1Ыбрайымдын жашы өтүп, карып калган. Теңир Ыбрайымга бардык жагынан батасын берди.
2Ыбрайым үй ишин башкарган кулуна мындай деди: «Колуңду менин саныма коюп туруп,
3уулума мен жашап жаткан Канаан жеринин кыздарынан аял алып бербейм деп, асман-жердин Кудайы болгон Теңир менен ант бер.
4Менин жериме, менин мекениме барып, уулум Ыскакка аял алып келесиң».
5Ошондо кулу ага мындай деди: «Эгерде ал аял бул жерге мени менен келгиси келбесечи? Анда уулуңду туулган жериңе кайра жиберишим керекпи?»
6Ыбрайым ага: «Байкагын, уулумду ал жакка кайра жибербе.
7Мени атамдын үйүнөн, туулган жеримден алып чыгып, мага: “Бул жерди сенин тукумуңа берем”, – деп убада кылган асман Кудай-Теңири сенин алдыңан Өз периштесин жиберет, ошондо сен ал жерден уулума аял алып келесиң.
8Эгерде аял сени менен келүүнү каалабаса, анда мага берген антыңдан кутуласың, бирок уулумду ал жакка кайра жибербе», – деди.
9Ошондо кулу колун мырзасы Ыбрайымдын санына коюп, ошентип ант берди.
10Анан кулу өз мырзасынын төөлөрүнөн он төө алып, жөнөп кетти. Анын колунда мырзасынын ар кандай асыл буюмдары да бар эле. Ал туруп, Месопотамияга, Нахордун шаарына жөнөдү.
11Ал шаардын сыртындагы кудуктун жанына кечке маал, аялдар суу алууга чыга турган мезгилде төөлөрүн чөктүрдү.
12Анан ал: «Теңирим, Ыбрайым мырзамдын Кудайы! Ал кызды мага бүгүн жолуктура көр, менин мырзам Ыбрайымга ырайым кыла көр.
13Мына, мен кудуктун жанында турам, шаардын кыздары суу сузуп алганы келе жатышат.
14Мен кайсы кызга: “Кумураңды эңкейтчи, суу ичип алайын”, – десем, ал: “Ич, төөлөрүңдү да сугарып берем”, – десе, анда ошол кыз Сен Өз кулуң Ыскакка дайындаган кыз экенин жана Сен менин мырзама ырайым кылганыңды билем», – деди.
15Ал айтып бүтө электе эле, Ыбрайымдын бир тууганы Нахордун аялы Милка төрөгөн Бетуелдин кызы Ребека ийнине кумурасын көтөрүп, кудуктун жанына келди.
16Кыз чырайлуу, эркек көрө элек кыз эле. Ал кудукка келип, кумурасын толтуруп алып, өйдө көздөй жөнөдү.
17Ошондо кул кыздын астынан чуркап чыгып: «Кумураңдан кичине суу ичирчи», – деди.
18Кыз: «Ич, мырзам», – деди да, ошол замат кумурасын ийнинен түшүрүп, колуна алып, ага суу ичирди.
19Кыз ага суу ичиргенден кийин: «Төөлөрүңдүн да суусуну кангыча сузуп келип берейин», – деди.
20Анан ал ошол замат кумурасындагы сууну аштоого куя салып, кудукка кайра чуркап барып, анын бүт төөлөрүнө суу сузуп берди.
21Жолуна Теңир батасын берген-бербегенин билгиси келгендиктен, ал киши унчукпай, кызды таң кала карап турду.
22Төөлөр суу ичип бүткөндөн кийин, ал киши салмагы жарым шекел алтын болгон шакекти жана салмагы он шекел алтын болгон эки билерикти алып чыгып, мындай деп сурады:
23«Кимдин кызысың? Айтчы мага, атаңдын үйүндө биз түнөгөнгө орун барбы?»
24Кыз ага: «Нахор менен Милканын уулу Бетуелдин кызымын», – деп жооп берди.
25Анан дагы мындай деди: «Бизде жем-чөп көп. Түнөгөнгө да орун бар».
26Ошондо ал киши башын ийип таазим кылып, Теңирге табынып, мындай деди:
27«Мырзам Ыбрайымдын Кудай-Теңирине алкыш! Ал менин мырзамды Өзүнүн ырайымы менен акыйкатынан куру калтырбаптыр! Теңир мени түз эле мырзамдын бир тууганынын үйүнө алып келди».
28Кыз чуркап барып, муну энесинин үйүндөгүлөрүнө айтты.
29Ребеканын Лабан деген бир тууган агасы бар эле. Лабан кудукту көздөй жанагы кишиге чуркап чыкты.
30Ал карындашынын колуна салынган шакеги менен билериктерин көрүп жана карындашы Ребеканын «Бул киши мени менен ушинтип сүйлөштү» дегенин угуп, ал кишиге келсе, ал кудуктун жанында төөлөрү менен турган экен.
31Ошондо Лабан ага: «Теңир батасын берген адам, үйгө кир. Эмнеге сыртта турасың? Мен сага үй, төөлөрүңө жай камдап койдум», – деди.
32Ал киши үйгө кирди. Лабан төөлөрдү жайдактап, алардын алдына жем-чөп салып, ага жана аны менен бирге келгендерге буттарын жууганга суу берди.
33Анын алдына тамак коюшту, бирок ал: «Өз ишимдин жөнүн айтмайын жебеймин», – деди. Алар: «Айт», – дешти.
34Ошондо ал: «Мен Ыбрайымдын кулумун.
