Башкаруучулар 9:1-57 KYB2004 - Bible AI

1Жеруп-Баалдын уулу Абы-Мелек Шекемге барып, энесинин бир туугандарына жана бардык урук-тууганына мындай деди:

2«Шекемдин бардык тургундарына айткыла: “Силер үчүн кайсынысы жакшы: Жеруп-Баалдын жетимиш уулу башкарганы жакшыбы же бир эле адам башкарганы жакшыбы? Мен силердин өз сөөгүңөр, өз денеңер экенимди эстегиле”».

3Анын бул сөздөрүн энесинин бир туугандары Шекемдин тургундарына айтышты. «Ал биздин бир тууганыбыз эмеспи», – деп, алардын жүрөгү Абы-Мелекке бурулду.

4Алар Баал-Берит деген жасалма кудайдын үйүнөн ага жетимиш шекел күмүш алып беришти. Ал күмүштөргө Абы-Мелек бекерпоз, жеңил ойлуу адамдарды жалдап алды. Алар анын артынан ээрчишти.

5Анан ал Опрага, атасынын үйүнө келип, бир туугандарын, Жеруп-Баалдын жетимиш уулун бир таштын үстүндө өлтүрдү. Жеруп-Баалдын кенже уулу Жотам гана тирүү калды, анткени ал жашынып калган эле.

6Шекемдин бардык тургундары жана Мило үйүндөгүлөр чогулуп, Шекемге жакын эмен дарагынын түбүндө Абы-Мелекти падыша көтөрүп алышты.

7Муну Жотамга айтышканда, ал барып, Гаризим тоосунун чокусуна чыгып, аларга мындай деп катуу кыйкырды: «Шекемдин тургундары, мени уксаңар, Кудай да силерди угат!

8Өздөрүнө падыша кылып майлаш үчүн, дарактар зайтун дарагына барып: “Бизге падыша бол”, – дешти.

9Зайтун дарагы аларга: “Адамдар менен кудайларды урматтоодо колдонулган майымды таштап, дарактардын арасында сандалып жүрмөк белем?” – деди.

10Ошондо дарактар анжырга: “Сен келип, бизге падыша бол”, – дешти.

11Анжыр аларга: “Таттуу, жакшы мөмөмдү таштап, дарактардын арасында сандалып жүрмөк белем?” – деди.

12Ошондо дарактар жүзүм сабагына: “Сен келип, бизге падыша бол”, – дешти.

13Жүзүм сабагы аларга: “Адамдар менен кудайларды кубандырган ширемди таштап, дарактардын арасында сандалып жүрмөк белем?” – деди.

14Акырында бардык дарактар тикендүү бадалга: “Сен келип, бизге падыша бол”, – дешти.

15Тикендүү бадал дарактарга: “Эгерде силер, чындыгында эле, мени өзүңөргө падыша коюп жатсаңар, анда менин түбүмө көлөкөлөгүлө. Эгерде андай кылбасаңар, анда тикендүү бадалдан от чыгып, Лебанон кедрлерин өрттөп салат”, – деди.

16Кана айткылачы, Абы-Мелекти падыша коюп, силер адилеттик, акыйкаттык кылдыңарбы? Жеруп-Баалга жана анын үй-бүлөсүнө адилеттик кылдыңарбы? Анын кылган жакшылыгына жараша жооп бердиңерби?

17Менин атам силер үчүн салгылашкан, өз өмүрүн аяган эмес, силерди мидиандыктардын колунан куткарган.

18Силер болсо менин атамдын үй-бүлөсүнө каршы көтөрүлүп, атамдын жетимиш уулун бир таштын үстүндө өлтүрдүңөр. Бир тууганыңар болгону үчүн Шекемдин тургундарына атамдын күң аялынын уулу Абы-Мелекти падыша койдуңар.

19Эгерде силер Жеруп-Баалга жана анын үй-бүлөсүнө адилеттик, акыйкаттык кылган болсоңор, анда Абы-Мелектин падыша болгонуна сүйүнгүлө, ал да силер үчүн сүйүнсүн.

20Эгерде андай кылган эмес болсоңор, анда Абы-Мелектен от чыгып, Шекемдин тургундары менен Мило үйүндөгүлөрдү өрттөп кетсин же Шекемдин тургундары менен Мило үйүндөгүлөрдөн от чыгып, Абы-Мелекти өрттөп кетсин».

21Жотам бир тууганы Абы-Мелектен качып, Бейирге келди да, ошол жерде жашап калды.

22Абы-Мелек Ысрайылга үч жыл падышачылык кылды.

23Кудай Абы-Мелек менен Шекем тургундарынын ортосуна жаман рух жиберди. Ошондо Шекемдин тургундары Абы-Мелекке баш ийбей калышты.

24Жеруп-Баалдын жетимиш уулунун өчү ушинтип алынды. Алардын каны аларды өлтүргөн бир тууганы Абы-Мелектин жана бир туугандарын өлтүрүүгө жардам берип колдоп турган Шекем тургундарынын мойнуна жүктөлдү.

25Шекемдин тургундары тоолордун баштарына ага каршы буктурма коюшту, буктурмадагылар жолдон өткөн ар кимди талап-тоношту. Ошондо бул тууралуу Абы-Мелекке билдиришти.

26Шекемге бир туугандары менен Эбеданын уулу Гаал келди, алар Шекемди аралап жүрүштү. Шекемдин тургундары аларга таянышты.

