Аян 9:1-21 KYB2004 - Bible AI

1Бешинчи периште сурнай тартканда, мен асмандан жерге түшкөн жылдызды көрдүм. Ал жылдызга түпсүз туңгуюктун ачкычы берилди.

2Ал түпсүз туңгуюкту ачканда, чоң мештен түтүн чыккансып, андан түтүн чыкты. Түпсүз туңгуюктан чыккан түтүндөн улам, аба карарып, күн көрүнбөй калды.

3Ошондо түтүндөн жер үстүнө чегиртке чыкты, ага жер үстүндөгү чаяндыкындай бийлик берилди.

4Ал чегирткеге мындай деп айтылды: «Жер үстүндөгү чөпкө, эч бир өсүмдүккө, эч бир даракка зыян келтирбе, чекесинде Кудайдын мөөрү жок адамдарга гана зыян келтир».

5Ага аларды өлтүрүүгө эмес, беш ай кыйноого гана уруксат берилди. Чаян чакканда адам кандай кыйналса, анын кыйноосу да ошондой эле.

6Ошол күндөрдө адамдар өлүмдү издешет, бирок таба алышпайт; алар өлүмдү каалашат, бирок өлүм алардан качып кетет.

7Чегирткенин сырткы көрүнүшү согушка даярдалган аттардай эле. Анын баштарында алтын таажыларга окшогон нерселер бар эле, анын беттери болсо адам баласынын бетиндей эле.

8Чачтары аялдын чачындай, тиштери арстандын тишиндей эле.

9Анын кийгени темир соотко окшогон сооттор эле, ал эми канаттарынын шуулдоосу согушка бара жаткан, көп атка чегилген арабалардын калдыраганына окшош эле.

10Анын чаяндыкындай куйруктары, куйруктарында болсо уусу бар эле. Ага адамдарды беш ай кыйноого бийлик берилди.

11Анын падышасы туңгуюктун периштеси эле. Ал периштенин аты эврейче Абадон, ал эми грекче Аполион экен.

12Биринчи кайгы өтүп кетти. Мына, анын артынан дагы эки кайгы келе жатат.

13Алтынчы периште сурнай тартканда, мен Кудайдын алдында турган, алтындан жасалган курмандык чалынуучу жайдын төрт мүйүзүнөн чыккан бир үндү уктум.

14Ал үн сурнай кармап турган алтынчы периштеге: «Улуу Эфрат дарыясынын боюнда байланып турган төрт периштени бошот», – деди.

15Ушул жылга, ушул айга, ушул күнгө жана ушул саатка даярдалган төрт периште адамдардын үчтөн бир бөлүгүн өлтүрүү үчүн бошотулду.

16Атчан аскерлердин саны эки жүз миллион экенин уктум.

17Ошентип, мен көрүнүштө аттарды жана аларга мингендерди көрдүм. Атчандардын оттой кызыл, кара көк жана күкүрттөй сары сооттору бар эле. Аттардын баштары арстандын башындай эле. Алардын ооздорунан от, түтүн жана күкүрт чыгып турду.

18Алардын ооздорунан чыккан бул үч жазадан – оттон, түтүндөн жана күкүрттөн адамдардын үчтөн бир бөлүгү кырылды.

19Анткени бул аттардын күчү ооздорунда жана куйруктарында эле. Алардын куйруктары жыландарга окшош эле. Жыландардын баштары бар болчу, ошолор менен зыян келтиришчү.

20Бул үч жазадан өлбөгөн адамдар болсо жиндерге жана өздөрүнүн колу менен алтындан, күмүштөн, жезден, таштан, жыгачтан жасалган, көрбөгөн, укпаган, баспаган кудайларга табынышканы үчүн өкүнүп тобо кылышкан жок.

21Алар өздөрүнүн киши өлтүрүшкөнү үчүн да, сыйкырчылык кылышканы үчүн да, ойноштук кылып нике бузушканы үчүн да, уурулук кылышканы үчүн да өкүнүп тобо кылышкан жок.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
>