35Теңир менин мырзама батасын мол бергендиктен, ал бай адам болду. Ал ага кой да, өгүз да, күмүш да, алтын да, кул да, күң да, төө да, эшек да берди.
36Мырзамдын аялы Саара картайып калганда, ага уул төрөп берди. Мырзам уулуна өзүндө болгондун баарын берди.
37Анан мырзам менден: “Уулума мен жашап жаткан жердеги Канаан кыздарынан аял алып бербе,
38атамдын элине, менин туугандарыма барып, уулума аял алып келесиң”, – деп, ант алды.
39Мен мырзама: “Эгерде ал кыз мени менен келбесечи?” – десем,
40ал мага: “Мен табынган Теңир сени менен Өз периштесин жиберип, жолуңду ачат, анан сен менин уулума туугандарымдан, атамдын элинен аял алып келесиң.
41Сен менин туугандарымдыкына барып келгенден кийин, менин антымдан кутуласың. Эгерде алар беришпесе, анда да антымдан кутуласың”, – деген.
42Мен бүгүн кудукка келип: “Теңирим, мырзам Ыбрайымдын Кудайы! Эгерде Сен менин жолумду ачкан болсоң,
43анда мына, мен кудуктун жанында турам. Суу алганы келген кызга: "Кумураңдан кичине суу ичирчи", – дейм.
44Ошондо ал мага: "Сен да ич, төөлөрүңө да сузуп берейин", – десе, анда мырзамдын уулуна Теңир белгилеп койгон кыз ошол”, – дедим.
45Ичимден Кудайга ушинтип айтып бүтө электе эле, Ребека келди. Анын ийнинде кумурасы бар экен. Ал кудукка келип, суу сузуп алды. Ошондо мен ага: “Мага сууңдан берчи”, – дедим.
46Ал ошол замат кумурасын ийнинен түшүрүп: “Ич, төөлөрүңө да сузуп берейин”, – деди. Мага да берди, төөлөрүмдү да сугарды.
47Мен андан: “Кимдин кызысың?” – деп сурадым. Ал: “Нахор менен Милканын уулу Бетуелдин кызымын”, – деп жооп берди. Ошондо мен ага шакек менен билериктерди бердим.
48Анан мен Теңирге башымды ийип таазим этип, мырзам Ыбрайымдын Кудай-Теңирине алкыш айттым. Ал менин мырзамдын уулуна бир тууганынын кызын алып берүү үчүн, мени түз алып келди.
49Менин мырзама ырайым жана акыйкаттык кылайын деген оюңар бар же жок экенин мага азыр эле айткыла? Айткыла, анан мен оңго же солго бурулуп кетейин».
50Ошондо Лабан менен Бетуел: «Бул иш Теңирден. Биз сага жакшы да, жаман да айта албайбыз.
51Мына, Ребека алдыңда турат. Аны алып, жолго чык. Теңир айткандай, ал мырзаңдын уулунун аялы болсун», – деп жооп беришти.
52Ыбрайымдын кулу алардын сөзүн укканда, Теңирге жерге чейин башын ийип таазим этти.
53Анан ал кул алтын-күмүш буюмдарды, кийимдерди алып чыгып, Ребекага берди. Агасы менен энесине да кымбат баалуу белектерди берди.
54Ошентип, ал жанындагы кишилери менен конок болуп, түнөп калды. Алар эртең менен турушканда, кул аларга: «Эми мени мырзама коё бергиле», – деди.
55Бирок кыздын бир тууганы менен энеси: «Кызыбыз биз менен, жок дегенде, он чакты күн болсун. Андан кийин жөнөйсүң», – дешти.
56Бирок ал: «Мени кармабагыла, анткени Теңир менин жолумду ачкан. Мени коё бергиле, мырзама барайын», – деди.
57Алар: «Кызды чакырып сурайлы, ал эмне дээр экен», – дешти.
58Ребеканы чакырып, андан: «Бул киши менен барасыңбы?» – деп сурашты. Кыз: «Барам», – деп жооп берди.
59Ошондо алар өздөрүнүн карындашы Ребеканы, анын эмчек энесин, Ыбрайымдын кулун, анын жанындагы кишилерди коё беришти.
60Алар Ребекага: «Биздин карындашыбыз! Сенден миң-миңдеген тукум төрөлүп, укум-тукумуң душмандарыңдын турак жайларын ээлесин!» – деп батасын беришти.
61Анан Ребека жана анын кызматчысы ордуларынан туруп, төөлөргө минип, тиги кишинин артынан жөнөштү. Ошентип, Ыбрайымдын кулу Ребеканы алып, жөнөп кетти.
62Ыскак болсо Бейир-Лакай-Ройиге келди, анткени ал түштүк жеринде жашап жаткан.
63Кеч киргенде, Ыскак сыйынганы талаага чыгып, көз чаптырып караса, төөлөр келе жатыптыр.
64Ребека Ыскакты көрө коюп, төөдөн түшүп, кулдан:
65«Бизди талаада тосуп келе жаткан ким?» – деп сурады. «Ал менин мырзам», – деп жооп берди кул. Ошондо Ребека чүмбөттү алып, жамына калды.
66Кул Ыскакка эмне кылганынын баарын айтып берди.
67Ыскак кызды энеси Сааранын чатырына алып кирди. Ал Ребеканы алды, ал анын аялы болуп калды, ал кызды сүйүп калды. Ошентип, Ыскак энесинин күйүтүнөн сооронду.