Башкаруучулар 18:1-31 KYB2004 - Bible AI

1Ошол убакта Ысрайылда падыша болгон эмес. Ошол убакта Дан уруусу отурукташууга жер издеп жүргөн, анткени ошол күнгө чейин Ысрайыл урууларынын ичинен аларга үлүш тие элек эле.

2Жер чалып, жерди көрүп келиш үчүн, Дан уулдары өз уруусунан, Сора менен Эштаулдан беш эр жүрөк кишини: «Баргыла, жер чалып келгиле», – деп жиберишти. Алар Эпрайым тоосундагы Миханын үйүнө келип, түнөп калышты.

3Миханын үйүнүн жанында жүргөн алар жаш лебинин үнүн таанып, үйгө кирип: «Сени бул жерге ким алып келди? Бул жерде эмне кылып жатасың, эмне үчүн бул жерде жүрөсүң?» – деп сурашты.

4Ал аларга: «Миха мага муну-тигини кылды, мени жалдады, мен анын ыйык кызмат кылуучусу болуп калдым», – деп жооп берди.

5Алар ага: «Биз алган багытта жолубуз болобу, Кудайдан сурачы, билип алалы», – дешти.

6Ыйык кызмат кылуучу аларга: «Тынчтык менен бара бергиле, силер бара жаткан жол Теңирдин алдында», – деди.

7Ал беш киши жүрүп отуруп, Лаишке келди. Ал жерден сидондуктарга окшоп тынч, бейкапар, эч нерседен кам санабай жашап жаткан элди көрдү. Ал жерде ыза кылып кордоо деген, үстөмдүк кылуу деген жок эле. Алар сидондуктардан алыс жашап, эч ким менен эч кандай иштери жок эле.

8Анан алар Сора менен Эштаулга, өз бир туугандарына кайтып келишти. Бир туугандары алардан: «Кандай кабар менен келдиңер?» – деп сурашты.

9Алар: «Биз ал жерди көрдүк, ал укмуштай сонун жер экен. Жүргүлө, ал жерди басып алалы. Ойлонуп турбагыла, тезирээк баралы да, ал жерди энчибизге алалы.

10Барганда, эч нерседен кам санабай жаткан элди көрөсүңөр. Ал жер өтө кенен, аны Кудай колуңарга берип жатат. Ал жер эч нерседен кем эмес жер экен», – дешти.

11Ошондо Дан уруусунан алты жүз эркек курал-жарак асынып, Сора менен Эштаулдан жөнөп кетти.

12Алар Жүйүт жериндеги Кирийат-Жейаримге жетип, станы менен туруп калышты. Ошондуктан Кирийат-Жейаримдин батыш тарабындагы ал жерди бүгүнкү күнгө чейин «Дан станы турган жер» деп аташат.

13Ал жерден алар Эпрайым тоосуна бет алып, Миханын үйүнө келишти.

14Лаиш жерин көрүүгө барган жанагы беш киши өз бир туугандарына: «Бул үйлөрдүн биринде эфод, терафим, жасалма кудай жана куюлуп жасалган буркан бар экенин билесиңерби? Демек, эмне кылуу керек экендигин ойлонгула», – дешти.

15Алар жаш лебинин үйүнө, Миханын үйүнө киришип, анын ал-жайын сурашты.

16Ал эми Дан уулдарынын курал-жарак асынган алты жүз кишиси дарбазанын жанында турду.

17Жер чалганы барган беш киши үйгө кирип, жасалма кудайды, эфодду, терафимди, куюлуп жасалган бурканды тартып алды. Ыйык кызмат кылуучу курал-жаракчан алты жүз киши менен дарбазанын жанында турган.

18Алар Миханын үйүнө кирип, жасалма кудайды, эфодду, терафимди жана куюлуп жасалган бурканды алып жатышканда, ыйык кызмат кылуучу алардан: «Эмне кылып жатасыңар?» – деп сурады.

19Алар ага: «Yнүңдү чыгарбай, колуң менен оозуңду басып, биз менен жүр. Бизге ата жана ыйык кызмат кылуучу бол. Бир кишинин үйүндө ыйык кызмат кылуучу болгонуң жакшыбы же бүт Ысрайыл урууларына ыйык кызмат кылуучу болгонуң жакшыбы?» – дешти.

20Ыйык кызмат кылуучу кубанып, эфодду, терафимди жана бурканды алып, алар менен жөнөдү.

21Алар жолго чыгышты, аялдар менен балдарды, малды, оор жүктөрдү алдыга коё беришти.

22Алар Миханын үйүнөн узап кетишкенден кийин, Миханын кошуналары чогулуп, Дан уулдарынын артынан түшүштү.

23Алар Дан уулдарына кыйкырышты. Дан уулдары кайрылып, Михага: «Сага эмне керек, эмне кыйкырасың?» – дешти.

24Миха аларга: «Жасаткан кудайларымды да, ыйык кызмат кылуучумду да алып кеттиңер. Мага эч нерсе калтырган жоксуңар! “Сага эмне керек?” – деп, кантип айтып жатасыңар?» – деди.

25Дан уулдары ага: «Унчукпа, үнүңдү укпайлы, болбосо арабыздагы кээ бирөөлөр ачууланып, силерге кол салышат. Өзүңдү да, үй-бүлөңдү да мерт кылып аласың», – дешти.

26Дан уулдары өз жолдору менен кете беришти. Миха алардын күчтүү экенин көрүп, артына кайрылып үйүнө келди.

27Дан уулдары болсо Миха жасагандарды жана анын ыйык кызмат кылуучусун алып кетишти. Алар Лаиште бейкапар, тынч жашаган элге каршы барып, аларды кылыч мизине алып, шаарына от коюп, өрттөп жиберишти.

28Жардам берер эч ким болгон жок, анткени алар Сидондон алыс жашашчу, эч ким менен иштери жок болчу. Бул шаар Бейт-Рекоптун жанындагы өрөөндө жайгашкан. Дан уулдары шаарды кайра куруп, ошол шаарга отурукташышты.

29Шаарга Ысрайыл уулу Дан уруусунун атасынын атынан «Дан» деген ат коюшту. Шаардын мурдагы аты Лаиш болчу.

30Дан уулдары өздөрүнө бурканды коюп алышты. Ал жерде жашоочулар туткундалып кеткенге чейин, Менашенин уулу Гейиршомдун уулу Жонатан жана анын уулдары Дан уруусуна ыйык кызмат кылуучу болушту.

31Кудайдын жыйын чатыры Шилодо турган убакыт аралыгында алар Миха жасаган ошол бурканга табынышкан.

ticle>