1Ысрайылдыктар Миспада: «Эч кимибиз Бенжемин уулдарына кыз бербейбиз», – деп ант беришти.
2Эл Бейтелге келип, ошол жерде кечке чейин Кудайдын алдында отуруп алып, өкүрүп ыйлады.
3Алар мындай дешти: «Оо ысрайылдыктардын Кудай-Теңири! Эмне үчүн Ысрайылда ушундай болду? Эми анын бир уруусу жок болду!»
4Эл эртеси эртең менен эрте туруп, ошол жерге курмандык чалынуучу жай куруп, Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды, тынчтык курмандыктарын чалды.
5Ысрайыл уулдары: «Теңирдин алдына Ысрайыл урууларынын ичинен ким келбей калды?» – дешти. Анткени «Миспага, Теңирдин алдына келбей калган адам өлүм жазасына тартылат» деген катуу каргыш айтылган эле.
6Ысрайыл уулдары бир туугандары Бенжемин уулдарына боор ооруп, мындай дешти: «Азыр Ысрайылдын бир уруусу кесилип ташталды.
7Тирүү калгандарга кайдан аял алып беребиз? Аларга кыз бербейбиз деп, Теңирдин алдында ант бербедик беле?»
8Алар дагы: «Миспага, Теңирдин алдына Ысрайыл урууларынын ичинен ким келбей калды?» – дешти. Теңирдин алдына, станга Гилаттын Жабешинен эч ким келбептир.
9Алар келген элди кыдырып көрүшкөндө, Гилаттын Жабешинин тургундарынан эч ким келбептир.
10Жамаат он эки миң эр жүрөк жигитке мындай буйрук берип жөнөттү: «Баргыла, Гилаттын Жабешинин тургундарын аял дебей, бала дебей, кылычтап кыргыла.
11Дагы мындай кылгыла: бардык эркектерин, эркек көргөн бардык аялдарын кырып салгыла».
12Ошондо алар Гилаттын Жабешинин тургундарынын ичинен эркек көрө элек төрт жүз кызды таап, Канаан жериндеги Шило станына алып келишти.
13Анан бүт жамаат Римон аскасындагы Бенжемин уулдары менен сүйлөшүүгө чабарман жөнөтүп, аларга тынчтык жарыялады.
14Ошондо Бенжемин уулдары кайрылып келишти. Гилаттын Жабешиндеги өздөрү аман калтырган кыздарды аларга аялдыкка беришти, бирок бул жетишсиз болуп калды.
15Теңир Ысрайыл урууларына жарака кетиргендиктен, Бенжемин уулдарына элдин боору ооруду.
16Жамааттын аксакалдары: «Калгандарына аялды кайдан табабыз? Анткени Бенжемин уулдарынын кыз-келиндери түгөл кырылган», – дешти.
17Алар дагы мындай дешти: «Ысрайылдын бир уруусу жоюлуп кетпеш үчүн, мураска калган жер тирүү калган Бенжемин уулдарына калсын.
18Бирок кыздарыбызды аларга аялдыкка бере албайбыз, анткени Ысрайыл уулдары: “Бенжемин уулдарына кыз бергендер каргышка калсын!” – деп ант беришкен».
19Алар дагы: «Бейтелден түндүккө жана Бейтелден Шекемге кетүүчү жолдон чыгышка, Лебондон түштүккө карай кеткен жердеги Шилодо Теңирдин жыл сайын өткөрүлүүчү майрамы болот», – дешти.
20Анан алар Бенжемин уулдарына мындай деп буйрук кылышты: «Барып, жүзүмзардын арасына жашынып, карап тургула.
21Шилолук кыздар бийлегени чыгышканда, жүзүмзардан чыга калгыла да, шилолук кыздардан ар кимиң бирден кызды ала качып, аларды Бенжемин жерине алып кеткиле.
22Алардын аталары же бир туугандары бизге даттанып келишсе: “Алар үчүн бизди кечирип койгула, биз алардын ар бирине согуштан аял ала келген жокпуз, силер да аларга кыздарыңарды берген жоксуңар. Берсеңер, күнөөлүү болуп калмаксыңар”, – деп айтабыз».
23Бенжемин уулдары так ошондой кылышты, өздөрүнүн санына жараша оюн-шоокко келген кыздардан бирден ала качышты да, өздөрүнүн үлүшүнө тийген жерлерге кайтып кетишти. Шаарларды калыбына келтирип, ошол жерлерде жашап калышты.
24Ошол эле учурда ысрайылдыктардын ар кимиси өз уруусуна, өз үй-бүлөсүнө, өз энчисине тийген жерлерге тарап кетишти.
25Ошол убакта Ысрайылда падыша болгон эмес. Ар ким өзү туура көргөндү кылчу.