Башкаруучулар 17:1-13 KYB2004 - Bible AI

1Эпрайым тоосунда Миха деген бир адам болгон.

2Ал энесине: «Сенин бир миң бир жүз шекел күмүшүңдү алып кетишкенде, сен менин көзүмчө каргыш айткансың. Ошол күмүш менде. Аны мен алгам», – деди. Энеси: «Уулумду Теңир жалгасын!» – деди.

3Анан ал энесине бир миң бир жүз шекел күмүштү кайрып берди. Энеси: «Бул күмүштөрдү Теңирге арнадым. Мен буларды сага берем, сен булардан жасалма кудай, буркан жаса», – деди.

4Бирок ал күмүштөрдү энесине кайра кайрып берди. Энеси эки жүз шекел күмүштү алып, күмүш эритүүчү устага берди. Ал андан жасалма кудай, буркан куйду, ал буркан Миханын үйүнө коюлду.

5Миханын бутканасы бар эле. Ал эфод жана терафим жасатып, балдарынын бирин өзүнө ыйык кызмат кылуучу кылып алды.

6Ошол убакта Ысрайылда падыша болгон эмес. Ар ким өзү туура көргөндү кылчу.

7Ошол учурда ошол жерде бир леби жигит жашачу, ал Жүйүттүн Бейт-Лехеминен эле. Ал Жүйүт уруусунун арасында жашачу.

8Ал жигит Жүйүттүн Бейт-Лехем шаарынан чыгып, ар кайсы жерде жашап жүрдү. Жер кезип жүрүп, Эпрайым тоосундагы Миханын үйүнө туш болду.

9Ошондо Миха андан: «Кайдан келе жатасың?» – деп сурады. Ал ага: «Мен лебимин, Жүйүттүн Бейт-Лехеминен келе жатам, жашаганга жер издеп жүрөм», – деди.

10Миха ага: «Меникинде кал, мага ата жана ыйык кызмат кылуучу бол. Мен сага жылына он күмүш шекел төлөп турам, кийген кийимиң, ичкен тамагың менден болот», – деди.

11Леби ал кишиникинде калууга макул болду. Ал ага уулдарынын бириндей эле болуп калды.

12Миха лебини ыйык кызмат кылуучу кылып дайындады. Ал жигит анын ыйык кызмат кылуучусу болуп, анын үйүндө жашап калды.

13Ошондо Миха: «Эми Теңир мага жакшылык кыларын билем, анткени менин ыйык кызмат кылуучум леби болду», – деди.

ticle>