1Эң башында Кудай асман менен жерди жаратты.
2Жер болсо көрксүз, ээн болчу, түпсүз туңгуюкту караңгылык каптап турчу. Кудайдын Руху суу үстүндө калкып учуп жүрчү.
3Ошондо Кудай: «Жарык болсун!» – деди. Жарык пайда болду.
4Кудай жарыктын жакшы экенин көрүп, жарыкты караңгыдан ажыратты.
5Кудай жарыкты «күн», караңгыны «түн» деп атады. Кеч кирип, таң атты: биринчи күн өттү.
6Анан Кудай: «Суулардын ортосунда аба мейкиндиги болсун, ал сууну суудан бөлүп турсун», – деди.
7Ошентип, Кудай аба мейкиндигин жаратып, аба мейкиндигинин астындагы сууну аба мейкиндигинин үстүндөгү суудан бөлүп койду. Так ошондой болду.
8Кудай аба мейкиндигин «асман» деп атады. Кеч кирип, таң атты: экинчи күн өттү.
9Анан Кудай: «Асман астындагы суулар бир жерге чогулсун, кургактык пайда болсун», – деди. Так ошондой болду.
10Кудай кургактыкты «жер» деп атады, ал эми чогулган сууларды «деңиз» деп атады. Кудай мунун жакшы экенин көрдү.
11Анан Кудай: «Жер өсүмдүктөрдү, урук чачкан түрдүү чөптөрдү, уругу жер үстүндө өз түрү боюнча жемиш берген мөмөлүү дарактарды өстүрүп чыгарсын», – деди. Так ошондой болду.
12Ошондо жер өсүмдүктөрдү, урук чачкан түрдүү чөптөрдү, өз түрү боюнча жемиш берген мөмөлүү дарактарды өстүрүп чыгарды. Кудай мунун жакшы экенин көрдү.
13Кеч кирип, таң атты: үчүнчү күн өттү.
14Анан Кудай: «Күндү түндөн ажыратуу үчүн, мезгилдерди, күндөрдү, жылдарды белгилөө үчүн, асман мейкиндигинде чырактар болсун.
15Алар жерге жарык берип турушу үчүн, асман мейкиндигинде чырак болушсун», – деди. Так ошондой болду.
16Ошентип, Кудай эки чоң чыракты: күндү башкаруу үчүн чоңураак чыракты, түндү башкаруу үчүн кичирээк чыракты жана жылдыздарды жаратты.
17Кудай аларды жерге жарык бериши үчүн,
18күн менен түндү башкарышы үчүн, жарыкты караңгыдан ажыратышы үчүн, асман мейкиндигине жайгаштырды. Кудай мунун жакшы экенин көрдү.
19Кеч кирип, таң атты: төртүнчү күн өттү.
20Анан Кудай: «Суу тирүү жандыктарга толсун. Жер үстүндө, асман мейкиндигинде канаттуулар учсун», – деди.
21Ошентип, Кудай суудагы көп сандаган чоң балыктарды жана сойлоп жүрүүчү ар түрдүү жандыктарды, ар кандай канаттууларды түр-түрү менен жаратты. Кудай мунун жакшы экенин көрдү.
22Анан Кудай аларга мындай деп батасын берди: «Тукумдап көбөйгүлө, деңиз сууларын толтургула, канаттуулар да жерде көбөйүшсүн».
23Кеч кирип, таң атты: бешинчи күн өттү.
24Анан Кудай: «Жер тирүү жандыктарды: малдарды, сойлоп жүрүүчү жаныбарларды, жер жаныбарларын түр-түрү менен чыгарсын», – деди. Так ошондой болду.
25Ошентип, Кудай жер жаныбарларын түр-түрү менен, малдарды түр-түрү менен, сойлоп жүрүүчү жаныбарларды түр-түрү менен жаратты. Кудай мунун жакшы экенин көрдү.
26Анан Кудай мындай деди: «Биздин бейнебиз боюнча Өзүбүзгө окшоштуруп адам жараталы. Алар деңиздеги балыктарга, асмандагы канаттууларга, малдарга, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарларга, бүт жер үстүнө бийлик кылышсын».
27Ошентип, Кудай Өз бейнеси боюнча адам жаратты, аны Кудайдын бейнеси боюнча жаратты. Аларды эркек-аял кылып жаратты.
28Анан Кудай аларга мындай деп батасын берди: «Укумдап-тукумдагыла, жер жүзүн толтургула, жерди ээлегиле жана деңиздеги балыктарга, асмандагы канаттууларга, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү бардык жаныбарларга бийлик кылгыла».
29Анан Кудай дагы мындай деди: «Мен силерге бүт жер үстүндөгү урук чачкан ар кандай өсүмдүктөрдү, мөмөсүндө уругу бар ар кандай мөмөлүү дарактарды бердим, булар силерге азык болсун.
30Ал эми бардык жер жаныбарларына, бардык асман канаттууларына, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү ар кандай тирүү жаныбарларга бардык өсүмдүктөрдү азык кылып бердим». Так ошондой болду.
31Кудай Өзү эмнени жаратса, ошонун бардыгы абдан жакшы экенин көрдү. Кеч кирип, таң атты: алтынчы күн өттү.