Башталыш 19:1-38 KYB2004 - Bible AI

1Лот Содомдун дарбазасынын жанында отурганда, жанагы эки периште кечинде Содомго келди. Лот аларды көрө коюп, тосуп алуу үчүн, ордунан туруп, жерге чейин башын ийип таазим этип, мындай деди:

2«Мырзаларым! Кулуңардын үйүнө кирип, түнөп кеткиле, бутуңарды жууп алгыла, эртең менен туруп, жолуңарды улантасыңар». Бирок алар: «Жок, биз көчөгө түнөйбүз», – дешти.

3Ал аябай өтүнүп сурангандыктан, алар аныкына бет алып, үйүнө келишти. Лот аларга сый көрсөттү, ачыткысыз нан жасады. Алар жешти.

4Алар жата электе, содомдуктардын жаш-карысы дебей, шаардын бардык тегерек-четинен келген эл үйдү тегеректеп алышты.

5Лотту чакырып, ага мындай дешти: «Сага түнөккө келген кишилер кайда? Аларды бизге чыгарып бер. Биз аларга жакындайбыз».

6Лот кире беришке чыгып, өзүнүн аркасынан эшикти бекитти.

7Анан мындай деди: «Агайын-туугандар, жамандык кылбагыла.

8Менин эркек көрө элек эки кызым бар, мен аларды чыгарып берейин, аларга каалаганыңарды кылгыла, бирок бул кишилерге тийбегиле, анткени булар менин үйүмө келишти».

9Бирок алар: «Бери кел. Карасаң муну, келгин болуп туруп соттошкусу бар! Эми биз сага аларга кылгандан да жаман кылабыз», – деп, Лотту жөөлөп, эшикти сындырмакчы болушту.

10Ошондо жанагы кишилер колдорун сунуп, Лотту үйгө тартып киргизип, эшикти бекитип салышты.

11Ал эми үйдүн кире беришиндеги адамдарды жашынан карысына чейин сокур кылып салышкандыктан, алар эшикти таба албай кыйналышты.

12Жанагы кишилер Лотко мындай дешти: «Бул жерде дагы кимиң бар? Күйөө балаң болобу, уулдарың болобу, кыздарың болобу, шаарда кимиң болбосун, бардыгын бул жерден алып чык.

13Анткени биз бул жерди жок кылабыз. Анын тургундарынан кордук көргөндөрдүн зар-муңу Теңирге жетти, Теңир аны жок кылыш үчүн, бизди жиберди».

14Ошондо Лот чыгып, болочок күйөө балдарына мындай деди: «Тургула, бул жерден чыгып кеткиле, анткени Теңир бул шаарды жок кылат». Бирок күйөө балдарына ал тамашалап жаткандай көрүндү.

15Таң атары менен периштелер: «Шаардын мыйзамсыздыктары үчүн өлүп калбашың үчүн, ордуңан туруп, аялыңды жана колуңдагы эки кызыңды алып чык», – деп, Лотту шаштыра башташты.

16Лот шашпагандыктан, жанагы кишилер Теңирдин ага болгон ырайымынан улам аны, аялын, эки кызын колдорунан алып, шаардын сыртына алып чыгышты.

17Аларды сыртка чыгаргандан кийин, алардын бири мындай деди: «Өз жаныңды сакта, артыңа кылчайып караба, бул тегеректин эч жерине токтобо, өлүп калбашың үчүн, тоого кач».

18Бирок Лот аларга мындай деди: «Жок, Эгедерим!

19Мына, Сенин кулуң Сенин алдыңда ырайым тапты, мага чоң ырайым көрсөтүп, менин өмүрүмдү сактап калдың, бирок тоого качып кете албайм, анткени кырсыкка кабылып өлүп калышым мүмкүн.

20Качып барууга мына бул шаар жакын, ал чакан шаар эмеспи. Ошол жакка качайын, чакан шаар эмеспи. Аман калам».

21Ошондо Ал ага: «Макул, сенин каалооң боюнча Мен сен айткан шаарды кыйратпайын.

22Тезирээк ошол жакка кач, анткени сен ал жакка жетмейинче, Мен эч нерсе кыла албайм», – деди. Ошондон улам ал шаар Соар деп аталып калган.

23Жер бетине күн чыкканда, Лот Соарга келди.

24Ошондо Теңир Содом менен Аморго асмандан Теңирден болгон күкүрт менен отту жамгыр кылып төктү.

25Ошентип, Теңир бул шаарларды, алардын тегерек-четин, адамдарынан тартып, өсүмдүктөрүнө чейин кыйратып салды.

26Аялы болсо Лоттун артынан келе жатып, кылчайып артын карады эле, туз мамыча болуп калды.

27Ыбрайым эртең менен эрте туруп, мурун Теңирдин алдында турган жерине жөнөдү.

28Ал Содом менен Аморго жана алардын тегерек-четине көз чаптырып караса, жерден мештин түтүнүндөй болгон түтүн көтөрүлүп жатыптыр.

29Кудай бул тегеректеги шаарларды кыйратып жатып, Ыбрайымды эстеди да, Лот жашаган шаарларды кыйратып жатканда, ал жерден Лотту алып чыкты.

30Лот Соардан чыгып, эки кызы менен бирге тоодо жашап калды, анткени ал Соарда жашагандан коркту. Ал эки кызы менен бирге үңкүрдө жашап турду.

31Ошондо эжеси сиңдисине: «Атабыз картайды. Бүт жер жүзүнүн салты боюнча жер үстүндө бизге жакындай турган адам жок.

32Ошондуктан атабызды шарапка тойгузуп, аны менен жатып, атабыздан тукум улайлы», – деди.

33Алар ошол түнү өз атасын шарапка тойгузушту. Анан эжеси кирип, өз атасы менен жатты. Атасы болсо анын качан жатып, качан туруп кеткенин билген жок.

34Эртеси күнү эжеси сиңдисине: «Мен кечээ атам менен жаттым. Бүгүн түндө да аны шарапка тойгузалы. Анан сен кирип, аны менен жат, атабыздан тукум улайлы», – деди.

35Алар бул түнү да атасын шарапка тойгузушту. Анан сиңдиси кирип, өз атасы менен жатты. Атасы болсо анын качан жатып, качан туруп кеткенин билген жок.

36Ошентип, Лоттун эки кызы тең өз атасынан кош бойлуу болуп калышты.

37Эжеси уул төрөп, атын Маап койду. Ал – ушул күнгө чейин Маап элинин атасы.

38Сиңдиси да уул төрөп, атын Бен-Ами койду. Ал – ушул күнгө чейин Амон элинин атасы.

>