Башкаруучулар 20:1-48 KYB2004 - Bible AI

1Дандан Бейер-Шебага чейинки аймактарда жана Гилат жеринде жашаган Ысрайылдын бардык уулдары, бүт жамаат Теңирдин алдына, Миспага бир кишидей чогулушту.

2Бардык эл башчылары, Ысрайылдын бардык уруулары, кылычын кынынан сууруган төрт жүз миң жөө аскер Кудайдын элинин чогулушуна келишти.

3Бенжемин уулдары Ысрайыл уулдарынын Миспага келгенин угушту. Ысрайыл уулдары: «Айткыла, бул жаман иш кандайча болду?» – деп сурашты.

4Өлгөн аялдын күйөөсү, леби мындай деп жооп берди: «Мен күң аялым менен Бенжеминдин Гиба шаарына түнөгөнү келген элем.

5Ошондо Гибанын тургундары мага каршы көтөрүлүп, мен түнөгөн үйдү түн ичинде курчап калышты. Алар мени өлтүргүсү келишкен эле. Алар менин күң аялымды кордошту, ал өлүп калды.

6Мен күң аялымды алып барып, кескилеп, Ысрайылга караштуу бардык дубандарга жөнөттүм. Анткени алар Ысрайылда мыйзамсыз, жийиркеничтүү иш кылышты.

7Ысрайыл уулдары, бардыгыңар ушул жерде турасыңар, бул ишти талдап, ушул жерде чечкиле».

8Ошондо бүт эл бир кишидей мындай деди: «Эч кимибиз өз чатырларыбызга барбайбыз, өз үйлөрүбүзгө кайтпайбыз.

9Гиба үчүн өкчөмө таш ыргытабыз.

10Ысрайылдын ар бир уруусунан: жүз кишиден он, миңден жүз, түмөндөн миң кишини чыгарып жөнөтөбүз. Алар Бенжеминдин Гибасын Ысрайылда кылган жийиркеничтүү иши үчүн жазалаганы бара турган элге азык алып барышат».

11Ошондо бардык ысрайылдыктар бул шаарга каршы бир кишидей топтолушту да,

12Бенжемин уруусуна чабармандарды жөнөтүп, мындай деп айттырышты: «Кандай жийиркеничтүү иш кылгансыңар!

13Гибадагы бузулган адамдарды чыгарып бергиле, биз аларды өлтүрүп, Ысрайылдагы жамандыкты түп-тамыры менен жок кылабыз». Бирок Бенжемин уулдары бир туугандарынын, Ысрайыл уулдарынын, үнүн уккулары келген жок.

14Анан Бенжемин уулдары Ысрайыл уулдары менен согушуу үчүн, өздөрү жашаган шаарлардан чыгып, Гибага топтолушту.

15Ошол күнү өздөрү жашаган шаарлардан чыгып, Гибага чогулуп, кылычын кынынан сууруган Бенжемин уулдары жыйырма алты миң киши болду. Булардан тышкары, Гибанын өзүнөн жети жүз тандалган жоокер эсепке кирди.

16Бул элдин ичинен тандалган жети жүз киши сологой болгон. Алар салмоордон таш ыргытканда таамай тийгизген жоокерлер болчу.

17Бенжемин уулдарын кошпогондо, ысрайылдыктардын кылычын кынынан сууруган жоокерлеринин саны төрт жүз миң болчу. Мунун баары согушка жөндөмдүү адамдар эле.

18Алар туруп, Бейтелге барышты. Ысрайыл уулдары Кудайдан: «Бенжемин уулдарына каршы согушту биздин арабыздан биринчи ким башташы керек?» – деп сурашты. Теңир аларга: «Жүйүт баштайт», – деди.

19Ысрайыл уулдары эрте туруп, стандары менен Гибанын жанына жайгашышты.

20Бенжемин уулдары менен согушуу үчүн, Ысрайыл уулдары тизилип, Гибанын алдында турушту.

21Бенжемин уулдары Гибадан чыгышты. Алар ошол күнкү салгылашта жыйырма эки миң ысрайылдыкты сулатышты.

22Бирок Ысрайыл эли кайраттанып, кечээги турган жерине кайра тизилип турду.

23Ысрайыл уулдары кечке чейин Теңирдин алдында ыйлап, Кудайдан: «Бир туугандарыбыз Бенжемин уулдарына каршы барсак болобу?» – деп сурашты. Теңир аларга: «Баргыла», – деди.

24Экинчи күнү Ысрайыл уулдары Бенжемин уулдарына жакындап барышты.

25Бенжемин уулдары аларга каршы экинчи күнү да жапырт чыгып, кылыч көтөргөн Ысрайыл уулдарынан дагы он сегиз миң адамды жерге сулатышты.

