Башталыш 22:1-24 KYB2004 - Bible AI

1Ушул окуялардан кийин Кудай Ыбрайымды сынады. Ал ага: «Ыбрайым!» – деди. Ыбрайым болсо: «Мына мен», – деди.

2Ошондо Кудай мындай деди: «Жакшы көргөн жалгыз уулуң Ыскакты алып, Мориа жерине бар. Мен сага ал жердеги тоолордун бирин айтам, ошол жерде аны бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чал».

3Ыбрайым эртең менен эрте туруп, эшегин токуп, өзү менен кошо малай балдарынан экөөнү жана уулу Ыскакты алып, жолго чыкты. Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык үчүн отун жарып алып, Кудай айткан жерге барды.

4Yчүнчү күнү Ыбрайым көз чаптырып, алыстан ал жерди көрдү.

5Анан Ыбрайым малай балдарына: «Силер бул жерде эшек менен калгыла. Ал эми уулум экөөбүз тигил жакка барып, сыйынып, анан силерге кайтып келебиз», – деди.

6Ыбрайым бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка дайындалган отунду уулу Ыскактын жонуна артып, колуна от менен бычак алды. Анан экөө бирге жөнөдү.

7Ошондо Ыскак атасы Ыбрайымга: «Ата!» – деди. Ал: «Мына мен, уулум», – деди. Ыскак: «От менен отун мына, ал эми бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалынуучу козу кана?» – деп сурады.

8Ыбрайым ага: «Уулум, Кудай Өзүнө чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка козуну Өзү караштырат», – деп жооп берди. Алар андан ары жөнөштү.

9Ошентип, алар Кудай айткан жерге келишти. Ыбрайым ал жерге курмандык чалынуучу жай куруп, отундарды коюп, өз уулу Ыскакты байлап, аны курмандык чалынуучу жайга, отундардын үстүнө жаткырды.

10Анан Ыбрайым өз уулун мууздаш үчүн колун сунуп, бычагын алды.

11Бирок асмандан Теңирдин периштеси: «Ыбрайым! Ыбрайым!» – деп чакырды. Ал: «Мына мен», – деди.

12Периште ага: «Балаңа кол көтөрбө, ага эч нерсе кылба, анткени Мен эми сенин Кудайдан коркоруңду, Мен үчүн жалгыз уулуңду да аябаганыңды билдим», – деди.

13Ыбрайым көз чаптырып караса, артында мүйүзү калың бадалга илинип калган бир кочкор турган экен. Ыбрайым басып барып, ал кочкорду алып, уулунун ордуна бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалды.

14Анан Ыбрайым ошол жердин атын Жахаба-ире деп атады. Ошондон улам «Жахаба тоосунда караштырылат» деген сөз айтылып калган.

15Теңирдин периштеси асмандан Ыбрайымды экинчи ирет чакырып, мындай деди:

16«Өзүңдүн жалгыз уулуңду аябастан, ушул ишти кылганың үчүн, Өзүм менен ант берем, – дейт Теңир.

17Эми Мен сени алкагандан алкайм, сенин тукумуңду асмандагы жылдыздардай, деңиз жээгиндеги кумдай көбөйткөндөн көбөйтөм. Сенин тукумуң өз душмандарынын шаарларын ээлеп алат.

18Менин тилимди алганың үчүн, сенин тукумуң аркылуу бүт жер жүзүнүн элдери бата алышат».

19Анан Ыбрайым малай балдарына кайтып келип, алар менен бирге Бейер-Шебага жөнөдү. Ыбрайым Бейер-Шебада жашап турду.

20Бул окуялардан кийин Ыбрайымга мындай кабар айтылды: «Милка да сенин бир тууганың Нахорго бул уулдарды төрөп берди:

21тун баласы Усту, анын бир тууганы Бузду, Арамдын атасы Кемуелди,

22Кесетти, Хазону, Пилдашты, Жидлапты жана Бетуелди.

23Бетуелден Ребека төрөлдү. Ушул сегизин тең Ыбрайымдын бир тууганы Нахорго Милка төрөп берди.

24Рейум аттуу күң аялы да Тебахты, Гахамды, Тахашты жана Мааханы төрөдү».

>