1Ысрайыл уулдары кайрадан Теңирдин алдында жаман иштерди кыла башташты. Теңир аларды кырк жылга пелиштиликтердин колуна салып берди.
2Ошол кезде соралык Манойах деген адам болгон, ал Дан уруусунан эле. Аялынын боюна бүтпөгөндүктөн, балалуу болгон эмес.
3Теңирдин периштеси анын аялына келип, мындай деди: «Сенин боюңа бүткөн жок, бала төрөгөн жоксуң, эми боюңа бүтүп, уул төрөйсүң.
4Ошондуктан сак бол, шарап да, күчтүү ичимдик да ичпе, таза эмес нерсе жебе.
5Анткени сенин боюңа бүтүп, уул төрөйсүң. Анын башына устара тийбесин, анткени жатында жаткандан баштап эле наристе Кудайдын назири болот. Ал Ысрайылды пелиштиликтердин колунан куткара баштайт».
6Аял келип, күйөөсүнө мындай деди: «Мага көрүнүшү даңктуу, Кудайдын периштесиндей болгон Кудайдын бир адамы келди, ал абдан коркунучтуу экен. Анын кайдан келгенин сурабай калыптырмын, ал да мага атын айткан жок.
7Ал мага: “Сенин боюңа бүтүп, уул төрөйсүң. Ошондуктан шарап да, күчтүү ичимдик да ичпе, таза эмес нерсе жебе, анткени наристе жатында жаткандан баштап өлгөнгө чейин Кудайдын назири болот”, – деди».
8Манойах Теңирге: «Теңир, Сен жөнөткөн Кудайдын адамы бизге дагы бир жолу келип, төрөлө турган баланы эмне кылышыбыз керек экенин үйрөтүп кетсин», – деп сыйынды.
9Кудай Манойахтын үнүн укту. Аялы талаада жүргөндө, Теңирдин периштеси дагы келди, бирок күйөөсү Манойах жанында жок эле.
10Аялы ошол замат жүгүрүп барып, күйөөсүнө кабарлады: «Баягыда мага келген адам келди».
11Манойах ордунан туруп, аялы менен ал адамга келди да, ага: «Бул аял менен сүйлөшкөн адам сенсиңби?» – деди. Периште: «Менмин», – деди.
12Манойах: «Эгерде сенин айтканың аткарыла турган болсо, ал баланы кантебиз, эмне кылабыз?» – деди.
13Теңирдин периштеси Манойахка мындай деди: «Мен сенин аялыңа эмнени айтсам, ошонун баарынан сактансын.
14Жүзүмдөн жасалган эч нерсени жебесин, шарап да, күчтүү ичимдик да ичпесин, таза эмес нерсе жебесин. Мен аялга буйругандын баарын сактасын».
15Манойах Теңирдин периштесине: «Бир улак союп, сага тамак даярдагыча, кетпей тур», – деди.
16Теңирдин периштеси Манойахка: «Мени токтотконуң менен, баары бир тамагыңды жебейм. Эгерде бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалгың келсе, анда аны Теңирге арнап чал», – деди. Манойах болсо анын Теңирдин периштеси экенин билген жок.
17Манойах Теңирдин периштесине: «Атың ким? Айтканың аткарылганда, сени даңктайлы», – деди.
18Теңирдин периштеси ага: «Менин атымды сурап эмне кыласың? Ал керемет!» – деди.
19Манойах улак менен нан курмандыгын Теңирге арнап, таштын үстүндө курмандыкка чалды. Теңирдин периштеси керемет көрсөттү, аны Манойах менен аялы көрдү.
20Курмандык чалынган таштын үстүндөгү оттун жалыны асманга көтөрүлө баштаганда, Теңирдин периштеси курмандык чалынуучу жайдын үстүндөгү жалын менен кошо асманга көтөрүлдү. Муну көргөндө, Манойах жана аялы жерге жүзтөмөндөп жыгылышты.
21Теңирдин периштеси Манойахка жана анын аялына көрүнбөй калды. Ошондо Манойах анын Теңирдин периштеси экенин билди.
22Анан Манойах аялына: «Биз Кудайды көрдүк, эми өлөбүз», – деди.
23Аялы күйөөсүнө: «Эгерде Теңир бизди өлтүргүсү келсе, анда биздин колубуздан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен нан курмандыгын кабыл алмак эмес, азыр бизге мунун баарын көрсөтүп, ачып бермек эмес», – деди.
24Аялы уул төрөп, атын Шимшон койду. Наристе чоңоё берди. Теңир ага батасын берип жатты.
25Сора менен Эштаулдун ортосундагы Дандын станында Теңирдин Руху ал аркылуу иштей баштады.