Аян 7:1-17 KYB2004 - Bible AI

1Андан кийин мен жердин төрт бурчунда турган төрт периштени көрдүм. Алар жерге, деңизге, бир да даракка шамал тийбесин деп, жердин төрт тарабынын шамалын кармап турушуптур.

2Анан мен чыгыштан көтөрүлүп келе жаткан, колунда тирүү Кудайдын мөөрү бар башка периштени көрдүм. Ал жерге жана деңизге зыян келтирүүгө буйрук алган төрт периштеге катуу үн менен мындай деди:

3«Кудайыбыздын кулдарынын чекелерине биз мөөр басканга чейин, жерге да, деңизге да, дарактарга да зыян келтирбегиле».

4Анан мен мөөрлөнгөндөрдүн санын уктум: Ысрайылдын бардык урууларынан мөөрлөнгөндөрдүн саны жүз кырк төрт миң экен.

5Жүйүт уруусунан он эки миң адамга, Рубейин уруусунан он эки миң адамга, Гат уруусунан он эки миң адамга,

6Ашыр уруусунан он эки миң адамга, Напталы уруусунан он эки миң адамга, Менаше уруусунан он эки миң адамга,

7Шымон уруусунан он эки миң адамга, Леби уруусунан он эки миң адамга, Исахар уруусунан он эки миң адамга,

8Забулун уруусунан он эки миң адамга, Жусуп уруусунан он эки миң адамга, Бенжемин уруусунан он эки миң адамга мөөр басылыптыр.

9Ошондон кийин карасам, ар бир уруудан, ар бир улуттан, ар бир элден, ар бир тилден эч ким санай алгыс, эбегейсиз көп адамдар тактынын жана Козунун алдында ак кийим кийип, колдоруна курма пальмасынын бутагын кармап турушуптур.

10Алар үндөрүн бийик чыгарып: «Тактыда отурган биздин Кудайдан жана Козудан куткарылуу келет!» – деп айтып жатышты.

11Бардык периштелер тактыны, аксакалдарды жана төрт тирүү жандыкты тегеректеп алып, тактынын алдына жүзтөмөндөп жыгылып, Кудайга мындай деп табынып жатышты:

12«Оомийин! Алкыш, даңк, даанышмандык, ыраазычылык, урмат-сый, күч-кубат жана кудурет түбөлүккө биздин Кудайыбызга таандык! Оомийин».

13Анан аксакалдардын бири сөз баштап, менден: «Бул ак кийимчендер кимдер, булар кайдан келишкен?» – деп сурады.

14Мен ага: «Сен аны билесиң, мырза», – деп жооп бердим. Ошондо ал мага мындай деди: «Булар – улуу кайгыдан келгендер. Алар өздөрүнүн кийимдерин жуушкан, алар өздөрүнүн кийимдерин Козунун канына агартышкан.

15Ошон үчүн алар азыр Кудайдын тактысынын алдында туруп, Анын ийбадатканасында Ага күнү-түнү кызмат кылып жатышат. Тактыда Отурган алардын арасында жашайт.

16Алар эми эч качан ачка болушпайт, суусашпайт, аларды күн жана эч кандай ысык куйкалабайт.

17Анткени аларды тактынын ортосундагы Козу кайтарып, тирүү суунун башатына алып барат. Кудай алардын бардык көз жашын аарчыйт».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
>