1Теңир Ыбрамга мындай деди: «Өз жериңен, өз туугандарыңан, атаңдын үйүнөн бөлүнүп чыгып, Мен көрсөткөн жерге бар.
2Мен сенден улуу эл чыгарам, сага батамды берип, атыңды даңазалайм, сен аркылуу башкалар бата алышат.
3Сага бата бергенге Мен батамды берем, сени каргаганды Мен каргайм. Жер жүзүндөгү бүт элдер сен аркылуу бата алышат».
4Ыбрам Теңирдин айтканы боюнча жолго чыкты. Аны менен Лот да жолго чыкты. Ыбрам Харандан чыкканда, жетимиш беш жашта эле.
5Ыбрам өзү менен кошо аялы Сараны, бир тууганынын уулу Лотту, Харанда тапкан бардык мал-мүлкүн, өздөрүнүн бардык кишилерин алып, Канаанды көздөй жол тартып, Канаан жерине келди.
6Ыбрам Канаан жерин аралап өтүп, Шекем деген жерге чейин, Море деген эмен токоюна чейин келди. Ошол убакта ал жерде канаандыктар жашашчу.
7Ошондо Теңир Ыбрамга келип, мындай деди: «Бул жерди Мен сенин укум-тукумуңа берем». Ыбрам Теңир келген жерге Ага арнап курмандык чалынуучу жай курду.
8Ал жерден ал Бейтелдин чыгыш жагындагы тоого барып, ошол жерге өз чатырын тикти. Бейтел батыш тарапта, ал эми Ай чыгыш тарапта калды. Ал Теңирге курмандык чалынуучу жай куруп, Теңирдин атын чакырды.
9Анан Ыбрам жыйналып, түштүктү көздөй жолун улантты.
10Ошол өлкөдө ачарчылык болду. Ачарчылык күчөгөндүктөн, Ыбрам Мисирге жашап туруу үчүн жөнөдү.
11Ал Мисирге жакындаганда, аялы Сарага мындай деди: «Сен келишимдүү, сулуу аялсың.
12Мисирликтер сени көргөндө: “Бул – анын аялы”, – деп, мени өлтүрүп, сени тирүү калтырышат.
13Сен карындашымын дегин, сенин аркаң менен мага жакшы болсун, сенин аркаң менен тирүү калайын».
14Ыбрам Мисирге келгенде, мисирликтер Саранын абдан сулуу аял экенин көрүштү.
15Сараны фараондун төрөлөрү да көрүп, фараонго мактап барышты. Анан Сараны фараондун үйүнө алдырып келишти.
16Ошондо Саранын аркасы менен Ыбрамга жакшы болду. Ага майда жана бодо малдар, эшектер, кулдар, күңдөр, качырлар жана төөлөр берилди.
17Бирок Теңир Ыбрамдын аялы Сара үчүн фараонго жана анын үй ичине катуу ооруларды жиберди.
18Ошондо фараон Ыбрамды чакырып, мындай деди: «Бул эмне кылганың? Эмне үчүн Саранын аялың экенин айткан жоксуң?
19Эмне үчүн: “Ал менин карындашым”, – дедиң? Мен аны аялдыкка алып коё жаздадым. Мына, аялың, аны алгын да, кеткин».
20Анан фараон Ыбрам жөнүндө өзүнүн кишилерине буйрук берди. Алар аны аялы жана колунда болгон бардык мал-мүлкү менен узатып жиберишти.