1Ошол күнү Дебора менен Абынаам уулу Барак төмөнкүдөй ыр ырдашты:
2«Ысрайыл кегин алды, калайык ынталуулук көрсөттү. Теңирди даңктагыла!
3Падышалар, кулак салгыла! Төрөлөр, көңүл бургула! Мен Теңирге ырдайм! Ысрайылдын Кудай-Теңирине аспап чертип ырдайм!
4Сен, Теңир, Сеирден чыкканыңда, Эдом талаасынан салтанат менен чыкканыңда, жер солкулдап, асмандан суу тамчылап, булуттар жамгыр төккөн.
5Теңирдин алдында тоолор, Ысрайылдын Кудай-Теңиринин алдында Синай тоосу солкулдаган.
6Анаттын уулу Шамгардын убагында, Жаелдин убагында жолдор ээн жаткан, мурда түз жолдор менен жүргөндөр ошол убакта айланма жолдор менен жүрүп калышкан.
7Мен, Дебора – Ысрайылдагы эне, ордуман турганга чейин, Ысрайылдын кыштактарында эч ким жашабай калган.
8Алар жаңы кудайларды тандап алышканда, дарбаза алдында согуш болду. Кырк миң ысрайылдыктын калканы менен найзасын көрдүңөр беле?
9Жүрөгүм силер менен, Ысрайыл башчылары, өз ыктыяры менен элин коргогондор! Теңирди даңктагыла!
10Ак ургаачы эшекке минип жүргөндөр, килемде отургандар, жолдо кетип бараткандар, ырдагыла!
11Кудуктардын жанына малын чогулткандар Теңирди даңктап, Ысрайыл жол башчыларын мактап ырдашсын! Ошондо Кудайдын эли дарбазаларды карай жөнөдү.
12Шаттан, Дебора! Шаттан, Дебора! Ыр ырдап, даңкта! Тур, Барак, Абынаам уулу, туткундарыңды алып бас!
13Ошондо Теңир күчтүүлөрдү аз сандагы адамдарга багынтып берген. Теңир мага эр жүрөктөрдү багынтып берген.
14Амалыктын жерине отурукташып калган эпрайымдыктар келишкен. Анын артынан Бенжемин өз эли менен келген. Эл башчылар Махирден, калем кармаганды билген катчылар Забулундан келишкен.
15Исахардын төрөлөрү Дебора менен келишти, Исахар да Барактай болуп өрөөнгө жөө түштү. Рубейин уулдарынын арасында чоң келишпестик бар.
16Малдын маараганын угуп, мал короолордо эмне отурасың? Рубейин уулдарынын арасында чоң келишпестик бар.
17Иордандын аркы өйүзүндө Гилат тынч жашап жатат, кемелери бар Дан эмнеден корксун? Ашыр деңиз жээгинде отурат, кемелер токтоочу жайдын жанында тынч жашап жатат.
18Забулун – өз жанын тобокелге салган эл, Напталы да – дөңсөөлөрдө өз жанын тобокелге салган эл.
19Падышалар келишти, салгылашышты. Ошондо Канаан падышалары Мегидо сууларынын жанындагы Танахта салгылашышты, бирок күмүш олжолоп алышкан жок.
20Асманда жылдыздар салгылашышты, өз жолдорунда Сисра менен салгылашышты.
21Аларды Кишон дарыясы, байыркы дарыя, Кишон дарыясы агызып кетти. Жаным, душмандарымдын күчүн тебеле!
22Анын күчтүүлөрү качканда, аттарынын туяктары майтарылып сынды.
23Мейроз шаарын каргагыла, – дейт Теңирдин периштеси, – анда жашагандарды каргагыла, анткени алар Теңирге жардамга келишкен жок, Теңирге жана кайраттууларга көмөк беришкен жок!
24Кейни Хебердин зайыбы Жаел, чатырларда жашаган аялдардын арасындагы ал, баталуу болсун!
25Сисра суу сураганда, ал сүт берди, төрөлөр ичкен чөйчөккө эң жакшы сүт куюп келди.
26Сол колуна казык, оң колуна темир устанын балкасын алып, Сисраны чыкыйга сайып, башын жарды.
27Ал аялдын бутуна жыгылып жатып калды, анын бутуна кулады, кулаган жеринде өлдү.
28Сисранын энеси тор терезеден карап: “Анын майдан арабасы эмнеге мынча кечигет, анын майдан арабасынын дөңгөлөктөрүнүн дабышы эмнеге угулбайт?” – деп боздойт.
29Анын кызматчы аялдарынын акылдуулары ага жооп берет, ал өзүнө өзү жооп берет:
30“Алар олжо таап алып, бөлүшүп жатышса керек, ар бир жоокерге бирден же экиден кыз тийсе керек. Олжодон Сисрага ар кыл түстүү, ичи-тышы саймаланган, туткундун жонунан сыйрылып алынган кийим тийсе керек”.
31Теңир, Сенин кас душмандарың мына ушинтип жок болсун! Теңирди сүйгөндөр болсо бардык күч-кубаты менен жаркырап чыккан күндөй болсун!» Ошентип, жер үстүндө кырк жыл тынчтык болду.