Башталыш 21:1-34 KYB2004 - Bible AI

1Теңир Өзү айтканындай, Саарага назарын салып, ага айткан сөзүн аткарды.

2Сааранын боюна бүтүп, Кудай айткан мезгилде, Ыбрайым картайган кезде, ага уул төрөп берди.

3Ыбрайым өзүнүн Саарадан төрөлгөн уулуна Ыскак деген ат койду.

4Кудай ага осуяттагандай, сегизинчи күнү Ыбрайым өз уулу Ыскакты сүннөткө отургузду.

5Уулу Ыскак төрөлгөндө, Ыбрайым жүз жашта эле.

6Ошондо Саара: «Кудай мени күлкү кылды. Мен жөнүндө ким укса да, күлөт го.

7“Саара бала эмизет”, – деп, Ыбрайымга ким айтмак? Бирок ал карыган кезде мен ага уул төрөп бердим», – деди.

8Бала чоңоюп, эмчектен чыгарылды. Ыскак эмчектен чыгарылган күнү Ыбрайым чоң той берди.

9Саара мисирлик Ажардын Ыбрайымга төрөп берген уулунун Ыскакты шылдыңдап жатканын көрүп калып,

10Ыбрайымга мындай деди: «Бул күңдү уулу менен кошо кууп чык, анткени анын уулу менин уулум Ыскак менен бирге мураскор болбойт».

11Ысмайыл жөнүндө айтылган бул сөз Ыбрайымга катуу тийди.

12Бирок Кудай Ыбрайымга: «Уулуң менен күңүң үчүн кайгырба. Сааранын айтканынын баарын кыл, анын тилин ал, анткени сенин тукумуң Ыскактан тарайт.

13Күңүңдүн уулунан да Мен эл жаратам, анткени ал сенин уулуң», – деди.

14Ыбрайым эртең менен эрте туруп, тамак-аш жана бир чанач суу алып, Ажардын ийнине артып, баласын колуна берип, аны коё берди. Ажар кетип бара жатып, Бейер-Шеба чөлүндө адашып калды.

15Чаначта суу калбай калгандыктан, баласын бадалдын түбүнө калтырып,

16жаа жебеси жеткидей, алыс барып отурду да: «Баланын өлгөнүн көргүм келбейт», – деп, анын каршысында отуруп алып, боздоп ыйлады.

17Кудай баланын үнүн укту. Ошондо асмандан Кудайдын периштеси Ажарды чакырып: «Ажар, сага эмне болду? Коркпо, Кудай баланын үнүн жаткан жеринен укту.

18Ордуңан туруп, баланы тургузуп, колунан ал, анткени Мен андан улуу эл чыгарам», – деди.

19Кудай Ажардын көзүн ачты, ошондо ал суусу бар кудукту көрдү. Анан ал барып, чаначка толтура суу алып келип, балага ичирди.

20Кудай бала менен болду. Ал чоңоюп, чөлдө жашап калды. Жаа тарткан мергенчи болду.

21Ал Паран чөлүндө жашады. Энеси ага Мисир жеринен аял алып берди.

22Ошол убакта мындай окуя болду: Абы-Мелек өзүнүн аскер башчысы Пихол менен келип, Ыбрайымга: «Эмне кылсаң да, бардык иште Кудай сени менен экен.

23Сен азыр ушул жерде мага: “Сени да, уулуңду да, небереңди да таарынтпайм”, – деп, Кудай менен ант бер. Мен сага кандай жакшылык кылсам, сен да мага жана өзүң жашап турган жерге ошондой жакшылык кыл», – деди.

24Ошондо Ыбрайым: «Ант берем», – деди.

25Анан Ыбрайым Абы-Мелектин кулдары суусу бар кудукту тартып алганы үчүн, Абы-Мелекти жемеледи.

26Абы-Мелек болсо: «Муну ким кылганын билбеймин, сен да мага айткан эмессиң. Мен ал жөнүндө ушуга чейин уккан эмесмин», – деди.

27Ошондо Ыбрайым майда жана бодо малдан алып, Абы-Мелекке берди. Ошентип, экөө тынчтык келишимин түзүштү.

28Ыбрайым майда малдан жети козуну өзгөчө бөлүп койду.

29Абы-Мелек болсо Ыбрайымдан: «Жети козуну бул жерге өзүнчө бөлүп койгонуң эмнең?» – деп сурады.

30Ал ага: «Бул жети козуну менин колумдан ал, кудукту мен казганыма булар күбө болсун», – деп жооп берди.

31Ошондуктан ал бул жерди Бейер-Шеба деп атады, анткени бул жерде экөө антташты.

32Ошентип, Бейер-Шебада тынчтык келишими түзүлдү. Абы-Мелек менен аскер башчысы Пихол Пелишти жерине кайтышты.

33Ыбрайым Бейер-Шебанын жанына токойчо отургузуп, ал жерде түбөлүктүү Кудай-Теңирдин атын чакырды.

34Ошентип, Ыбрайым Пелишти жеринде келгин болуп, көп жыл жашады.

>