1Теңир Мамрей деген эмен токоюнун жанында Ыбрайымга келди. Ал күн ысыкта чатырдын кире беришинде отурган.
2Ал башын көтөрүп караса, тушунда үч эркек киши турган экен. Аларды көрүп, чатырдын кире беришинен утурлай чуркап барып, аларга жерге чейин башын ийип таазим этти.
3Анан мындай деди: «Эгедерим! Эгерде мен Сенин көз алдыңда ырайым тапкан болсом, кулуңдун жанынан кыя өтпө.
4Азыр бир аз суу алып келип, бутуңарды жууп беришет. Ушул дарактын түбүндө эс алгыла.
5Мен тамак-аш алып келейин, кубаттанып алып, жолго чыккыла, анткени кулуңардын жанынан өтүп баратасыңар». Алар ага: «Айтканыңдай кыл», – дешти.
6Ошондо Ыбрайым чатырга шашып кирип, Саарага мындай деди: «Бол тезирээк, эң жакшы ундан үч сата камыр жууруп, ачыткысыз нан жасай кой».
7Анан Ыбрайым бадага чуркап барып, бир жакшы жаш музоону алып келип, уланга карматты. Улан аны даярдаганга шашты.
8Анан май, сүт, бышырылган музоо этин алып келип, алардын алдына койду. Алар тамак жеп жатышканда, өзү алардын жанында, дарактын түбүндө турду.
9Алар андан: «Аялың Саара кайда?» – деп сурашты. Ал: «Ушул жерде, чатырда», – деп жооп берди.
10Алардын бири мындай деди: «Мен келерки жылы ушул эле убакта сеникинде болом, ошондо аялың Саара уулдуу болот». Саара болсо анын артындагы чатырдын оозунда угуп турган эле.
11Ыбрайым менен Саара картайып, улгайып калышкан эле. Сааранын аялдарга мүнөздүү нерсеси токтоп калган болчу.
12Саара ичинен күлүп: «Картайып калганда, мага ушундай сооронуч болмок беле? Мырзам да кары», – деди.
13Ошондо Теңир Ыбрайымга мындай деди: «“Картайып калганымда кантип эле төрөйүн?” – деп, Саара эмне үчүн күлдү?
14Теңир үчүн кыйын нерсе барбы? Келерки жылы, айтылган мөөнөттө Мен сеникинде болом, ошондо Саара уулдуу болот».
15Саара болсо: «Мен күлгөн жокмун», – деп, мойнуна албай койду. Анткени ал коркуп кеткен эле. Бирок Ал: «Жок, сен күлдүң», – деди.
16Анан алар орундарынан турушту да, ал жерден Содомго жөнөштү. Ыбрайым аларды узатып коюу үчүн, алар менен кошо жөнөдү.
17Ошондо Теңир мындай деди: «Мен кыла турган ишимди Ыбрайымдан жашырмак белем!
18Ыбрайымдан улуу жана күчтүү эл чыгары анык. Жер жүзүндөгү бардык элдер ал аркылуу бата алышат.
19Анткени Мен аны өз уулдарына жана өзүнөн кийинки укум-тукумуна чындык жана адилеттүүлүк менен жашоону, Теңирдин жолунда жүрүүнү осуяттасын деп тандап алдым. Теңир Ыбрайымга айтканын орундатат».
20Анан Теңир мындай деди: «Содом менен Амордун күнөөсү абдан оор, алардан кордук көргөндөрдүн ыйы катуу.
21Түшүп көрөйүн, алардын кылып жаткан иштери Мага жеткен ыйчалык бекен же жокпу, билейин».
22Ошентип, алар ал жерден бурулуп, Содомго кетишти. Ыбрайым болсо дагы эле Теңирдин алдында турду.
23Анан Ыбрайым Теңирге жакын келип, мындай деди: «Кантип эле Сен адил адамды мыйзамсыз менен бирге жок кыласың?
24Балким, бул шаарда элүү адил адам бардыр? Кантип эле Сен ал жердеги элүү адил адам үчүн аларга ырайым кылбай жок кыласың?
25Мыйзамсызга эмне болсо, адилге да ошол болбошу үчүн, Сен адилди мыйзамсыз менен бирге жок кылбайсың, Сен эч качан андай кылбайсың! Бүт жер жүзүнүн Соту адилетсиз сот жүргүзмөк беле?»
26Ошондо Теңир мындай деди: «Эгерде Мен Содом шаарынан элүү адил адам тапсам, анда Мен алар үчүн ал жерге ырайым кылам».
27Ыбрайым: «Мен топурак жана күл болсом да, Эгедериме сүйлөгөнгө батындым.
28Эгерде элүү адилге бешөө жетпей калса, жетпеген беш адам үчүн Сен бүтүндөй шаарды кыйратасыңбы?» – деп сурады. Теңир ага: «Эгерде андан кырк бешти тапсам, кыйратпайм», – деп жооп берди.
29Ыбрайым Теңир менен сүйлөшүүсүн улантып: «Мүмкүн, ал жерден кырк адил адам табылар», – деди. Теңир ага: «Кырк адам үчүн да андай кылбайм», – деди.
30Ыбрайым дагы: «Менин айта турган сөзүмө Эгедерим каарданбаса экен. Мүмкүн, ал жерден отузу табылар?» – деди. Теңир ага: «Эгер отузу табылса да, андай кылбайм», – деди.
31Ыбрайым дагы: «Мен Эгедериме сүйлөгөнгө батындым. Мүмкүн, ал жерден жыйырмасы табылар?» – деди. Теңир ага: «Жыйырмасы үчүн да андай кылбайм», – деди.
32Ошондо Ыбрайым Теңирге: «Мен дагы бир жолу айтсам, Эгедерим каарданбаса экен. Мүмкүн, ал жерден ону табылар?» – деди. Теңир ага: «Ону үчүн да жок кылбайм», – деди.
33Ошондо Теңир Ыбрайым менен сүйлөшүүсүн токтотуп, анын жанынан кетти. Ыбрайым болсо өз үйүнө кайтып келди.