Башталыш 20:1-18 KYB2004 - Bible AI

1Ыбрайым ал жерден чыгып, түштүккө келип, Кадеш менен Шурдун ортосуна жайгашып, Герар жеринде убактылуу жашап турду.

2Ыбрайым өз аялы Саараны: «Бул менин карындашым», – деди. Ошондо Герар падышасы Абы-Мелек киши жиберип, Саараны алдыртты.

3Кудай Абы-Мелекке түн ичинде түшүндө келип, ага мындай деди: «Эми сен алган бул аял үчүн өлөсүң, анткени анын күйөөсү бар».

4Абы-Мелек болсо Саарага тийген жок. Ал мындай деди: «Эгедерим! Кантип эле Сен айыпсыз элди жок кыласың?

5Ыбрайым мага: “Бул менин карындашым”, – деп, өзү айтпады беле? Саара да: “Ал менин агам”, – деген. Мен муну таза жүрөк, таза кол менен кылгам».

6Ошондо Кудай түшүндө ага мындай деди: «Сен муну таза жүрөк менен кылганыңды Мен билемин, ошондуктан сени ага тийгизбей, Мага каршы күнөө кылуудан сактап калдым.

7Аялды күйөөсүнө азыр эле кайтарып бер, анткени ал – пайгамбар, ал сен үчүн сыйынсын, ошондо сен тирүү каласың. Эгерде кайтарып бербесең, анда билип кой, сен бардык адамдарың менен кошо, сөзсүз, өлөсүң».

8Ошондо Абы-Мелек эртең менен эрте туруп, өзүнүн бардык кулдарын чакырып алып, бул сөздөрдүн бардыгын аларга угуза айтып берди. Алар абдан коркуп кетишти.

9Анан Абы-Мелек Ыбрайымды чакырып алып, ага: «Эмне үчүн сен бизге мындай кылдың? Мага жана менин падышачылыгыма чоң күнөө келтиргидей, сага эмне күнөө кылдым эле? Сен туура эмес иш кылдың.

10Сен бул ишти кандай ой менен кылдың эле?» – деди.

11Ыбрайым мындай жооп берди: «Бул жерде Кудайдан коркуу жок болгондуктан, мени аялымдын айынан өлтүрүп коюшат деп ойлодум.

12Ал, чын эле, менин карындашым. Экөөбүз аталаш бир тууганбыз, энебиз башка. Азыр болсо ал менин аялым.

13Кудай мени атамдын үйүнөн жер кезүүгө алып чыкканда, мен ага: “Мага ырайым кылып, кайсы жерге келсек да, бардык жерде сен мени: 'Бул менин агам' де”, – деп айткан элем».

14Ошондо Абы-Мелек Ыбрайымга майда жана бодо мал, кулдарды жана күңдөрдү берди. Аялы Саараны да ага кайра берди.

15Анан Абы-Мелек мындай деди: «Мына, менин жерим сенин алдыңда. Каалаган жериңде жаша».

16Саарага да мындай деди: «Мына, мен бир тууган агаңа миң күмүш шекел бердим. Бул сенин бүт элдин алдында ак экениңди билдирет, сен бардыгынын алдында акталдың».

17Анан Ыбрайым Кудайга сыйынды. Ошондо Кудай Абы-Мелекти, анын аялын, күңдөрүн сакайтты, алар төрөй башташты.

18Анткени Теңир Ыбрайымдын аялы Саара үчүн Абы-Мелектин үйүндөгү бардык аялдарды төрөбөс кылып салган эле.

>