Башкаруучулар 1:1-36 KYB2004 - Bible AI

1Жашыя көз жумгандан кийин, Ысрайыл уулдары Теңирден: «Канаандыктар менен согушууга бизден ким биринчи болуп барат?» – деп сурашты.

2Теңир аларга: «Жүйүт барат. Мен жерди анын колуна берип жатам», – деди.

3Жүйүт болсо өзүнүн бир тууганы Шымонго: «Мени менен бирге согушканы бар, канаандыктар менен согушабыз. Анан мен сени менен бирге согушканы барам», – деди. Ошентип, Шымон аны менен кетти.

4Жүйүт согушка жөнөдү. Теңир канаандыктар менен периздиктерди алардын колуна салып берди. Ошентип, алар Безекте алардын он миң адамын кырышты.

5Безекте алар Адону-Безек менен беттешип, салгылашып, канаандыктар менен периздиктерди талкалашты.

6Адону-Безек качып жөнөдү, бирок алар артынан кууп жетип, кармап алышты да, анын колу менен бутунун баш бармактарын кесип салышты.

7Ошондо Адону-Безек: «Колдору менен буттарынын баш бармактары кесилген жетимиш падыша менин үстөлүмдүн астынан күкүм терип жешчү. Мен кандай кылсам, Кудай мени так ошондой жазалады», – деди. Аны Иерусалимге алып келишти, ал ошол жерде өлдү.

8Жүйүттүн уулдары Иерусалимге каршы согуш ачып, аны багынтып, элин кылычтап кырып, шаарды өрттөп жиберишти.

9Анан Жүйүттүн уулдары тоодо, түштүктө жана ойдуң жерлерде жашаган канаандыктар менен согушууга жөнөштү.

10Анан Жүйүт Хеброндо жашаган (Хеброндун мурунку аты Кирийат-Арба болчу) канаандыктарга кол салып, Шейшайды, Акиманды, Талмайды өлтүрдү.

11Ал жерден ал Дебирдин тургундарына каршы жөнөдү. Дебирдин мурунку аты Кирийат-Сейпер болчу.

12Ошондо Калеп: «Ким Кирийат-Сейперди талкалап, аны басып алса, ага кызым Аксаны аялдыкка берем», – деди.

13Ал жерди Калептин иниси Кеназдын уулу Отниел басып алды. Калеп ага кызы Аксаны аялдыкка берди.

14Кыз узай турган болгондо, Отниел ага атаңдан жер сура деп үйрөтүп койду, ошондо ал эшектен түштү. Калеп кызынан: «Сага эмне керек?» – деп сурады.

15Акса атасына: «Батаңды бер, сен мага түштүк жерин бердиң, суу башаттарын да бер», – деди. Калеп кызына жогору жактагы башатты да, төмөн жактагы башатты да берди.

16Мусанын кайын атасы кейни Итронун уулдары Жүйүттүн уулдары менен Курма шаарынан чыгып, Араттын түштүгүндөгү Жүйүт чөлүнө барышты да, эл арасына отурукташып калышты.

17Жүйүт бир тууганы Шымон менен барып, Сепатта жашаган канаандыктарды кыйратты. Ошондон улам бул шаар Хорма деп аталып калган.

18Жүйүт ошондой эле Азаны, Ашкелонду, Экронду тегерек-чети менен басып алды.

19Теңир Жүйүт менен болду, ал тоо аймагын ээлеп алды. Бирок өрөөндө жашагандарды кууп чыга алган жок, анткени алардын темирден жасалган майдан арабалары бар эле.

20Муса айткандай, Калепке Хебронду беришти. Калеп ал жерден Анактын үч уулун кууп чыкты.

21Бирок Иерусалимде жашаган жебустуктарды Бенжемин уулдары кууп чыгышкан жок. Жебустуктар Бенжемин уулдары менен Иерусалимде бүгүнкү күнгө чейин бирге жашашат.

22Ошондой эле Жусуптун уулдары да Бейтелге каршы аттанышты, Теңир алар менен болду.

23Жусуптун уулдары Бейтелди карап чыгышты (шаардын мурдагы аты Луз эле).

24Сакчылар шаардан келе жаткан адамды көрүп, ага: «Бизге шаарга кире турган жерди көрсөтүп берсең, сага ырайым кылабыз», – дешти.

25Ал шаарга кире турган жерди көрсөтүп берди, алар шаарды кылычтап кыйратышты да, тиги кишини урук-туугандары менен коё беришти.

26Ал киши хеттиктердин жерине барып, шаар куруп, аны Луз деп атады. Ал бүгүнкү күнгө чейин ошондой аталат.

27Менаше Бейт-Шейанда, Таанахта, Дордо, Иблейемде, Мегидодо жана алардын карамагындагы шаарларда жашаган элдерди кууп чыккан жок. Ошентип, канаандыктар ошол жерлерде кала беришти.

28Ысрайыл күч алганда, канаандыктарга салык төлөтүп койду, бирок аларды кууп чыккан жок.

29Эпрайым да Гезерде жашаган канаандыктарды кууп чыккан жок. Канаандыктар алардын арасында, Гезерде жашап калышты.

30Забулун да Китрон менен Налолдун тургундарын кууп чыккан жок. Канаандыктар алардын арасында жашап, салык төлөп калышты.

31Ашыр да Аконун, Сидондун, Аклаптын, Аказиптин, Хелбанын, Апиктин жана Рехоптун тургундарын кууп чыккан жок.

32Ашыр ушул жерлерде жашаган канаандыктардын арасында жашап калды, анткени аларды кууп чыккан жок.

33Напталы да Бейт-Шемештин, Бейт-Анаттын тургундарын кууп чыккан жок. Ал ушул жерлерде жашаган канаандыктардын арасында жашап калды. Бейт-Шемеш менен Бейт-Анаттын тургундары ага салык төлөп калышты.

34Аморлуктар Дан уулдарын өрөөнгө түшүрбөй, тоого сүрүп салышты.

35Аморлуктар Херес тоосунда, Айалондо, Шаалбимде жашап калышты, бирок Жусуптун уулдары аморлуктарды багындырып алышты. Аморлуктар аларга салык төлөп калышты.

36Аморлуктардын жери Акрабым дөңсөөсүнөн жана Селадан жогору карай кетет.

icle>