Башталыш 2:1-25 KYB2004 - Bible AI

1Асман менен жер жана алардын бардык кошуундары ушундайча жаратылып бүткөн.

2Ошентип, жетинчи күнгө оогондо, Кудай Өзүнүн иштерин бүтүрдү; Өзүнүн бардык иштерин бүтүрүп, жетинчи күнү эс алды.

3Анан Кудай жетинчи күнгө батасын берип, аны ыйыктады, анткени Кудай Өзү жараткан жана жасаган бардык иштерин бүтүрүп, ошол күнү эс алды.

4Асман менен жердин жаратылуусу мындай болгон: Кудай-Теңир асман менен жерди жаратып жатканда,

5жерде эч кандай бадал жок эле, эч кандай чөп өсө элек болчу, анткени Кудай-Теңир жер бетине жамгыр жаадырган эмес, жерди иштете турган адам да жок эле.

6Бирок жерден буу көтөрүлүп, бүт жер бетин сугарып турган.

7Анан Кудай-Теңир топурактан адам жаратып, анын жүзүнө өмүр демин үйлөдү, ошондо ал тирүү жан болуп калды.

8Кудай-Теңир чыгыштагы Эйденге бак отургузуп, ал жерге Өзү жараткан адамды жайгаштырды.

9Андан кийин Кудай-Теңир топурактан көрүнүшү жакшы, жегенге жарактуу ар кандай мөмөлүү дарактарды өстүрүп чыгарды. Бактын ортосуна өмүр дарагын жана жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарак өстүрүп чыгарды.

10Эйденден бакты сугара турган дарыя агып чыкты. Ал ошол жерден төрт дарыяга бөлүндү.

11Биринин аты – Пишон, ал алтын чыккан бүт Хабила жерин айланып агат.

12Ал жердин алтыны да жакшы. Ал жерде жыпар жыттуу чайыр жана агат ташы бар.

13Экинчи дарыянын аты – Гихон, ал бүткүл Куш жерин айланып агат.

14Yчүнчү дарыянын аты – Хидекел, ал Ашурдун алдынан агып өтөт. Төртүнчү дарыя – Эфрат.

15Эйден багын иштетсин жана сактасын деп, Кудай-Теңир адамды ошол бакка жайгаштырды.

16Анан Кудай-Теңир адамга мындай деп осуят кылды: «Бактагы ар кандай дарактын жемишинен жесең болот,

17бирок жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе, анткени андан даам таткан күнү өлүп каласың».

18Анан Кудай-Теңир мындай деди: «Адамга жалгыз болуу жакшы эмес, ага ылайык жардамчыны жараталы».

19Кудай-Теңир топурактан талаа жаныбарларын, асман канаттууларын жаратып, аларды кандай атай тургандыгын көрүү үчүн, адамга алып келди. Ар кандай тирүү жанга ал кандай ат койсо, анын аты ошондой болду.

20Адам бардык малдарга: асман канаттууларына, талаа жаныбарларына ат койду, бирок ага ылайык жардамчы табылбады.

21Ошондо Кудай-Теңир адамды катуу уктатып салды. Ал уктап жатканда, анын бир кабыргасын алып, ордун эт менен жаап койду.

22Ошентип, Кудай-Теңир адамдан алынган кабыргадан аял жаратып, аны адамга алып келди.

23Ошондо адам мындай деди: «Бул – менин сөөгүмдөн чыккан сөөк, этимден чыккан эт. Ал “аял” деп аталат, анткени эркектен алынды».

24Ошондуктан адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет. Ошентип, экөө бир дене болот.

25Адам менен аялы экөө тең жылаңач эле, бирок уялышчу эмес.