27Алар талаага чыгып, жүзүм жыйнап, ширесин сыгышты да, майрам өткөрүп, өздөрүнүн кудайынын үйүнө барып, ичип-жеп, Абы-Мелекти каргашты.

28Эбеданын уулу Гаал мындай деди: «Биз ага кызмат кылгыдай, Абы-Мелек ким эле, Шекем эмне эле? Ал Жеруп-Баалдын уулу эмеспи, анын башчысы Зебул эмеспи? Ага эмнеге кызмат кылмак элек? Андан көрө Шекемдин атасы Хамордун тукумуна кызмат кылгыла.

29Бул элди колума берсе, мен Абы-Мелекти падышачылыктан түшүрүп салмакмын». Анан ал Абы-Мелекке: «Аскериңди көбөйт да, беттешүүгө чык», – деди.

30Эбеданын уулу Гаалдын бул сөзүн угуп, шаар башчысы Зебулдун каары кайнады.

31Ал Абы-Мелекке жашыруун түрдө элчилерин жиберип: «Эбеданын уулу Гаал бир туугандары менен Шекемге келип, шаарды сага каршы тукуруп жатат,

32ошондуктан жаныңдагы аскерлер менен түн ичинде туруп, талаага буктурма кой.

33Эртең менен эрте туруп, күн чыгар алдында шаарга кол сал. Ал өзүнүн аскерлери менен сени беттеп чыкканда, колуңдан келгенин кыл, аларды аяба», – деп айттырды.

34Абы-Мелек өзүнүн аскерлери менен түн ичинде туруп, төрт тобун Шекемдин жанына буктурмага койду.

35Эбеданын уулу Гаал шаардан чыгып, дарбазанын алдында турду. Абы-Мелек өз аскерлери менен буктурмадан чыкты.

36Гаал элди көрүп, Зебулга: «Эл тоолордун баштарынан түшүп келе жатат», – деди. Зебул болсо ага: «Тоолордун көлөкөсү сага эл көрүнүп жатса керек», – деди.

37Гаал дагы мындай деди: «Эл тоодон төмөн түшүп келе жатат. Бир аскер тобу Мейоненим эмен дарагына кетчү жолдон чыкты», – деди.

38Зебул ага: «“Абы-Мелекке кызмат кылгыдай, ал ким эле?” – дебедиң беле? Сен тоотпогон эл ушул. Кана эми булар менен салгылашып көр», – деди.

39Ошондо Гаал Шекем тургундарын баштап чыгып, Абы-Мелек менен салгылашты.

40Гаал качып жөнөдү, Абы-Мелек анын артынан түштү. Өлгөндөр өтө көп болуп, шаар дарбазасынын алдында өлүктөр жатты.

41Абы-Мелек Арумда калды. Зебул Гаалды жана анын бир туугандарын Шекемде жашатпай кууп чыкты.

42Эртеси эл талаага чыкты. Бул тууралуу Абы-Мелекке билдиришти.

43Ошондо ал өз элин үч топко бөлүп, талаага буктурмага койду. Ал шаардан чыгып келе жаткан элге кол салып, аларды кырып салды.

44Абы-Мелек өз топтору менен шаардын дарбазасынын жанына келип турган кезде башка эки топ талаада турган элге кол салып, аларды кырып жатты.

45Абы-Мелек шаардын эли менен ошол күнү кечке салгылашып, шаарды басып алды да, андагы элди кырып, шаарды талкалап, ага туз сээп салды.

46Муну угуп, Шекем мунарасындагылардын баары Баал-Берит бутканасынын мунарасына кирип кетишти.

47Шекем мунарасындагылардын баары чогулганын Абы-Мелекке билдиришти.

48Абы-Мелек өзүнүн бүт эли менен Салмон тоосуна чыгып, балталарын алып, дарактардын бутактарын кыйып, ийнине койду да, өзү менен келген элге мындай деди: «Менин эмне кылганымды көрдүңөрбү? Силер да тезинен мен кылганды кылгыла».

49Ошондо келген элдин баары бутактарды кыйып, Абы-Мелектин артынан көтөрүп келишти да, аларды мунаранын тегерегине ташташты. Анан бутактарга от коюп, мунараны өрттөштү. Шекем мунарасындагылардын баары өлдү, анда миңге жакын эркек жана аял бар эле.

50Анан Абы-Мелек Тейбеске барып, аны курчоого алып, басып алды.

51Шаардын ортосунда бекем мунара бар болчу. Эркектер менен аялдар, шаардын бардык эли ошол мунарага качып кирип, эшигин бекитип, үстүнө чыгып кетишти.

52Абы-Мелек мунарага келип, аны курчады. От коюп өрттөш үчүн, мунаранын эшигине келди.

53Ошол учурда бир аял Абы-Мелектин башына тегирмен ташынын сыныгын таштап жиберди, ал анын баш сөөгүн талкалап кетти.

54Абы-Мелек ошол замат курал көтөргөн жигитин чакырып: «Кылычыңды кынынан сууруп, мени өлтүрүп сал, “Аны аял өлтүрдү” деп айтышпасын», – деди. Жаш жигит аны сайып салды, ал өлдү.

55Абы-Мелектин өлгөнүн көргөн ысрайылдыктар өз жайларына тарап кетишти.

56Жетимиш бир тууганын өлтүрүп, атасына кылган кыянаттыгы үчүн, Теңир Абы-Мелекти ушундай жазалады.

57Шекемдин тургундарынын кылган бардык жамандыгын Кудай алардын өз башына салды. Жеруп-Баалдын уулу Жотамдын каргышы аларга тийди.

icle>