Башкаруучулар 11:1-40 KYB2004 - Bible AI

1Бузулган аял төрөгөн, Гилаттын баласы гилаттык Иптах тайманбас адам эле.

2Аялы да Гилатка эркек балдарды төрөп берди. Аялы төрөгөн балдар эр жеткенде, Иптахты: «Сен биздин атабыздын үйүндө мураскор эмессиң, анткени сени бөлөк аял төрөгөн», – деп кууп жиберишти.

3Иптах бир туугандарынан качып барып, Тоб деген жерде жашап калды. Иптахтын тегерегине бекерпоз кишилер топтолуп, аны ээрчип жүрүшчү.

4Бир нече убакыттан кийин амондуктар ысрайылдыктарга каршы согуш ачышты.

5Амондуктар менен ысрайылдыктар согушуп жаткан учурда Гилаттын аксакалдары Тоб жеринен Иптахты алып кетиш үчүн келишип, Иптахка:

6«Бизге келип, жол башчы бол, амондуктар менен согушабыз», – дешти.

7Ошондо Иптах Гилаттын аксакалдарына: «Мени жектеп, атамдын үйүнөн кууп жибербедиңер беле?! Мага эмнеге келдиңер, башыңарга кыйынчылык түшкөндө келип калдыңарбы?» – деди.

8Гилаттын аксакалдары болсо Иптахка: «Сага келгенибиздин себеби мындай: биз менен барып, амондуктар менен согуш, бизге – Гилаттын бардык тургундарына башчы бол», – дешти.

9Иптах Гилаттын аксакалдарына: «Эгерде амондуктар менен согушуу үчүн кайра барсам, Кудай аларды менин колума салып берсе, мен силерге башчы болуп каламбы?» – деди.

10Гилаттын аксакалдары Иптахка: «Теңир күбө, сен айткандай кылабыз», – дешти.

11Ошентип, Иптах Гилаттын аксакалдары менен жөнөп кетти, эл аны өзүнө башкаруучу жана аскер башчы кылып алды. Иптах айтчу сөздөрүнүн баарын Миспада, Теңирдин алдында айтты.

12Анан Иптах амондуктардын падышасына төмөнкү сөздөрдү айттырыш үчүн, элчилерин жөнөттү: «Биздин жерге кол салгыдай, биз сага эмне кылдык?»

13Амондуктардын падышасы Иптахтын элчилерине: «Ысрайылдыктар Мисирден келе жатканда, Арнондон тартып Жабок менен Иорданга чейинки жеримди тартып алышкан. Эми аны мага тынчтык менен кайтарып бер», – деди.

14Ошондо Иптах амондуктардын падышасына экинчи жолу элчилерин жөнөттү.

15Ага мындай деп айттырды: «Иптах мындай дейт: “Мааптыктар менен амондуктардын жерлерин ысрайылдыктар тартып алган эмес.

16Анткени Ысрайыл Мисирден келе жатканда, чөлдөн өтүп, Кызыл деңизге, анан Кадешке келген.

17Ал жерден ысрайылдыктар Эдом падышасына чабарман жөнөтүп: "Сенин жериңен өтүүгө уруксат бер", – деп айттырган, бирок Эдом падышасы укпай койгон. Мааптыктардын падышасына да чабарман жөнөткөн, ал да макул болгон эмес, ошондуктан ысрайылдыктар Кадешке токтоп калышкан.

18Анан ысрайылдыктар чөл менен жүрүп отуруп, эдомдуктар менен мааптыктардын жерлерин айланып өтүп, Маап жеринин чыгыш чек арасына келип, стандары менен Арнондун аркы өйүзүнө жайгашкан, бирок мааптыктардын жерине киришкен эмес, анткени Арнон мааптыктардын чек арасы болчу.

19Анан Ысрайыл аморлуктар менен Кешпондун падышасы Сихонго элчилерин жөнөтүп: "Өз жерибизге силердин жериңер аркылуу өтүп кетүүгө уруксат бергиле", – деп айттырган.

20Бирок Сихон Ысрайылды өз жеринен өткөрүүгө макулдугун берген эмес. Сихон бардык элин чогултуп, стандарын Жааска жайгаштырып, Ысрайыл менен согушкан.

