Аян 6:1-17 KYB2004 - Bible AI

1Анан мен Козунун жети мөөрдүн биринчисин ачканын көрдүм. Андан кийин төрт тирүү жандыктын биринин күндүн күркүрөгөнүндөй болгон үн менен: «Келип кара», – дегенин уктум.

2Мен барып карап, ак ат чыкканын көрдүм. Аны минип тургандын жаасы бар экен. Ага таажы берилди. Ал жеңүүчү катары жеңүү үчүн чыкты.

3Ал экинчи мөөрдү ачканда, экинчи тирүү жандыктын: «Келип кара», – дегенин уктум.

4Ошондо жээрде ат чыкты. Адамдар бири-бирин өлтүрүшү үчүн, ал атты минип турганга жер үстүнөн тынчтыкты алып салуу укугу берилди. Анан ага чоң кылыч берилди.

5Ал үчүнчү мөөрдү ачканда, мен үчүнчү тирүү жандыктын: «Келип кара», – дегенин уктум. Карасам, кара ат чыкты, аны минип тургандын колунда тараза бар экен.

6Ошондо мен төрт тирүү жандыктын ортосунан мындай деп сүйлөгөн үндү уктум: «Бир ченем буудай бир динарий, үч ченем арпа бир динарий болсун, ал эми май менен шарапка кол тийгизбе».

7Ал төртүнчү мөөрдү ачканда, төртүнчү тирүү жандыктын: «Келип кара», – дегенин уктум.

8Карасам, боз ат чыкты, аны минип тургандын ысымы «Өлүм» экен. Анын артынан өлгөндөр жаткан жай ээрчип алыптыр. Ага жердин төртүнчү бөлүгүн кылыч жана ачкачылык менен, жугуштуу оору жана жырткычтар менен өлтүрүүгө бийлик берилди.

9Ал бешинчи мөөрдү ачканда, мен курмандык чалынуучу жайдын алдынан Кудайдын сөзү үчүн жана өздөрүнүн күбөлөндүрүүсү үчүн өлтүрүлгөн адамдардын жандарын көрдүм.

10Алар үндөрүн бийик чыгарып, мындай деп кыйкырып жатышты: «Ыйык жана чыныгы Эгедер, качанкыга чейин сот жүргүзбөйсүң, качанкыга чейин биздин каныбыз үчүн жер үстүндө жашагандардан өч албайсың?»

11Ошондо алардын ар бирине ак кийим берилди жана аларга: «Кызматташтарыңар менен бир туугандарыңар да силердей болуп өлтүрүлүп, белгиленген санды толуктаганга чейин, дагы бир аз убакыт тынчтана тургула», – деп айтылды.

12Ал алтынчы мөөрдү ачканда, карасам, катуу жер титирөө болду, күн зумбал сыяктуу карарды, ай кан сыяктуу кызарды.

13Катуу шамалдан анжыр дарагынын быша элек мөмөлөрү күбүлүп түшкөн сыяктуу, асмандагы жылдыздар жерге түштү.

14Асман да түрүлгөн кагаз сыяктуу түрүлүп жок болду. Бардык тоолор, бардык аралдар ордунан жылды.

15Жер үстүндөгү падышалар да, башчылар да, байлар да, миң башылар да, күчтүүлөр да, кулдар да, эркин адамдар да үңкүрлөргө жана капчыгайларга жашынып,

16тоолорго жана аскаларга: «Yстүбүзгө кулап, бизди тактыда Отургандын жүзүнөн жана Козунун каарынан жашыра көргүлө.

17Анткени Анын каары төгүлө турган улуу күн келди, ага ким туруштук бере алат?» – дешти.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
>