Аян 4:1-11 KYB2004 - Bible AI

1Ошондон кийин мен өйдө карап, асмандын эшиги ачылганын көрдүм. Мен мурун уккан, сурнайдын үнүндөй болгон, мага сүйлөгөн үн мындай деди: «Бул жакка чык, Мен сага мындан кийин эмне болушу керек экендигин көрсөтөм».

2Ошол замат мен Рухка толдум. Ошондо мен асманда такты турганын, тактыда Бирөө отурганын көрдүм.

3Анын көрүнүшү яспис жана акак таштарындай экен. Ал эми тактыны көрүнүшү зымырыт ташындай болгон жаа тегерете курчап турат экен.

4Ал тактынын тегерегинде жыйырма төрт такты бар экен. Ал тактыларда үстүлөрүнө ак кийим, баштарына алтын таажы кийген жыйырма төрт аксакал отурганын көрдүм.

5Такты тараптан чагылган чартылдап, күн күркүрөп, катуу дабыштар чыгып жатты. Ал эми тактынын алдында Кудайдын жети руху болгон жети чырак жалындап күйүп туруптур.

6Тактынын алдында кристаллга окшогон, тунук айнектей болгон деңиз, тактынын ортосунда жана тегерегинде алды-арты бүт көз болгон төрт тирүү жандык бар экен.

7Биринчи жандык арстанга, экинчиси торпокко, үчүнчүсүнүн бети адамдыкына, төртүнчүсү болсо учуп бара жаткан бүркүткө окшош экен.

8Төрт тирүү жандыктын ар биринин алтыдан канаты бар эле, ал эми алардын тула бою көзгө толо эле. Алар күнү-түнү тыным албастан: «Башынан бери эле бар болгон, азыр да бар болуп турган, келе жаткан, бардыгын кармап туруучу Кудай-Теңир ыйык, ыйык, ыйык!» – деп жатышты.

9Бул тирүү жандыктар тактыда отурган, түбөлүк жашоочу Кудайды даңктап, Ага урмат көрсөтүп, ыраазычылык билдиришкен сайын,

10жыйырма төрт аксакал тактыда Отургандын алдына жыгылып, түбөлүк Жашоочуга таазим кылып, таажыларын тактынын алдына коюп, мындай деп жатышты:

11«Теңир, Сен даңкталууга, урматталууга жана бийлик кылууга татыктуусуң, анткени бардыгын Сен жараттың, бардыгы Сенин каалооң менен жаратылып, бар болуп турат».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
>