21Ысрайылдыктардын Кудай-Теңири Сихонду бүт эли менен ысрайылдыктардын колуна салып берген. Ысрайылдыктар аларды талкалап салышкан. Ал жерде жашаган аморлуктардын бүт жерин Ысрайыл мурастап алган.

22Алар ошондой эле Арнондон Жабокко чейинки, чөлдөн Иорданга чейинки аморлуктардын бардык жерин мурастап алышкан.

23Ысрайылдыктардын Кудай-Теңири Өз эли Ысрайылдын алдынан аморлуктарды кууп чыгарган. Сен эми Ысрайылдын мурасын алгың келип турабы?

24Сен өзүңдүн кудайың Кемош берген жерге ээ эмессиңби? Биз болсо өзүбүздүн Кудай-Теңирибиз мураска берген жерге ээбиз.

25Сен, эмне, мааптыктардын падышасы Сипордун уулу Балактан артыксыңбы? Ал, эмне, Ысрайыл менен чатакташты беле же аны менен согушту беле?

26Ысрайылдын Кешпондо, Аройерде жана аларга караштуу шаарларда, Арнондун боюндагы шаарларда жашаганына үч жүз жыл болду. Ал жерлерди силер эмне үчүн ошол учурда тартып алган жоксуңар?

27Мен сенин алдыңда айыптуу эмесмин, сен мага каршы согуш ачып, жамандык кылып жатасың. Ысрайыл уулдары менен амондуктардын ортосунда соттоочу Теңир азыр Өзү Сот болсун”».

28Бирок амондуктардын падышасы Иптахтын айттырган сөзүнө кулак салган жок.

29Иптахтын үстүнө Теңирдин Руху түштү. Иптах Гилат менен Менашеден, Гилаттын Миспасынан өтүп, амондуктарга жөнөдү.

30Ошондо Иптах Теңирге мындай деп убада берди: «Эгерде Сен амондуктарды менин колума салып берсең,

31анда мен амондуктардан тынчтык менен кайтып келе жатканда, үйүмдүн дарбазасынан, алдыман эмне чыкса, ал Сеники болот, Теңир, аны мен бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалам».

32Анан Иптах амондуктар менен салгылашканы кетти. Теңир амондуктарды анын колуна салып берди.

33Иптах аларды талкалады; Аройерден Минитке чейинки жана Абел-Керемимге чейинки жыйырма шаарды катуу талкалады. Амондуктар Ысрайыл уулдарына багынып беришти.

34Иптах Миспага, үйүнө кайтып келе жатканда, алдынан дап кагып бийлеп, кызы чыкты. Ал анын жалгыз кызы эле, андан бөлөк эркек баласы да, кызы да жок болчу.

35Ал кызын көргөндө, кийимин айрып жиберип, мындай деди: «Аттиң ай, кызым! Сен мени азапка салбадыңбы! Менин тынчтыгымды буза тургандардын эсебине сен да кирип калдың! Теңирге убада берип койбодум беле, эми андан баш тарта албайм».

36Кызы ага: «Атаке! Теңирге убада берип койсоң, Теңир сен аркылуу душмандарың амондуктардан өчүңдү алып берип жаткандан кийин, мен жөнүндө берген убадаңды аткар», – деди.

37Анан дагы атасына: «Сенден бир гана нерсени суранам, мени эки айга коё бер. Теңтуш курбуларым менен тоого чыгып, кыз өмүрүмдү жоктоп ыйлап алайын», – деди.

38Атасы: «Бара кой», – деди. Ал кызын эки айга коё берди. Ал курбу кыздары менен тоого чыгып, кыз өмүрүн жоктоп ыйлады.

39Эки ай өткөндөн кийин, кыз атасына кайрылып келди. Атасы кызы тууралуу берген убадасын жүзөгө ашырды, кызы эркек көргөн жок. Ошондон тартып Ысрайылда мындай салт калды:

40жыл сайын Ысрайыл кыздары барып, гилаттык Иптахтын кызы үчүн төрт күн ыйлашат.

ticle>