Башталыш 10:1-32 KYB2004 - Bible AI

1Нухтун уулдары Шем, Хам жана Жепеттен тараган уруунун санжырасы мындай: топон суудан кийин алардан балдар төрөлдү.

2Жепеттин уулдары: Гомер, Магок, Мадай, Жабан, Тубал, Мешех жана Тирас.

3Гомердин уулдары: Ашкыназ, Рипат жана Тогарма.

4Жабандын уулдары: Элиша, Таршыш, Китим жана Доданим.

5Булардан аралдын элдери тарап, ар бири өз тили, өз уруусу, өз эли менен өз-өз жерлерине отурукташты.

6Хамдын уулдары: Куш, Мисрайим, Пут жана Канаан.

7Куштун уулдары: Себа, Хабила, Сапта, Раама жана Саптеха. Рааманын уулдары: Шеба жана Дыдан.

8Куштан дагы Нимрот төрөлдү, ал жер жүзүндөгү адамдардын эң күчтүүсү болду.

9Ал Теңирдин алдында мыкты аңчы эле, ошондон улам «Теңирдин алдында Нимроттой мыкты аңчы» деп айтылып калган.

10Башында анын падышачылыгын Шинар жериндеги Бабыл, Эрех, Акат жана Калней түзгөн.

11Нимрот ал жерден чыгып, Ашурга келип, Нинебини, Рехобот-Ирди, Келахты,

12Нинеби менен Келахтын ортосуна чоң шаар – Ресен шаарын курду.

13Мисрайимден луттуктар, Анамим, Лейабим, Наптухим,

14патрустуктар, каслухимдер келип чыккан, алардан пелиштиликтер менен капторлуктар келип чыккан.

15Канаандан төрөлгөндөр: тун уулу Сидон, Хет,

16жебустуктар, аморлуктар, гиргештиктер,

17хибиликтер, арктыктар, синиликтер,

18арбалыктар, семариликтер жана хаматиликтер. Кийинчерээк Канаан уруулары туш-тушка чачырап кеткен.

19Ошондо Канаан урууларынын чеги Сидондон тартып Герарга, Азага чейин, бул жерден Содом, Амор, Адма жана Себоимден тартып Лашага чейин болгон.

20Уруулары, тилдери, жерлери боюнча Хамдын уулдарынан тараган элдер ушулар.

21Жепеттин улуу агасы, бардык Эйбер уулдарынын атасы Шемдин да балдары болгон.

22Шемдин уулдары: Эйлам, Ашур, Арпакшат, Лут, Рам.

23Рамдын уулдары: Ус, Хул, Гетер жана Маш.

24Арпакшаттан Шелах төрөлдү, Шелахтан Эйбер төрөлдү.

25Эйберден эки уул төрөлдү. Биринин аты – Пелек, себеби анын тушунда жер бөлүндү. Анын бир тууганынын аты – Жоктан.

26Жоктандан Алмадат, Шелеп, Хатсар-Мабет, Жерах.

27Адорам, Узал, Дикла,

28Обал, Абымайыл, Шеба,

29Опир, Хабила жана Жобап төрөлдү. Булардын баары – Жоктандын уулдары.

30Булар отурукташкан жерлер Мейшадан тартып чыгыш тоосу Сыпарга чейин болгон.

31Уруулары, тилдери, жерлери боюнча Шемдин уулдарынан тараган элдер ушулар.

32Нухтун уулдарынан тараган уруулардын санжырасы ушул. Топон суудан кийин жер үстүндө алардан элдер тараган.

>