1Жер жүзүндө бир эле тил болгон, адамдар бир эле тилде сүйлөшкөн.
2Алар чыгыштан көчүп чыгып, Шинар жеринен түздүк таап, ошол жерге отурукташышты.
3Анан алар бири-бирине: «Келгиле, кыш куюп, отко бышыралы», – дешти. Алар таш ордуна кыш, акиташ ордуна жер чайырын колдонушту.
4Алар дагы: «Бүт жер жүзүнө тарап кетпешибиз үчүн, өзүбүзгө шаар жана асман тиреген мунара куралы, атыбызды чыгаралы», – дешти.
5Ошондо Теңир адам уулдары куруп жаткан шаар менен мунараны көргөнү төмөн түштү.
6Теңир мындай деди: «Мына, бир эл, бардыгынын тили бир. Булардын баштаган иши ушул. Булар кылам дегенинен кайтышпайт.
7Төмөн түшүп баралы да, бири-биринин тилин түшүнбөгүдөй кылып, ошол жерде булардын тилдерин аралаштырып салалы».
8Ошентип, Теңир аларды ал жерден бүт жер жүзүнө таратып жиберди. Ошондо алар шаар курууну токтотушту.
9Ошондон улам ага Бабыл деген ат берилди, анткени Теңир жер жүзүндөгү бардык тилдерди ошол жерде аралаштырды, Теңир аларды бүт жер бетине ошол жерден таратып жиберди.
10Шемдин санжырасы мындай: топон суу каптагандан кийин, эки жыл өткөндө, Шем жүзгө чыкканда, андан Арпакшат төрөлдү.
11Арпакшат төрөлгөндөн кийин, Шем беш жүз жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.
12Арпакшат отуз беш жашка чыкканда, андан Шелах төрөлдү.
13Шелах төрөлгөндөн кийин, Арпакшат төрт жүз үч жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.
14Шелах отуз жашка чыкканда, андан Эйбер төрөлдү.
15Эйбер төрөлгөндөн кийин, Шелах төрт жүз үч жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.
16Эйбер отуз төрт жашка чыкканда, андан Пелек төрөлдү.
17Пелек төрөлгөндөн кийин, Эйбер төрт жүз отуз жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.
18Пелек отуз жашка чыкканда, андан Рейу төрөлдү.
19Рейу төрөлгөндөн кийин, Пелек эки жүз тогуз жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.
20Рейу отуз эки жашка чыкканда, андан Серук төрөлдү.
21Серук төрөлгөндөн кийин, Рейу эки жүз жети жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.
22Серук отуз жашка чыкканда, андан Нахор төрөлдү.
23Нахор төрөлгөндөн кийин, Серук эки жүз жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.
24Нахор жыйырма тогуз жашка чыкканда, андан Терах төрөлдү.
25Терах төрөлгөндөн кийин, Нахор жүз он тогуз жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.
26Терах жетимиш жашка чыкканда, андан Ыбрам, Нахор жана Аран төрөлдү.
27Терахтын санжырасы мындай: Терахтан Ыбрам, Нахор жана Аран төрөлдү. Арандан Лот төрөлдү.
28Аран өз атасы Терах тирүү кезинде, өзү туулган жерде, каздимдердин Ур шаарында көз жумган.
29Ыбрам менен Нахор аял алышты. Ыбрамдын аялынын аты Сара, Нахордун аялынын аты Милка эле. Милка Арандын кызы болчу. Аран – Милка менен Исканын атасы.
30Саранын боюна бүтпөгөндүктөн, балдары жок эле.
31Канаан жерине баруу үчүн, Терах өз уулу Ыбрамды, Арандын уулу, небереси Лотту, өз уулу Ыбрамдын аялы, келини Сараны алып, каздимдердин Ур шаарынан чыкты. Харанга барып, ошол жерде туруп калышты.
32Терах эки жүз бешке чыгып, Харанда көз жумду.