1Теңирдин периштеси Гилгалдан Бохимге келип, мындай деди: «Мен силерди Мисирден алып чыгып, ата-бабаларыңарга берем деп убада кылган жерге алып келип: “Мен силер менен түзгөн келишимимди түбөлүккө бузбайм.
2Силер болсо бул жердин тургундары менен келишим түзбөгүлө, алардын курмандык чалынуучу жайларын талкалагыла”, – деп айттым эле. Бирок силер Менин үнүмдү укпай койдуңар. Эмне үчүн мындай кылдыңар?
3Ошондуктан Мен: “Аларды араңардан кууп чыкпайм, алар силер үчүн сыйыртмак болот, алардын кудайлары силер үчүн жайылган тор болот”, – деп айтам».
4Теңирдин периштеси Ысрайыл уулдарына ушул сөздөрдү айтканда, эл боздоп ыйлап жиберди.
5Ошондуктан ал жерди Бохим деп аташат. Ал жерде алар Теңирге курмандык чалышты.
6Жашыя элди коё бергенде, Ысрайыл уулдары өз энчисине тийген жерлерди ээлегени жөнөшкөн.
7Алар Жашыянын көзү тирүүсүндө, ошондой эле Теңирдин Ысрайыл үчүн кылган улуу иштеринин баарын көргөн, Жашыядан узагыраак жашаган аксакалдардын көзү тирүүсүндө, Теңирге кызмат кылышчу.
8Бирок Теңирдин кулу Нундун уулу Жашыя жүз он жашка чыгып көз жумуп,
9аны өз энчисине тийген жерге, Гааш тоосунан түндүктү карай кеткен Эпрайым тоосундагы Тимнат-Хереске коюшкандан кийин,
10бул эл ата-бабалары жаткан жайга кеткенден кийин, алардын ордуна Кудайды тааныбаган, Анын Ысрайылга кылган иштерин билбеген башка муун келгенден кийин,
11Ысрайыл эли Теңирдин алдында мыйзамсыз иштерди жасап, Баалга кызмат кыла баштады.
12Алар Мисир жеринен алып чыккан ата-бабаларынын Кудай-Теңирин таштап, башка кудайларга, алардын айланасында жашаган элдердин кудайларына кайрылып, ошолорго табынып, Теңирди каардантышты.
13Теңирди таштап, Баал менен Ашейрага кызмат кыла башташты.
14Теңир Ысрайылга каарданып, аларды талап-тоноочулардын колуна салып берди. Аларды талап-тоношту. Аларды айланасындагы душмандардын колуна салып берди, алар кас душмандарына туруштук бере албай калышты.
15Алар кайда барбасын, Теңир аларга айткандай, Теңир аларга ант бергендей, Теңирдин колу бардык жерде аларга каршы турду. Алардын абалы өтө оор болду.
16Ошондо Теңир аларга башкаруучуларды коюп турду. Башкаруучулар аларды талап-тоноочулардан куткарып турушту.
17Бирок алар башкаруучуларды да укпай, башка кудайларды ээрчип, аларга табынып, Теңирдин осуяттарын аткарган ата-бабаларынын жүргөн жолунан тез эле четтеп кетишти, осуяттарды аткарышкан жок.
18Теңир аларга башкаруучуларды коюп турган, Теңир Өзү башкаруучу менен болуп, башкаруучунун көзү тирүүсүндө аларды кас душмандарынан куткарып турган, анткени аларды эзип, кысымга алышканда, Теңир алардын зар-муңун угуп аяган.
19Бирок башкаруучунун көзү өтөрү менен, алар кайра эле башка кудайларды ээрчип, аларга табынып, кызмат кылып, ата-бабаларыныкынан да жаман иштерди кылышкан. Алар өжөрлөнүп, жаман иштерин токтотушкан эмес.
20Ошондо Теңир Ысрайылга каарданып, мындай деген: «Ата-бабалары менен түзгөн келишимимди бузушканы үчүн, Менин үнүмдү угушпаганы үчүн,
21Жашыя өлөр алдында калтырып кеткен элдердин бирин да Мен булардын арасынан кууп чыкпайм.
22Анткени алар аркылуу Ысрайылды ата-бабалары жүргөн Теңирдин жолу менен жүрүшөбү же жүрүшпөйбү деп сынайм».
23Теңир бул элдерди калтырып койгон, аларды дароо кууп чыккан эмес, Жашыянын колуна салып берген эмес.