1Шимшон Тимнатага барып, Тимнатадагы Пелишти кыздарынын ичинен бир кызды көрдү.
2Ал келип, атасы менен энесине: «Мен Тимнатадагы Пелишти кыздарынын ичинен бир кызды көрдүм, мага ошол кызды алып бергиле», – деп кабарлады.
3Атасы менен энеси ага: «Сүннөткө отургузулбаган пелиштиликтерден аял алганы барам дегидей, бир туугандарыңдын, бүткүл элимдин арасында кыз жок бекен?» – деди. Шимшон атасына: «Ошол кызды алып бер, мен аны жактырып калдым», – деди.
4Атасы да, энеси да бул Теңирден экенин, ал пелиштиликтерден өч алуунун ыңгайлуу учурун издеп жатканын билишкен жок. Ошол учурда ысрайылдыктарга пелиштиликтер үстөмдүк кылып турган.
5Анан Шимшон ата-энеси менен Тимнатага жөнөдү. Тимнатанын жүзүмзарларына жакын келишкенде, анын алдынан жаш арстан ырылдап чыкты.
6Шимшондун үстүнө Теңирдин Руху түштү, колунда эч нерсе жок болсо да, ал арстанды улактай тытып салды. Ал эмне кылганын атасына да, энесине да айткан жок.
7Анан ал пелиштилик кызга келип, аны менен сүйлөштү. Кыз Шимшонго жагып калды.
8Аны алыш үчүн, бир нече күндөн кийин ал дагы келди. Өзү өлтүргөн арстанды көргөнү келип, өлүктүн ичинен аарынын уюгу менен балды көрдү.
9Ал балдан алып, жол бою жеп жүрүп отурду. Келип, атасы менен энесине берди, алар да жешти, бирок аларга балды арстандын өлүгүнүн ичинен алганын айткан жок.
10Атасы кыздын үйүнө келди. Үйлөнгөндөр той бергендей эле, Шимшон да той берди.
11Ал жердегилер аны көргөндө, анын жанында болууга отуз күйөө жолдош тандашты.
12Шимшон аларга: «Мен силерге бир табышмак айтайын. Эгерде силер анын жандырмагын той бүткөнчө, жети күндүн ичинде тапсаңар, туура тапсаңар, мен силерге жука матадан тигилген отуз көйнөк жана отуз сыйра кийим берем.
13Эгерде табышмакты жандыра албасаңар, анда силер мага жука матадан тигилген отуз көйнөк, отуз сыйра кийим бергиле», – деди. Алар: «Табышмагыңды айт, угалы», – дешти.
14Ал аларга: «Жегичтен тамак чыкты, күчтүүдөн таттуу чыкты», – деп айтты. Алар табышмакты үч күн бою жандыра алышкан жок.
15Жетинчи күнү Шимшондун колуктусуна: «Күйөөңдү көндүр, табышмактын жообун айтсын, болбосо сени да, атаңдын үйүн да өрттөп жиберебиз. Силер, эмне, бизди тоногону чакырдыңар беле?» – дешти.
16Аялы Шимшондун алдына келип ыйлап: «Сен мени жек көрөсүң, сүйбөйсүң. Менин элимдин уулдарына табышмак айттың, бирок мага жообун айткан жоксуң», – деди. Ал аялга: «Жандырмагын атама да, энеме да айткан эмесмин, анан сага айтмак белем?» – деди.
17Той болуп жаткан күндөрү, жети күн бою аялы анын алдына келип ыйлай берди. Жанын койбой сурай бергендиктен, акыры, жетинчи күнү ал аялына табышмактын жандырмагын айтты. Аялы болсо табышмактын жандырмагын өз элинин уулдарына айтып койду.
18Жетинчи күнү күн батар алдында жанагы кишилер келип, ага: «Балдан таттуу, арстандан күчтүү эмне бар?» – дешти. Шимшон аларга: «Эгерде менин кунаажыным менен кош айдабасаңар, табышмагымды таба алмак эмессиңер», – деди.
19Анын үстүнө Теңирдин Руху түшүп, ал Ашкелонго жөнөдү. Ал жерден ал отуз кишини өлтүрүп, кийимдерин чечип алып, табышмактын жандырмагын тапкандарга отуз сыйра кийим берди. Ал абдан каарданып, атасынын үйүнө кетип калды.
20Шимшондун аялы болсо аны жандап жүргөн күйөө жолдошуна тийди.