Башталыш 17:1-27 KYB2004 - Bible AI

1Ыбрам токсон тогуз жашка чыкканда, Теңир ага келип, мындай деди: «Мен кудуреттүү Кудаймын. Менин алдымда түз жүр, кемчиликсиз бол.

2Мен сени менен келишим түзөм, сени абдан көбөйтөм».

3Ошондо Ыбрам жүзтөмөндөп жыгылды. Кудай аны менен сүйлөшүүсүн улантып, мындай деди:

4«Сени менен түзгөн Менин келишимим – бул Мен. Сен көптөгөн элдердин атасы болосуң.

5Сенин атың мындан ары Ыбрам эмес, Ыбрайым болот, анткени Мен сени көптөгөн элдердин атасы кылам.

6Мен сенин тукумуңду абдан көбөйтүп, сенден элдерди чыгарам, сенден падышаларды чыгарам.

7Сенин, сенин тукумуңдун Кудайы Мен болом деп, Мен сени менен, сенин тукумуң менен түбөлүк келишим түзөм.

8Ошентип, сага жана сенин тукумуңа сен келгин болуп жашап жаткан Канаан жерин түбөлүккө берем, алардын Кудайы болом».

9Кудай Ыбрайымга дагы мындай деди: «Сен Менин келишимимди сакта, сенин тукумуң да муундан муунга Менин келишимимди сактасын.

10Мени менен силердин, сенин тукумуңдун, ортосунда түзүлгөн, силер сактай турган Менин келишимим бул: бардык эркектериңер сүннөткө отургузулсун.

11Сүннөткө отургузулгула, бул силер менен Менин ортомдогу келишимдин белгиси болот.

12Сенин уругуңдан чыкпаган, күмүшкө сатылып алынган, бөтөн элдик жана сенин үйүңдө туулган ар бир эркек бала төрөлгөнүнө сегиз күн болгондо сүннөткө отургузулсун. Бул муундан муунга сакталсын.

13Сенин үйүңдө төрөлгөн жана күмүшкө сатылып алынган эркек аттуулар, сөзсүз, сүннөткө отургузулууга тийиш. Ошентип, Менин келишимим силердин денеңерде түбөлүк келишим болот.

14Сүннөткө отургузулбаган эркек өз элинин арасынан жок кылынат, анткени ал Менин келишимимди бузду».

15Кудай Ыбрайымга дагы мындай деди: «Аялың Сараны Сара дебе, анын аты Саара болот.

16Мен ага батамды берем. Андан сага уул берем. Саарага батамды берем, андан элдер, элдердин падышалары чыгат».

17Ошондо Ыбрайым жүзтөмөндөп жыгылып: «Кантип эле жүзгө чыккан адамдан уул төрөлсүн? Токсон жаштагы Саара кантип эле төрөсүн?» – деп, ичинен күлдү.

18Ыбрайым Кудайга минтип айтты: «О, Сенин алдыңда Ысмайыл эле тирүү жүрсө экен!»

19Кудай мындай деди: «Сага аялың Саара өзү уул төрөп берет. Сен ага Ыскак деген ат коёсуң. Мен аны менен жана анын кийинки укум-тукуму менен түбөлүктүү келишим түзөм.

20Мен сенин Ысмайыл жөнүндө айтканыңды да уктум. Эми Мен ага батамды берип, аны кайрып келем да, абдан көп кылып көбөйтөм. Андан он эки уруу башчысы төрөлөт. Мен андан улуу эл чыгарам.

21Бирок Мен келишимимди келерки жылы ушул маалда Саара сага төрөп бере турган Ыскак менен түзөм».

22Ошондон кийин Кудай Ыбрайым менен сүйлөшүүсүн токтотуп, анын жанынан жогору көтөрүлүп кетти.

23Ыбрайым өз уулу Ысмайылды, өз үйүндө төрөлгөндөрдү, күмүшүнө сатып алгандарды, өзүнүн үйүндөгү эркек аттуулардын баарын дал ошол күнү Кудай айткандай кылып, сүннөткө отургузду.

24Сүннөткө отургузулганда, Ыбрайым токсон тогуз жашта эле.

25Ал эми анын уулу Ысмайыл сүннөткө отургузулганда, он үч жашта эле.

26Так ошол күнү Ыбрайым да, анын уулу Ысмайыл да сүннөткө отургузулду.

27Аны менен бирге анын үйүндөгү эркек аттуулардын баары, анын үйүндө төрөлгөндөр жана бөтөн уруудан күмүшкө сатылып алынгандар сүннөткө отургузулду.

>