1Ошол убакта Ысрайылда падыша болгон эмес. Ошол убакта Эпрайым тоосунун этегинде бир леби жашачу. Ал Жүйүт жеринин Бейт-Лехеминен күң аял алды.
2Күң аял аны менен чатакташып, Жүйүт жеринин Бейт-Лехеминдеги өз атасынын үйүнө кетип калып, төрт ай ошол жерде болду.
3Күйөөсү кулун жана эки эшегин алды да, көңүлүн таап сүйлөшүп, кайра алып келиш үчүн, аялынын артынан барды. Аял аны өз атасынын үйүнө алып кирди.
4Жаш аялдын атасы аны көргөндө, кубаныч менен тосуп алды. Кайын атасы, жаш аялдын атасы, аны кетирбей алып калды. Ал аныкында үч күн болду. Алар ичип-жеп, ошол жерде түнөп калышты.
5Төртүнчү күнү алар эртең менен эрте турушту, ал туруп, жөнөмөкчү болду. Жаш аялдын атасы күйөө баласына: «Бир кесим нан жеп, кубаттанып ал, анан жөнөйсүңөр», – деди.
6Алар калып калышты. Экөө дагы ичип-жешти. Жаш аялдын атасы ага: «Дагы бир түнгө калып, көңүлүңдү ач», – деди.
7Ал туруп, жөнөмөкчү болгондо, кайын атасы сурангандыктан, аныкында дагы түнөп калды.
8Бешинчи күнү ал эртең менен эрте туруп, кетмей болду. Жаш аялдын атасы: «Нан жеп кубаттанып ал, күн батканча коё тургула», – деди. Экөө дагы ичип-жешти.
9Ал киши аялы, кулу менен кетүүгө камынып, ордунан турду. Кайын атасы, жаш аялдын атасы, ага дагы: «Күн кечтеп кетти, конуп алгыла! Күн батканы калды, түнөп кет, көңүл ач. Эртең эртерээк туруп, жолго чыккыла», – деди.
10Бирок күйөө баласы түнөөгө макул болбой, жолго чыгып, Жебуска, азыркы Иерусалимге келди. Ал жүк артылган эки эшеги, аялы менен келди.
11Алар Жебуска жеткени калганда, күн батып калган эле. Ошондо малайы мырзасына: «Жебустуктардын ушул шаарына кирип түнөп кетели», – деди.
12Мырзасы малайына: «Жок, башка уруунун шаарына кирбейбиз, алар Ысрайылдын урууларынан эмес, Гибага жетели», – деди.
13Анан кулуна: «Гибага же Рамага жетип конобуз», – деди.
14Алар Бенжеминдин Гиба шаарына жетишкенде, күн батты.
15Алар Гибага түнөп алыш үчүн, ошол тарапка бурулушту. Ал шаарга кирип, көчөгө отурду, бирок эч ким үйүнө түнөп кетүүгө чакырган жок.
16Кечинде бир абышка талаа жумушунан үйүнө кайтып келе жаткан. Ал Эпрайым тоосунан эле, бирок Гибада жашачу. Гибанын тургундары Бенжемин уулдарынан болчу.
17Абышка башын көтөрүп, шаардын көчөсүндө келаткан жолоочуну көрүп: «Кайда баратасың? Кайдан келдиң?» – деп сурады.
18Ал абышкага: «Биз Жүйүттүн Бейт-Лехеминен келе жатабыз, азыр өз жериме, Эпрайым тоосуна баратабыз. Жүйүттүн Бейт-Лехемине баргам, азыр Теңир үйүнө баратам. Эч ким үйүнө түнөп кетүүгө чакырган жок.
19Эшектерибиздин саманы да, жеми да бар. Ошондой эле кулдарыңдын: менин, күңүңдүн, кулумдун жээр наны, ичээр шарабы да бар. Эч нерседен кем эмеспиз», – деп жооп берди.
20Абышка ага: «Кам санаба! Сенин кем-карчың менин мойнумда болсун. Көчөгө түнөбөсөң эле болду», – деди.
21Анан ал аны өз үйүнө алып келип, эшектерине жем берип, жайланыштырды. Алар буттарын жуушту, ичип-жешти.
22Алар көңүл ачып жатканда, шаардагы бузулган адамдар үйдү курчап алышып, эшикти каккылап, үйдүн ээсине, абышкага: «Yйүңө кирген адамды сыртка чыгар, биз ага жакындайбыз», – дешти.
23Yйдүн ээси сыртка чыгып, аларга мындай деди: «Жок, туугандарым, жамандык кылбагыла. Бул адам – менин үйүмө келген конок, мындай жийиркеничтүү ишке барбагыла.
24Yйүмдө бойго жеткен кызым бар, мунун күң аялы бар. Аларды алып чыгайын, аларга эмне кылгыңар келсе, ошону кылгыла, бирок бул кишиге мындай кылбагыла, мындай жийиркеничтүү ишке барбагыла».
25Бирок алар аны уккусу келишкен жок. Ошондо күйөөсү күң аялын жетелеп, көчөгө чыгарып берди. Алар аны зордуктап, түнү бою, таң аткыча кордоп чыгышты. Аны жерге жарык киргенде коё беришти.
26Аял таң атарда келип, мырзасы түнөгөн үйдүн эшигине жетип жыгылып, таң аткыча жатты.
27Мырзасы эртең менен туруп, эшикти ачып, жолго чыгыш үчүн сыртка чыкты. Күң аялы болсо босогону кучактап, эшиктин алдында жатыптыр.
28Ал аялына: «Тур, жөнөйлү», – деди. Бирок жооп болгон жок, себеби ал өлүп калган эле. Ал ордунан туруп, аялды эшекке артып, өз үйүнө жөнөдү.
29Ал өз үйүнө келип, бычак алып, күң аялын кескилеп, он эки мүчөгө бөлдү да, Ысрайылдын бардык жерине жөнөттү.
30Көргөндөрдүн баары: «Ысрайыл уулдары Мисирден чыккан күндөн бүгүнкү күнгө чейин мындай болгон эмес, мындайды көргөн да эмеспиз. Буга көңүл бургула, акылдашып көрүп, анан айткыла», – дешти.