1Теңир канаандыктар менен болгон согуштар тууралуу билбеген Ысрайыл уулдарынын кийинки муундарын сыноо үчүн,
2алар согушканды үйрөнүшү үчүн, мына бул элдерди калтырган:
3пелиштиликтердин беш төрөсү, бардык канаандыктар, сидондуктар жана Баал-Хермон тоосунан Хаматтын кире беришине чейинки Лебанон тоосунда жашаган хибилер.
4Алар ысрайылдыктарды сыноо үчүн, Теңирдин Муса аркылуу ата-бабаларына берген осуятына алардын баш иер-ийбесин билиш үчүн калтырылган.
5Ысрайыл уулдары канаандыктардын, хеттиктердин, аморлуктардын, периздиктердин, хибилердин жана жебустуктардын арасында жашап калышты.
6Анан алардын кыздарын аялдыкка алып, өздөрүнүн кыздарын алардын уулдарына берип, алардын кудайларына кызмат кыла башташты.
7Ысрайыл уулдары Теңирдин көз алдында жаман иш кылышты: өздөрүнүн Кудай-Теңирин унутуп, Баал менен Ашейра бурканына кызмат кылышты.
8Ошондо Теңир Ысрайылга каарданып, аларды Месопотамия падышасы Кушан-Ришатайымдын колуна салып берди. Алар Кушан-Ришатайымга сегиз жыл кызмат кылышты.
9Ошондо Ысрайыл уулдары Теңирге боздоп кайрылышты. Теңир аларга куткаруучуну койду, аларды куткарган Калептин иниси Кеназдын уулу Отниел болчу.
10Теңирдин Руху анын үстүндө эле. Ал Ысрайылга башкаруучу болду. Ал согушка аттанды, Теңир анын колуна Месопотамия падышасы Кушан-Ришатайымды салып берди, ал Кушан-Ришатайымды багынтып алды.
11Ошентип, жер үстүндө кырк жыл тынчтык болду. Кеназдын уулу Отниел көз жумду.
12Ысрайыл уулдары Теңирдин алдында кайрадан жаман иштерди кыла башташты. Теңирдин алдында жаман иштерди кылышкандыгы үчүн, Теңир Маап падышасы Эглонго ысрайылдыктар менен согушууга күч берди.
13Ал амондуктар менен амалыктыктарды топтоду да, Ысрайылга кол салып, аны багындырып, Курма шаарын ээлеп алды.
14Ысрайыл уулдары Маап падышасы Эглонго он сегиз жыл кызмат кылышты.
15Ошондо Ысрайыл уулдары Теңирге боздоп кайрылышты. Теңир аларды куткарууга Бенжемин уруусунан Гейранын уулу, куткаруучу сологой Эйутту койду. Ысрайыл уулдары Эйуттан Маап падышасы Эглонго белек берип жиберишти.
16Эйут узундугу чыканактай, кош миздүү кылыч жасап алып, чапанынын ичине, оң жамбашына байлады.
17Ал белекти Маап падышасы Эглонго алып барып берди. Эглон өтө семиз киши эле.
18Эйут Эглонго белектерди тартуулагандан кийин, Эглон белек алып келген кишилерди чыгарып жиберди.
19Эйут болсо Гилгалда турган таш буркандарга барып, ал жерден кайра кайтып келип: «Падыша, сага айта турган жашыруун сөзүм бар», – деди. Падыша ага: «Акырын!» – деди. Ошондо алдында тургандардын бардыгы чыгып кетишти.
20Эйут анын жанына келди. Ал өзүнүн үстүнкү бөлмөсүндө отурган эле. Анан Эйут: «Сага айта турган Кудайдын сөзү бар», – деди. Эглон ордунан турду.
21Эйут сол колун сунуп, оң жамбашынан кылычын сууруп алды да, аны ичке сайды.
22Кылыч сабы менен кошо кирип кетти, аны казысы жаап калды, анткени Эйут кылычты кайра сууруп алган эмес, кылыч артын көзөп өттү.
23Эйут үстүнкү бөлмөнүн эшиктерин бекитип, кире бериш бөлмөгө чыкты.
24Ал чыгып кеткенден кийин, Эглондун кулдары келип, үстүнкү бөлмөнүн эшиктери бек экенин көрүшүп: «Ал муктаждыгын канааттандыруу үчүн салкын бөлмөдө болсо керек», – дешти.
25Көпкө күтүштү, бирок үстүнкү бөлмөнүн эшиктерин эч ким ачпагандыктан, ачкычты алып, эшикти ачышты да, жерде өлүп жаткан төрөсүн көрүштү.
26Алар көпкө күтүп турганда, Эйут узап кетти. Ал таш буркандардын жанынан өтүп, Сеирге качып келди.
27Келери менен ал Эпрайым тоосунда сурнай тартты. Ысрайыл уулдары аны менен тоодон түшүштү. Ал алардын алдында бара жатты.
28Анан аларга: «Менин артымдан жүргүлө, анткени Теңир душманыңар мааптыктарды силердин колуңарга салып берди», – деди. Алар анын артынан ээрчишти да, Иордандын Маапка өтүүчү өткөөлүн басып алып, эч кимди өткөрбөй турушту.
29Ошол учурда мааптыктардын он миңге жакын кишисин кырып салышты. Бардыгы алыбеттүү, күчтүү адамдар эле, бирок эч кимиси качып кутулган жок.
30Ошол күнү мааптыктар ысрайылдыктарга ошентип багынышты. Жер үстүндө сексен жыл тынчтык болду.
31Эйуттан кийин Анаттын уулу Шамгар башкаруучу болду. Ал өгүз айдаган учтуу таяк менен пелиштиликтердин алты жүз кишисин өлтүрдү. Ал да ысрайылдыктарды куткарып калган.