Аян 5:1-14 KYB2004 - Bible AI

1Анан мен тактыда Отургандын оң колунан эки бетине тең жазылган, жети мөөр басылган түрмөк китепти көрдүм.

2Ошондой эле күчтүү периштени көрдүм, ал: «Мөөрлөрдү алып таштап, китепти ачууга ким татыктуу?» – деп, катуу үн менен сурап жатты.

3Бирок асманда да, жерде да, жер астында да ал китепти ачууга, анын ичин кароого эч ким табылган жок.

4Ошондо мен ал китепти ачып окууга, атүгүл, анын ичин кароого татыктуу эч ким табылбагандыгы үчүн аябай ыйладым.

5Ошондо аксакалдардын бири мага мындай деди: «Ыйлаба, мына, Жүйүт уруусунан, Дөөттүн тукумунан чыккан Арстан жеңип чыкты. Мына Ошол жети мөөрдү алып таштап, китепти ача алат».

6Анан мен тактынын, төрт тирүү жандыктын жана аксакалдардын ортосунда мууздалган сыяктуу Козу турганын көрдүм. Анын жети мүйүзү жана жети көзү бар экен. Алар – Кудайдын бүт дүйнөгө жиберген жети руху.

7Ошол Козу келип, тактыда Отургандын оң колунан китепти алды.

8Ал китепти алганда, төрт тирүү жандык жана жыйырма төрт аксакал Козунун алдына жыгылышты. Алардын ар биринде гусли жана жыпар жыттуу затка толгон алтын чөйчөктөр бар эле. Ал чөйчөктөрдөгү жыпар жыттуу зат – ыйыктардын сыйынуусу.

9Анан алар мындай жаңы ыр ырдашты: «Сен китепти алууга, анын мөөрлөрүн ачууга татыктуусуң, анткени Сен мууздалдың, Өз каның менен ар бир уруудан, ар бир тилден, ар бир элден жана ар бир улуттан бизди Кудайга сатып бердиң.

10Бизди Кудайыбызга падышалар жана ыйык кызмат кылуучулар кылдың. Биз жер үстүндө падышачылык кылабыз».

11Анан мен тактынын, тирүү жандыктардын жана аксакалдардын тегерегинен көптөгөн периштелерди көрдүм, алардын үндөрүн уктум. Алар миң-миңдеп, миң-түмөндөп саналат экен.

12Алар катуу үн менен: «Мууздалган Козу бийликке жана байлыкка, даанышмандыкка жана кудуретке ээ болууга, урматталууга, даңкталууга жана макталууга татыктуу», – деп айтып жатышты.

13Ошондо мен асмандагы жана жердеги, жер астындагы жана деңиздеги, бүт дүйнө жүзүндөгү тирүү жандыктардын баарынын: «Тактыда Отурган жана Козу түбөлүккө макталсын, урматталсын, даңкталсын жана бийлик кыла берсин!» – деп айтышканын уктум.

14Ошондо төрт тирүү жандык: «Оомийин», – дешти. Жыйырма төрт аксакал болсо жерге жыгылып, түбөлүк Жашоочуга таазим кылды.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
>