1Ыбрайым Кетура деген аялды да алды.
2Ал аялы ага Зимранды, Жокшанды, Мыданды, Мидианды, Ишпакты жана Шубахты төрөп берди.
3Жокшандан Шеба менен Дедан төрөлдү. Дедандан ашурлар, летуштар, лумдар төрөлдү.
4Мидиандын уулдары: Эйпа, Эйпер, Ханох, Абида жана Элдаа. Булардын баары – Кетуранын уулдары.
5Ыбрайым өзүндө болгондун бардыгын Ыскакка берди.
6Ал эми күң аялдарынан төрөлгөн уулдарына белек берип, уулу Ыскактан бөлүп, көзүнүн тирүүсүндө эле чыгышка, чыгыш жерине жөнөтүп жиберди.
7Ыбрайым жүз жетимиш беш жыл жашады.
8Анан ал көз жумду. Ал бакыбат өмүр сүрүп, абдан карып, өмүргө тоюп, өз элине кошулду.
9Уулдары Ыскак менен Ысмайыл аны Мамрейдин каршысындагы хеттик Сохар уулу Эпрондун талаасындагы Махпел үңкүрүнө коюшту.
10Ал талааны Ыбрайым Хеттин уулдарынан сатып алган. Ошентип, ал жерге Ыбрайым менен аялы Саара коюлду.
11Ыбрайым көз жумгандан кийин, Кудай анын уулу Ыскакка батасын берди. Ыскак Бейир-Лакай-Ройинин жанында жашап турду.
12Сааранын күңү мисирлик Ажардан төрөлгөн, Ыбрайымдын уулу Ысмайылдын санжырасы мындай:
13Ысмайылдын уулдарынан тараган уруулардын аттары мына булар: Ысмайылдын туну – Ныбайот, андан кийин Кейдар, Адбаел, Мипсам,
14Мишма, Дума, Маса,
15Хадат, Тейма, Жетур, Напиш жана Кедма.
16Булар – Ысмайылдын уулдары, булар – алардын отурукташкан айыл-кыштактарынын, конуштарынын аттары. Булар – алардын он эки уруусунун башчылары.
17Ысмайыл жүз отуз жети жыл өмүр сүрүп, көз жумуп, өз элине кошулду.
18Алар Ашурга бараткан жолдогу, Мисирдин алдындагы Хабиладан тартып Шурга чейинки жерлерде жашашкан. Алар бардык бир туугандарынын жанына отурукташышкан.
19Ыбрайымдын уулу Ыскактын санжырасы мындай: Ыбрайымдан Ыскак төрөлгөн.
20Ыскак Месопотамиядагы арамейлик Лабандын карындашы, арамейлик Бетуелдин кызы Ребеканы алганда, кырк жашта эле.
21Ыскак Теңирге өз аялы жөнүндө сыйынды, анткени ал согончогу канабаган аял эле. Теңир аны угуп, аялы Ребеканын боюна бүттү.
22Курсагында жаткан балдары тепкилеше баштаганда, ал мындай деди: «Эгер мындай боло турган болсо, анда мага жашоонун эмне кереги бар?» Анан Теңирден сураганы кетти.
23Теңир ага мындай деди: «Курсагыңда эки уруу эл жатат, курсагыңдан эки башка эл чыгат. Бири экинчисинен күчтүү болот, улуусу кичүүсүнө кызмат кылат».
24Анын төрөр маалы келип төрөгөндө, курсагындагысы эгиз болуп чыкты.
25Биринчиси теридей түктүү, кызыл болуп төрөлдү. Анын атын Эйсап коюшту.
26Андан кийин анын бир тууганы чыкты. Ал Эйсаптын согончогун кармай чыкты. Анын атын Жакып коюшту. Алар төрөлгөндө, Ыскак алтымыш жашта эле.
27Балдар чоңоюшту. Эйсап мыкты аңчылык кылган талаа адамы болду. Ал эми Жакып чатырда жашаган, момун адам болду.
28Ыскак Эйсапты жакшы көрчү, анткени илбээсиндин эти анын табити тарткан тамагы эле. Ребека болсо Жакыпты жакшы көрчү.
29Жакып тамак бышырды, Эйсап болсо талаадан чарчап келди.
30Анан Эйсап Жакыпка мындай деди: «Мага кызылынан, мына бул кызылынан жегенге берчи, анткени мен чарчадым». Ушундан улам ал Эдом деген атка конду.
31Бирок Жакып: «Анда мага азыр тунгучтугуңду сат», – деди.
32«Ачкадан өлүп баратам, мага тунгучтуктун эмне кереги бар?» – деди Эйсап.
33Жакып ага: «Азыр эле мага ант бер», – деди. Ошондо Эйсап Жакыпка ант берип, ага өзүнүн тунгучтугун сатты.
34Ошондон кийин Жакып Эйсапка нан коюп, жасмыктан жасалган тамак берди. Ал жеп-ичип, ордунан туруп кетти. Эйсап өзүнүн тунгучтугун баалаган жок.