1Бир күнү Шимшон Азага келип, ал жерден бир бузулган аялды көрүп, анын үстүнө кирди.
2Азанын тургундарына: «Бул жерге Шимшон келди», – деп айтышты. Алар ал турган жерди тегеректеп, аны түнү бою шаардын дарбазасынын алдында аңдышты. «Таң атканга чейин күтүп, анан өлтүрөбүз», – деп, түнү бою жашынып жатышты.
3Шимшон болсо түн жарымына чейин жатып, түн ортосунда туруп, дарбазаны кашектери менен кошо чыгарып, кулпусу менен көтөрүп жонуна салды да, Хебронго кетчү жолдогу тоонун чокусуна алып чыгып кетти.
4Ошондон кийин ал Сорек өрөөнүндө жашаган бир аялды сүйүп калды, анын аты Делила эле.
5Аялга пелиштиликтердин төрөлөрү келип: «Аны көндүр, анын зор күчү эмнеде экенин, аны биз кантип жеңе ала турганыбызды астыртан бил, биз аны байлап, багынтып алалы. Бул кызматың үчүн ар бирибиз сага бир миң бир жүз шекелден күмүш берели», – дешти.
6Делила Шимшондон: «Айтчы мага, сенин зор күчүң эмнеде, сени багынтыш үчүн, эмне менен байласа болот?» – деп сурады.
7Шимшон ага: «Эгерде мени кургатылбаган жети жаанын жиби менен байласа, күчүм кетип, кадимки эле адамдардай болуп калам», – деди.
8Пелиштиликтердин төрөлөрү аялга кургатылбаган жети жаанын жибин алып келип беришти. Аял жаанын жиби менен аны байлап салды.
9(Ошол учурда аялдын уктоочу бөлмөсүндө пелиштиликтердин бири жашынып отурган). Аял ага: «Шимшон! Сага каршы пелиштиликтер келе жатышат!» – деди. Ошондо ал жаанын жиптерин үзүп жиберди, алар кендирдин бир жиби от тийгенде үзүлгөндөй үзүлдү. Ошентип, анын күчү эмнеде экени билинген жок.
10Делила Шимшонго: «Сен мени алдап койгон турбайсыңбы, мага калп айткан турбайсыңбы. Айтчы, сени эмне менен байласа болот?» – деди.
11Ал аялга: «Эгерде мени урунула элек жаңы жип менен байласа, күчүм кетип, кадимки эле адамдардай болуп калам», – деди.
12Делила аны жаңы жип менен байлап: «Шимшон! Сага каршы пелиштиликтер келе жатышат! (Ошол учурда аялдын уктоочу бөлмөсүндө бирөө жашынып отурган)» – деди. Ал колдору байланган жипти чарык жипти үзгөндөй эле үзүп салды.
13Ошондо Делила Шимшонго: «Мени алдап, дагы калп айтып койгон турбайсыңбы. Айтчы, сени эмне менен байласа болот?» – деди. Ал аялга: «Эгерде башымдагы жети өрүм чачымды кездеме кошуп өрүп, аны кездеме соккон аркакка мык менен кагып койсоң, күчүм кетип, кадимки эле адамдардай болуп калам», – деди.
14Аял кездеме соккон аркакты жерге казык менен кагып: «Шимшон! Сага каршы пелиштиликтер келе жатышат!» – деди. Ал уйкусунан ойгонуп, казыкты, кездеме соккон аркакты кездемеси менен кошо сууруп алды.
15Ошондо Делила ага: «Сен мага: “Сени сүйөм”, – деп, кантип айтып жатасың? Сенин жүрөгүң мени менен эмес турбайбы. Мени үч жолу алдадың, зор күчүң эмнеде экенин айткан жоксуң», – деди.
16Аял күн сайын аны кыйнап, жанын койбой койгондуктан, ал абдан кыйналып, чыдай албай кетти.
17Ошондо ал жүрөгүндөгүсүнүн баарын аялга ачып берди: «Менин башыма устара тийген эмес, анткени мен энемдин ичинде жаткандан тартып эле Кудайдын назиримин. Эгерде менин чачымды кырып салса, күчүм кетип, алдан тайып, кадимки эле адамдардай болуп калам».
18Делила Шимшондун жүрөгүндөгүсүнүн баарын ачып бергенин көрүп, киши жөнөтүп, пелиштиликтердин төрөлөрүнө: «Эми келгиле, ал мага жүрөгүндөгүнүн баарын ачып берди», – деп айттырды. Пелиштиликтердин төрөлөрү күмүштөрүн колдоруна көтөрүп, аялга келишти.
19Аял Шимшонду тизесине уктатып, бир кишини чакыртып, башындагы жети өрүм чачын кырдырды. Ошондо анын күчү кете баштады, акыры ал күчтөн ажырады.
20Аял: «Шимшон, пелиштиликтер сага каршы келе жатышат!» – деди. Ал уйкусунан ойгонуп: «Мурдагыдай эле кутулуп кетем», – деп ойлоду. Ал Теңир таштап койгонун билген жок.
21Пелиштиликтер аны кармап алып, көзүн оюп, Азага алып келишти да, эки жез чынжыр менен кишендеп салышты. Ал туткундар жаткан жайда тегирмен тартып жатты.
22Ошол арада анын башындагы чачы өсө баштады.
23Пелиштиликтердин төрөлөрү өз кудайы Дагонго чоң курмандык чалуу үчүн жана көңүл ачуу үчүн чогулушту. Алар: «Биздин кудайыбыз душманыбыз Шимшонду колубузга салып берди», – дешти.
24Жалпы эл да Шимшонду көрүп, өз кудайын даңктап: «Жерибизди кыйраткан, көбүбүздү өлтүргөн душманыбызды кудайыбыз колубузга салып берди», – деди.
25Көңүлдөрү ачылганда, алар: «Шимшонду алып келгиле, ал бизге тамаша койсун», – дешти. Шимшонду туткундар жаткан жайдан алдырып келишти. Ал аларга тамаша койду. Анан алар аны эки тирөөчтүн ортосуна коюшту.
26Шимшон аны колунан жетелеп келген жаш жигитке: «Yйдү кармап турган тирөөчтөрдүн жанына алып барчы, сыйпалап көрүп, жөлөнүп турайын», – деди.
27Yй толо эркек менен аял эле. Ал жерде пелиштиликтердин бардык төрөлөрү отурган, үйдүн төбөсүнө үч миңге жакын эркек-аял чогулуп, тамаша коюп жаткан Шимшонду карап турушкан.
28Ошондо Шимшон Теңирге жалынып: «Кудай-Теңирим! Мени эсте, оо Кудайым, мага дагы бир жолу күч бере көр! Эки көзүмдүн куну үчүн пелиштиликтерден бир дем менен өч алайын!» – деди.
29Анан үйдү кармап турган эки ортоңку тирөөчтүн бирине оң колу менен, бирине сол колу менен таянып турду да, аларды ордунан жылдырып жиберди.
30Анан Шимшон: «Пелиштиликтер менен бирге өлөйүн!» – деди. Бардык күчү менен чиренип туруп түрттү эле, үй кулап, төрөлөрдү, андагы элдин баарын басып калды. Шимшон өлөр алдында өлтүргөн адамдардын саны анын буга чейин өлтүргөн адамдарынын санынан көп болду.
31Бир туугандары менен атасынын бүт үй-бүлөсү келип, аны алып кетишти да, Сора менен Эштаулдун ортосундагы атасы Манойахтын мүрзөсүнө коюшту. Ал Ысрайылга жыйырма жыл башкаруучу болгон.