1Жеруп-Баал (Гидон) эртең менен эрте турду. Аны менен келген бүт эл стандары менен Эйин-Харот булагынын жанына жайланышты. Мидиан станы болсо түндүктү карай кеткен өрөөндөгү Аморе адырында эле.
2Теңир Гидонго мындай деди: «Сени менен келген эл өтө көп. Ысрайылдыктар Менин алдымда: “Өзүмдү өзүм куткардым”, – деп текеберденип кетпеши үчүн, мидиандыктарды Мен алардын колуна салып бербейм.
3Ошондуктан элге угуза айт: “Ким жүүнү бош, коркок болсо, Гилат тоосунан түшүп, келген жагына кетсин”». Ошондо жыйырма эки миң киши артка кайтты, он миң киши калды.
4Анан Теңир Гидонго мындай деди: «Дагы эле эл көп. Буларды сууга алып бар, ошол жерден мен сага тандап берем. Мен кимди: “Сени менен барсын”, – десем, ошол сени менен барсын, Мен кимди: “Сени менен барбашы керек”, – десем, ал барбасын».
5Ал элди сууга алып келди. Теңир Гидонго: «Сууну итке окшоп тили менен шалпып ичкендерди өзүнчө бөл, тизе бүгүп, эңкейип ичкендерди өзүнчө бөл», – деди.
6Үч жүз киши сууну кочуштап сузуп, оозу менен шалпып ичти. Калгандары сууну тизе бүгүп, эңкейип ичишти.
7Ошондо Теңир Гидонго: «Сууну шалпып ичкен үч жүз киши аркылуу Мен силерди мидиандыктардан куткарам, аларды колуңарга салып берем. Ал эми калгандары өз-өз чатырларына кайтышсын», – деди.
8Алар кеткендердин азыктары менен мүйүздөрүн алып калышты. Гидон үч жүз кишини алып калып, калган ысрайылдыктарды өз-өз чатырларына таратты. Мидиандыктардын станы төмөн жактагы өрөөндө эле.
9Ошол түнү Теңир ага мындай деди: «Тур, станга кир, Мен аны сенин колуңа салып берем.
10Эгерде жалгыз баргандан коркуп жатсаң, станга өз кызматчың Пура менен бар.
11Ошондо алардын эмне деп жатканын угасың да, карууңа күч кирип, станга киресиң». Анан ал кызматчысы Пура менен стандагы күзөттө турган аскерлерге түшүп барды.
12Мидиандыктар менен амалыктыктар жана бардык чыгыш элдери өрөөндү чегирткедей каптап калышкан эле. Төөлөрү эсепсиз, өздөрү деңиз жээгиндеги кумдай сансыз эле.
13Гидон келди. Ошондо бирөө бир кишиге көргөн түшүн айтып жатты: «Түшүмдө бир тоголок арпа нан Мидиан станын аралап, тоголонгон бойдон чатырга келип бир тийди, чатыр кулап калды; аны аласалтты, чатыр жыгылып калды».
14Экинчиси ага мындай деп жооп берди: «Бул – ысрайылдык Жааштын уулу Гидондун кылычы, андан бөлөк нерсе эмес. Кудай мидиандыктарды жана бүт станды анын колуна салып берди».
15Гидон түштү жана анын чечмеленишин угуп, Кудай-Теңирге таазим этип, станына кайтып келди да, мындай деди: «Тургула! Кудай Мидиан станын колуңарга салып берди!»
16Анан ал үч жүз кишини үч топко бөлүп, бардыгынын колдоруна мүйүздөрдү жана бош кумураларды берди, ошондой эле кумуралардын ичине салганга шам берди.
17Анан аларга мындай деди: «Мени карап, мен кылганды кылгыла. Мен алардын станына жакындаганда, эмне кылсам, силер да ошону кылгыла.
18Мен жана мени менен бараткандар мүйүздөрдү тартканда, силер да мүйүздөрдү бүт станды айланта тартып: “Теңир үчүн, Гидон үчүн!” – деп кыйкыргыла».
19Анан Гидон ортоңку күзөт убагында жүз киши менен станга келип, сакчыларды ойготуп, мүйүздөрдү тартып, колдорундагы кумураларды талкалашты.
20Ошондо үч топ мүйүздөрдү тартып, кумураларын талкалады. Алар сол колдоруна шамдарын кармап, оң колдорундагы мүйүздөрдү тартып, жер жаңырта: «Теңир үчүн, Гидон үчүн!» – деп кыйкырышты.
21Станды тегеректеген алардын ар бири өз ордунда турду. Бүт стан дүрбөлөңгө түшүп, кыйкырып, туш-тушка качып жөнөдү.
22Үч жүз киши мүйүздөрдү тартканда, Теңир мидиандыктардын бүт станын бири-бирине каршы кылыч көтөрттү. Кошуун Серейрага карай Бейт-Ашитке чейин, Табатанын жанындагы Абел-Мекеланын чек арасына чейин качты.
23Напталы, Ашыр урууларынан жана Менашенин бүт уруусунан ысрайылдыктар чакыртылды. Анан алар мидиандыктардын артынан кууп жөнөштү.
24Гидон болсо Эпрайым тоосундагылардын баарына мындай деп айттырыш үчүн, элчилерин жөнөттү: «Мидиандыктарды утурлап чыккыла да, Бейт-Бара менен Иордан дарыясынын өткөөлдөрүн бөгөп тургула». Ошондо бүткүл эпрайымдыктар чакыртылып, Бейт-Бара менен Иорданга чейинки өткөөлдөрдү бөгөп турушту.
25Алар мидиандыктардын Орейип менен Зейеп деген эки төрөсүн колго түшүрүп, Орейипти Сур-Орейипте, Зейепти Жекеп-Зейепте өлтүрүштү да, мидиандыктарды андан ары кууп жөнөштү. Орейип менен Зейептин баштарын Иордандын берки өйүзүнө, Гидонго алып келишти.