Башкаруучулар 8:1-35 KYB2004 - Bible AI

1Эпрайымдыктар Гидонго: «Мидиандыктар менен согушканы барганда, сен эмне үчүн бизди чакырган жоксуң?» – деп, аябай ачууланышты.

2Гидон аларга мындай деди: «Менин кылганымды силердин кылганыңарга салыштырып болобу? Абиезер жыйнап алган жүзүмгө караганда, Эпрайым терип алган жүзүм артык эмеспи?

3Мидиан төрөлөрү Орейип менен Зейепти Кудай силердин колуңарга салып берди. Силер кылганды мен кыла алдымбы?» Ал ушундай сөздөрдү айтканда, ага нааразы болуп жаткан эпрайымдыктар тынчып калышты.

4Гидон жана анын душманды кууп чарчаган үч жүз адамы Иордандан өтүштү.

5Анан Гидон Сукоттун тургундарына кайрылып: «Менин адамдарыма нан бергиле, алар чарчашты. Мен Мидиан падышалары Зебак менен Салмунду кууп жүрөм», – деди.

6Сукоттун төрөлөрү: «Биз сенин аскерлериңе нан бергидей, Зебак менен Салмунду колуңа түшүрүп алдың беле?» – дешти.

7Гидон: «Ушинткениңер үчүн, Зебак менен Салмунду Теңир колума салып бергенде, денеңерди чөлдүн тикенеги менен, тикендүү жыгач менен жанчыйм», – деди.

8Ал жерден ал Пенуелге барды да, анын жашоочуларына да ошол эле сөздү айтты. Ага Пенуелдин жашоочулары да Сукоттун жашоочуларындай жооп беришти.

9Ал Пенуелдин жашоочуларына да: «Жеңиш менен кайтканымда, бул мунараны талкалайм», – деди.

10Зебак менен Салмун чыгыш элдеринин кошуунундагы аман калган он беш миңге жакын аскери менен Каркордо эле. Кылычты кынынан сууруй алгандардын арасынан жүз жыйырма миң адам өлгөн.

11Гидон Нобах менен Жокпеянын чыгыш тарабындагы чатырларда жашагандардын жолу менен барып, бейкапар жаткан кошуунду талкалады.

12Зебак менен Салмун качып жөнөдү. Гидон мидиандыктардын эки падышасы Зебак менен Салмунду кууп жетип, колго түшүрүп, бүт кошуунду дүрбөлөңгө салды.

13Жааштын уулу Гидон Херес дөңсөөсүнөн, согуштан кайтып келип,

14Сукоттон бир жаш жигитти кармап алып, суракка алды. Ал Сукоттун жетимиш жети төрөсүнүн жана аксакалдарынын тизмесин жазып берди.

15Анан ал Сукоттун тургундарына келип: «Зебак менен Салмун мына! Булар үчүн мени: “Сенин алсыраган аскерлериңе нан бергидей, Зебах менен Салмунду колуңа түшүрүп алдың беле?” – деп шылдың кылгансыңар», – деди да,

16шаардын аксакалдарын, Сукоттун тургундарын, чөлдүн тикенеги менен, тикендүү жыгач менен жазалады.

17Пенуел мунарасын да талкалап, анын тургундарын да өлтүрдү.

18Анан Зебак менен Салмунга: «Силер Табордо өлтүргөн кишилердин сырткы көрүнүшү кандай эле?» – деди. Алар: «Алар сага окшош эле, ар бири падыша уулдарына окшош эле», – дешти.

19Гидон: «Алар менин бир туугандарым, менин энемдин уулдары болчу. Теңир тирүү! Аларды тирүү калтырсаңар, мен силерди өлтүрмөк эмесмин», – деди.

20Анан тун уулу Жетерге: «Тур, буларды өлтүр!» – деди. Бирок уулу жаш болгондуктан коркуп, кылычын сууруп чыккан жок.

21Ошондо Зебак менен Салмун: «Туруп, бизди өзүң өлтүр, анткени адамдын күчү өзүнө жараша болот», – деди. Гидон ордунан туруп, Зебак менен Салмунду өлтүрдү да, алардын төөлөрүнүн мойнундагы формасы жарты айдай болгон жасалгаларын чечип алды.

22Ысрайылдыктар Гидонго: «Бизди сен башкар, уулуң, уулуңдун уулу башкарсын, анткени сен бизди мидиандыктардын колунан куткарып алдың», – дешти.

23Гидон аларга: «Силерди мен да, менин уулум да башкарбайт. Силерди Теңир башкарсын», – деди.

24Гидон аларга мындай деди: «Силерден бир гана нерсе сурайм, алган олжоңордон ар бириң мага бирден сырга бергиле (Анткени душмандары ысмайылдыктар болгондуктан, аларда алтын сыргалар көп эле)».

25Алар: «Беребиз», – дешти. Кийим жайып, үстүнө ар бири өз олжосунан бирден сырга таштады.

26Мидиан падышалары кийген кочкул кызыл кийимдерди, алтын топчуларды, жасалгаларды жана алардын төөлөрүнүн мойнундагы алтын чынжырларды кошпогондо, ал сурап алган алтын сыргалардын салмагы бир миң жети жүз алтын шекел болду.

27Алардан Гидон бир эфод жасап, аны өз шаары Опрага койду. Ысрайылдыктар ага табына башташты, ал Гидонго жана анын бүт үй-бүлөсүнө жайылган тор болду.

28Ысрайыл уулдарына мидиандыктар ушинтип багынышты, алар ошондон кийин баш көтөргүс болушту. Гидондун убагында жер үстүндө кырк жыл тынчтык болду.

29Жааш уулу Жеруп-Баал үйүнө кайтты.

30Гидондун жетимиш уулу болгон, анткени анын аялдары көп эле.

31Шекемде жашаган күң аялы да уул төрөп берди. Ал анын атын Абы-Мелек койду.

32Жааштын уулу Гидон өтө карыган кезде көз жумду, анын сөөгү атасы Жааш коюлган жерге, Абиезердин Опра шаарына коюлду.

33Гидон өлгөндөн кийин, Ысрайыл уулдары кайрадан бузулуп, Баалды ээрчип, өздөрүнө Баал-Беритти кудай кылып коюп алышты.

34Ысрайыл уулдары өздөрүн курчап турган бардык кас душмандардын колунан куткарган Кудай-Теңирин унутуп коюшту.

35Ысрайылга жакшылык кылганына карабастан, Жеруп-Баалга – Гидондун үй-бүлөсүнө ырайым кылышкан жок.

icle>