп турушат, алардын чекесинде Анын ысымы жазылуу болот.
5Ал жерде түн болбойт, алар шам чырактын жарыгына же күндүн жарыгына муктаж болушпайт, анткени Кудай-Теңир Өзү алардын үстүнөн жаркырап турат. Алар түбөлүккө падышачылык кылышат.
6Анан ал мага мындай деди: «Бул сөздөр туура жана чындык, ыйык пайгамбарлардын Кудай-Теңири жакында эмне боло тургандыгын Өзүнүн кулдарына көрсөтүү үчүн, Өзүнүн периштесин жиберди».
7
8Мен, Жакан, ушуну көрдүм жана уктум. Мен муну уккандан кийин жана көргөндөн кийин, мага ушуну көрсөткөн периштеге таазим кылуу үчүн, бутуна жыгылдым.
9Бирок ал мага мындай деди: «Мындай кылба, анткени мен сенин, сенин бир туугандарың болгон пайгамбарлардын жана ушул китептеги сөздөрдү сактагандардын кызматташымын. Кудайга таазим кыл».
10Анан ал мага мындай деди: «Бул китептеги пайгамбарчылыктарга мөөр басып бекитпе, анткени убакыт жакындап калды.
11Адилетсиз иштерди жасаган адам адилетсиз иштерин жасай берсин, ыпылас адам ыпылас иштерин жасай берсин. Ал эми адил адам адил иштерин жасай берсин, ыйык адам ыйыктала берсин».
12
13
14
15
16
17Рух менен колукту: «Кел!» – дешет. Муну уккан да: «Кел!» – десин. Суусаган келсин, каалоочу өмүр суусун бекер эле алсын.
18Мен, Жакан, бул китептеги пайгамбарчылыктарды уккан ар бир адамга эскертемин: ким аларга бир нерсе кошо турган болсо, Кудай ага бул китепте жазылган алааматтарды кошуп берет.
19Ким бул пайгамбарчылыктар жазылган китептеги сөздөрдөн бир нерсе алып салса, Кудай андан өмүр дарагындагы жана ыйык шаардагы үлүшүн, ошондой эле бул китепте жазылган үлүшүн алып коёт.
20Муну күбөлөндүрүүчү мындай дейт:
21Биздин Теңирибиз Ыйса Машайак бардыгыңарга ырайымын төгө берсин!
Оомийин.