26Ошондо бүт Ысрайыл уулдары менен бүт эл Бейтелге келип, ошол жерде отуруп алып, Теңирдин алдында ыйлашты, кечке чейин орозо кармашты. Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды, тынчтык курмандыктарын чалышты.

27Анан Ысрайыл уулдары Теңирдин эркин сурашты (ошол учурда Кудайдын келишим сандыгы ошол жерде эле,

28Арундун уулу, Элазардын уулу Пинкас анын алдында кызмат кылчу). Алар: «Бир туугандарыбыз Бенжемин уулдарына каршы барсак болобу?» – деп сурашты. Теңир аларга: «Баргыла, эртең Мен аларды силердин колуңарга салып берем», – деди.

29Ысрайылдыктар Гибанын тегерегине буктурма коюшту.

30Ысрайыл уулдары Бенжемин уулдарына каршы үчүнчү күнү да бет алышты. Алар мурдагыдай эле Гибанын алдында тизилип турушту.

31Бенжемин уулдары шаардан чыгып, аларга каршы бет алышты. Аларды мурдагыдай эле Бейтелге кетчү жолдо жана талаа менен Гибага кетчү жолдо кырып салышты. Ысрайылдыктардан отузга жакын адам өлдү.

32Ошондо Бенжемин уулдары: «Алар мурдагыдай эле алдыбызда сулап жатышат», – дешти. Ысрайыл уулдары болсо: «Булардан качалы да, шаарынан алыстатып, алагды кылып, жолго алып чыгалы», – дешти.

33Бардык ысрайылдыктар орундарынан туруп, Баал-Тамарга тизилишти. Ошондо буктурмадагы ысрайылдыктар чыга калып, Гибанын батыш тарабынан кол салышты.

34Ысрайылдын тандалган он миң жоокери Гибанын алдына келди, ошондо катуу салгылаш болду. Бенжемин уулдары баштарына мүшкүл түшөрүн билишкен жок.

35Теңир Бенжемин уулдарын ысрайылдыктардын алдында талкалады. Ошол күнү ысрайылдыктар кылычын кынынан сууруган Бенжемин уулдарынан жыйырма беш миң бир жүз адамды сулатышты.

36Бенжемин уулдары өздөрүнүн жеңилип калганын көрүштү. Ысрайылдыктар аларга жол бошотуп беришти, анткени алар Гибадагы өздөрү койгон буктурмага ишеништи.

37Буктурмадагылар болсо Гибага шашылыш кирип, бүт шаарды кылычтап кырды.

38Шарттуу белги беребиз деп, ысрайылдыктар буктурмада жаткандар менен сүйлөшүп алышкан, шаардан түтүн көтөрүлгөндө, алар кол салышмак.

39Ошентип, ысрайылдыктар согуш талаасынан чегине бергенде, Бенжемин уулдары кол салып, ысрайылдыктардын отузга жакын адамын өлтүрүштү да: «Булар мурдагы салгылаштардагыдай эле алдыбызда сулап жатышат», – дешти.

40Ошол учурда шаардан түтүн көтөрүлдү. Бенжемин уулдары артын карашса, бүт шаарды түтүн каптап, түтүн асманга көтөрүлүп жатыптыр.

41Ысрайылдыктар кайра артка кайрылышты, Бенжемин уулдары эмне кыларын билбей калышты, анткени баштарына мүшкүл түшкөнүн көрүштү.

42Ошондо алар ысрайылдыктардан качып, чөлгө карай кеткен жолго түшүштү, бирок качып кутула алышкан жок, шаарлардан чыккан ысрайылдыктар аларды өлтүрүштү.

43Алар Бенжемин уулдарын курчап, Гибанын чыгыш тарабындагы Менухага чейин кууп барышты.

44Бенжемин уулдарынын он сегиз миң эр жүрөк адамы өлдү.

45Калгандары чөлдөгү Римон аскасына качышты. Ысрайылдыктар жол бою дагы беш миң адамды кырышты. Алардын артынан Гидомго чейин кууп барып, алардын эки миң адамын өлтүрүштү.

46Бенжемин уулдарынан ошол күнү бардыгы болуп кылычын кынынан сууруган жыйырма беш миң жоокер кырылды, алардын бардыгы эр жүрөк адамдар эле.

47Аман калган алты жүз адам чөлгө качып, Римон аскасына жашынды. Алар таштуу Римон тоосуна төрт ай корголошту.

48Ысрайылдыктар болсо Бенжемин уулдарына кайра кайрылып келишип, кылычтап кырышты да, шаардагы адам дебей, мал дебей, жолунан чыккандын бардыгын кырып, шаарларды өрттөп жиберишти.

ticle>