Башталыш 14:1-24 KYB2004 - Bible AI

1Шинар падышасы Амрапелдин, Эласар падышасы Ариохтун, Эйлам падышасы Кедорламердин жана Гоим падышасы Тидалдын убагында мындай болду:

2алар Содом падышасы Берага, Амор падышасы Биршага, Адма падышасы Шинапка, Себоим падышасы Шемейберге жана Бела (Соар) падышасына каршы согуш ачышты.

3Алардын бардыгы азыркы Туздуу деңиз турган Соар өрөөнүнө чогулушту.

4Алар он эки жыл бою Кедорламердин алдында кулчулукта болуп, он үчүнчү жылы козголоң чыгарышты.

5Он төртүнчү жылы Кедорламер менен бирге падышалар келишти да, Аштарот-Карнайымдагы репалыктарды, Гамдагы зуздуктарды, Шабей-Кирийатайимдеги эймимдерди,

6ошондой эле өздөрүнүн Сеир тоосунда жашаган хориликтерди чөлдүн жанындагы Эл-Паранга чейин талкалашты.

7Алар ал жактан кайтып келишкенден кийин, Эйин-Мишпат булагына (Кадеш) келишип, амалыктыктардын бүт өлкөсүн жана ошондой эле Хасатсон-Тамарда жашаган аморлуктарды кыйратышты.

8Анан Содом, Амор, Адма, Себоим жана Бела падышалары Соар өрөөнүндө аларга каршы согуш ачышты,

9Эйлам падышасы Кедорламер, Гоим падышасы Тидал, Шинар падышасы Амрапел, Эласар падышасы Ариох болуп, төрт падыша бешөөнө каршы чыкты.

10Соар өрөөнүндө чайыр чуңкурлары көп эле. Содом менен Амордун падышалары качып баратып, ошол чуңкурларга түшүп кетишти. Ал эми калгандары тоолорго качып кетишти.

11Жеңгендер Содом менен Амордун бардык мал-мүлкүн жана болгон азыгын талап-тоноп кетишти.

12Содомдо жашаган Ыбрамдын иниси Лотту да мал-мүлкү менен кошо алып кетишти.

13Тирүү калгандардан бирөө келип, эврей Ыбрамга кабар берди. Ал ошол кезде Ыбрамдын шериктештери болгон Эшкол менен Анейирдин бир тууганы аморлуктардын Мамрей деген эмен токоюнун жанында жашачу.

14Ыбрам тууганынын туткунга алынганын укканда, үйүндө төрөлүп өскөн үч жүз он сегиз кулун куралдандырып, душмандарын Данга чейин кууп барды.

15Ал кулдары менен топ-топко бөлүнүп алып, аларды түн ичинде кол салып талкалады. Аларды Дамасктын түндүк жагындагы Хобага чейин кууп барды.

16Ошентип, ал өзүнүн тууганы Лотту, анын бүт мал-мүлкүн, ошондой эле аялдарды жана элди кайра алып келди.

17Ал Кедорламерди жана аны менен жүргөн падышаларды жеңип келе жатканда, «падыша өрөөнү» деп аталган Шабей өрөөнүндө Содом падышасы анын алдынан тосуп чыкты.

18Ошондо Шалем падышасы Малки-Седек нан менен шарап көтөрүп чыкты. Ал бардыгынан жогору турган Кудайдын ыйык кызмат кылуучусу эле.

19Ал Ыбрамга мындай деп батасын берди: «Бардыгынан жогору турган Кудай, асман менен жердин Эгедери Ыбрамга батасын берсин,

20душмандарыңды колуңа салып берген бардыгынан жогору турган Кудайга алкыш!» Ошондо Ыбрам ага бардык мал-мүлкүнүн ондон бир бөлүгүн берди.

21Содом падышасы Ыбрамга: «Адамдарымды бер, мал-мүлктү алып кал», – деди.

22Бирок Ыбрам Содом падышасына минтип айтты: «Сен: “Мен Ыбрамды байыттым”, – деп айтпашың үчүн, жигиттердин жегендеринен жана мени менен бирге барган кишилердин үлүшүнөн башка сенин эч нерсеңди, жибиң турмак, бут кийимиңдин боосун да албайм деп,

23бардыгынан жогору турган Кудай-Теңирге, асман менен жердин Эгедерине колумду көтөрөм.

24Анейир, Эшкол, Мамрей үчөө өз үлүштөрүн ала берсин».

>