1Бул окуялардан кийин Теңир Ыбрамга көрүнүш аркылуу мындай деди: «Коркпогун, Ыбрам, Мен сенин калканыңмын, сенин сыйлыгың абдан чоң».
2Ошондо Ыбрам мындай деди: «О, Эгедер Теңирим! Мага Сен эмне бересиң? Мен баласыз өтүп бара жатам, үй ишин башкаруучум – дамасктык ушул Элиезер.
3Сен мага тукум берген жоксуң, ошондуктан үйүмдөгү адам менин мураскорум».
4Ошондо Теңирден ага мындай сөз айтылды: «Ал сенин мураскоруң болбойт, сенин мураскоруң өзүңдөн чыккан балаң болот».
5Анан аны сыртка чыгарып, мындай деди: «Асманды карачы, эгерде жылдыздарды санай алсаң, санап чык. Сенин тукумуң ошончо болот».
6Ыбрам Теңирге ишенди. Теңир анын ишенимин ага адилдик катары эсептеди.
7Теңир Ыбрамга минтип айтты: «Бул жерди сенин ээлигиңе берүү үчүн, сени каздимдердин Ур шаарынан алып чыккан Теңир Менмин».
8Ыбрам Андан: «Эгедер Теңирим! Мен бул жерге ээ болорумду эмнеден билем?» – деп сурады.
9Теңир ага мындай деди: «Мага үч жылдык кунажын, үч жылдык эчки, үч жылдык кочкор, бактек жана жаш көгүчкөн алып кел».
10Ал алардын бардыгын алып келди да, канаттуулардан башкасын экиге бөлүп, бөлүктөрдү бири-биринин тушуна койду.
11Ошондо этке жырткыч куштар жабалактап учуп келишти, бирок Ыбрам аларды кубалап турду.
12Күн батарда Ыбрамды катуу уйку басты. Ошондо аны үрөй учурган коркунуч менен коюу караңгылык каптады.
13Ошондо Теңир Ыбрамга мындай деди: «Билип ал, сенин укум-тукумуң бөтөн жерде келгин эл болот. Аларды кул кылып, төрт жүз жыл эзишет.
14Бирок Мен аларды кул кылган элди жазалайм, ошондо алар ал жерден көп мал-мүлк менен чыгышат.
15Ал эми сен ата-бабаларың жаткан жайга тынчтык менен кетесиң, бакыбат өмүр сүрүп, көргө коюласың.
16Бул жерге алардын төртүнчү тукуму кайтып келет, анткени аморлуктардын мыйзамсыздыгы чегине жете элек».
17Күн батары менен караңгылык каптап, мештен чыккандай түтүн менен от жалыны бири-биринин тушуна коюлган бөлүктөрдүн ортосунан өттү.
18Бул күнү Теңир Ыбрам менен мындай келишим түздү: «Мен сенин укум-тукумуңа бул жерди, Мисир дарыясынан тартып улуу Эфрат дарыясына чейинки:
19кейнилердин, кеназдыктардын, кадмонитсалыктардын,
20хеттиктердин, периздиктердин, репалыктардын,
21аморлуктардын, канаандыктардын, гиргештиктердин жана жебустуктардын жерин бердим».