Аян 8:1-13 KYB2004 - Bible AI

1Козу жетинчи мөөрдү ачканда, асманда жарым саатча тынчтык өкүм сүрдү.

2Андан кийин мен Кудайдын алдында турган жети периштени көрдүм, аларга жети сурнай берилди.

3Анан башка бир периште келип, курмандык чалынуучу жайдын алдына турду. Анын колунда жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү алтын чөйчөк бар экен. Ага көп жыпар жыттуу зат берилди. Анткени ал аны бардык ыйыктардын сыйынуулары менен бирге тактынын алдында турган, алтындан жасалган курмандык чалынуучу жайдын үстүнө коюшу керек эле.

4Жыпар жыттуу заттардын түтүнү ыйыктардын сыйынуулары менен бирге периштенин колунан Кудайдын алдына көтөрүлдү.

5Анан периште жыпар жыттуу заттар түтөтүлүүчү чөйчөктү алды да, аны курмандык чалынуучу жайдагы от менен толтуруп, жерге ыргытып жиберди. Ошондо катуу дабыштар чыгып, күн күркүрөп, чагылган чартылдап, жер титиреди.

6Анан жети сурнайы бар жети периште сурнай тартууга даярданды.

7Биринчи периште сурнай тартканда, жерге кан аралаш мөндүр жана от түштү. Ошондо дарактардын үчтөн бир бөлүгү өрттөндү, көк чөптүн баары күйүп кетти.

8Экинчи периште сурнай тартканда, жалындап күйүп жаткан чоң тоо сыяктуу бир нерсе деңизге кулады. Ошондо деңиздин үчтөн бир бөлүгү канга айланды.

9Деңизде жашаган тирүү жандыктардын үчтөн бир бөлүгү өлүп, кемелердин үчтөн бир бөлүгү кыйрады.

10Yчүнчү периште сурнай тартканда, асмандан шам чырактай күйгөн чоң жылдыз түштү. Ал дарыялардын үчтөн бир бөлүгүн жана булактарды басып калды.

11Бул жылдыздын аты «Эрмен» эле. Ошондо суунун үчтөн бир бөлүгү уулуу болуп калды. Бул суудан көп адамдар өлүштү, анткени суу ачуу болуп калган эле.

12Төртүнчү периште сурнай тартканда, күндүн, айдын жана жылдыздардын үчтөн бир бөлүгү кыйрады. Ошондо алардын үчтөн бир бөлүгү караңгыланып, күндүзгү убактын да, түнкү убактын да үчтөн бир бөлүгү жарыгы жок болуп калды.

13Анан мен асмандын ортосунда учуп келе жаткан бүркүттү көрдүм жана анын катуу үн менен мындай дегенин уктум: «Жер үстүндө жашап жаткандарга кайгы, кайгы! Үч периште тарта турган калган сурнайлардын үнү чыкканда, алардын башына кайгы түшөт!»

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
>